Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:13

Айдоочунун күбөлүгү эки эсе кымбаттады


Кыргызстанда айдоочуларга жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Анын баасы мурдагыдан эки эсе кымбат.

Айрым депутаттар бул жерде кимдир бирөөлөр акча жасап жатканын белгилөөдө.


Жаңы күбөлүктүн эскисинен кандай айырмасы бар?


Айдоочунун жаңы күбөлүгүн жасоо “Атлас крипт” аттуу компанияга тапшырылган. Расмий маалыматтар боюнча, бул фирма атайын өткөрүлгөн тендерде жеңишке жетип, айдоочулардын күбөлүгүн жасоо укугуна ээ болгон. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Алмазбек Атамбаев быйылкы жылдын март айында кол койгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков “Атлас крипт” күбөлүктү жасоо укугун тендерсиз жеңип алган деп шектенип, баасы
кымбат болуп жатканын билдирди:

- Баасы бир аз кымбат болуп жатат. Бир жарым миң сомго барып калып атат. Бул боюнча да нааразычылыктар чыгууда.

Депутат бул маселени иликтөөгө киришип жатканын кошумчалады.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочуларды каттоо департаментинин башчысы Абдыбек Дүйшөналиев эки фирманын катышуусу менен тендер өткөрүлгөнүн белгиледи:

- Үч фирма келген. Анан тендерге киргенде бир фирма келбей калды. Эки фирма катышты. Бул кагаздар боюнча Башкы прокуратура, Эсеп палатасы текшерүүлөрдү өткөргөн. Бардык тараптан текшерилип бүткөн.

Бирок айдоочуга берилчү күбөлүк чындыгында эки эсеге кымбаттаган. Муну Мамлекеттик каттоо кызматы күбөлүктүн эл аралык стандарттарга туура келиши менен түшүндүрүүдө.

Азыркы кезде жаңы күбөлүк 12 евро турат. Мурунку “Ала-Бел” фирмасы жасаган күбөлүк 7.5 доллар турчу. Евро жана доллардын курстук айырмачылыктарын эске алганда кымбаттоо эки эседен ашык болгону айкын. Эгерде эски күбөлүк үчүн кыргызстандык айдоочу 343 сом төлөп келген болсо, жаңы күбөлүк үчүн 760 сом төлөйт.

“Атлас крипт” Швейцариядан келген компания катары аталып, анын жаңы, заманбап жабдуулары бар экендиги айтылууда. Ал эми “Ала- Бел” компаниясынын жабдуулары эскирип, күбөлүктөрдү талаптагыдай сапатта жасабай калган дейт, Абдыбек Дүйшөналиев:

- Эгерде эски күбөлүктө беш категория көрсөтүлсө, жаңы күбөлүктө 13 категория коюлат. Мына ушунусу менен бул күбөлүк Жол кыймылы боюнча эл аралык Вена конвенциясына туура келет.


Жаңы күбөлүк паспорттон дээрлик эки эсе кымбат


Кыргызстанда бир паспорттун баасы айдоочунун жаңы күбөлүгүнө караганда алда канча арзан болот. Маселен, ID картанын баасы 3 евронун тегереги болсо, чет өлкөгө чыгууга укук берүүчү паспорттун баасы 8 евродон ашык турат.

Айрым маалыматтарга караганда, бир күбөлүктү жасоонун өздүк баасы 1 доллар турат. Демек, күбөлүк жасоочулар бир миллион даана эле
күбөлүк жасашса, 11 млн.евронун тегерегинде пайда көрүшөт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү Нарынбек Молдобаев айдоочунун күбөлүгүн жасоодо “бизнес” жүрүп жатканын белгилеп, күбөлүк паспорттон кымбат болбош керек дейт:

- Мен ойлоймун, кымбат болууга мүмкүн эмес. Ошол эле паспорт менен мисалы үчүн биз чет өлкөгө барабыз, ошол эле айдоочунун күбөлүгү менен чет өлкөдө жүрсө болот. Бирок ошончолук кымбат болбош керек. Туура эмес. Мунун баары акча жасоонун көп жолдорунун бири.

Депутат ошондой эле автоунаалардын номерлерин жасап сатууда да терс көрүнүштөр бардыгын кошумчалады. Молдобаевдин айтымында, автоунаанын номеринин өздүк баасы 300-400 сом болсо, ал 1200 сомдон элге сатылууда. Бул жерде менчик компания туйтунуп, мамлекет кирешеден кур жалак калууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG