Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Кремл Атамбаевди соороттубу? (видео)


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Орусияга кеткен мурдагы президент Атамбаев Путин менен жолуккандан кийин кайтып келди.

Москвадагы жолугушуу тууралуу орус президенти Владимир Путин билдирүү жасап, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев пикирин жазуу жүзүндө таратты.

Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президентинин тарапкерлери ким утушка ээ болгонун талкууласа, коомчулук эгемен өлкөнүн ички ишине Кремлдин кийлигишкенин сындап жатат.

Атамбаев 25-июлда бир күн мурун учуп кеткен Орусиянын Канттагы авиабазасына жеке каттамдагы учак менен кайтып келди. Аны 200дөй тарапташы тосуп алды. Мурдагы президент учактан түшкөн соң журналисттердин суроосуна жооп берип, азыноолак маалымат берди. Ал Москвага Путиндин чакыруусу менен барганын айтты.

«Ал (Владимир Путин) менин досум, жакын адамым. «Келип кет» деп атайын самолёт жөнөттү. Бул биринчи эле жолкусу эмес. Буга чейин да эки-үч жолу суранды. Такыр эле барбай койсом да уят болмок. Ал киши «Кыргызстан эмне болот, үчүнчү революция болуп кетпейби?» деп кайгырып атат. Мен ал кишиге революцияны дайыма бийлик жасайт, эл айла жок көтөрүлөт дедим».

Атамбаев: Бийлик менен биригүүгө кеч болуп калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00

​Ошондой эле Атамбаев буга чейинки Путиндин учурдагы Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр президенттин айланасына топтолушу керек деген билдирүүсүнө төмөнкүдөй жооп кайтарды.

«Урматтуу Владимир Путин же Трамп «биригиши керек» деп айтабы, анын өзүнүн мезгили бар. Мен Владимир Путинге "ошол мезгил өтүп кетти" деп айттым. "Бирок Сооронбай Жээнбеков аракет кылып көрсүн" дедим. Элди бириктирүү, элдин биримдигин сактоо ишин биринчи күндөн башташ керек болчу», - деди Атамбаев.

Атамбаевдин Орусияга табышмактуу сапарынын "түйүнүн" орус президенти Путин чечкендей болгон.

24-июлда Кремлдин расмий сайтында Атамбаевдин Путин менен жолукканы жөнүндө кабар жарыяланып, жолугушуудан кийин орус лидери журналисттердин суроосуна жооп берген.

Орус президенти Путин жолугушуу тууралуу журналисттерге маалымат берип жатат.
Орус президенти Путин жолугушуу тууралуу журналисттерге маалымат берип жатат.

Анда ал Атамбаев менен Кыргызстандагы абал боюнча сүйлөшкөнүн билдирген:
«Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен дайыма азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка ачыкмын. Ооба, Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Кыргызстандагы жана аймактагы абал тууралуу сүйлөштүк. Мен ага өз позициямды жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө катары эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан кечирди», - деген Путин Кыргызстанга саясий туруктуулук керек экенин белгилеген.

Орус президенти кыргызстандыктар "азыркы бийликтин айланасына чогулуп", өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керектигин кошумчалаган.

Путиндин бул билдирүүсүнөн соң Атамбаев кеңешчилери аркылуу билдирүү тараткан. Анда мурдагы президент "Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин далилдегенин, бирок ички иштерди өзүбүз чечебиз" деп белгилеген. Ошол эле билдирүүдө сентябрга чейин расмий бийлик мыйзам жолуна киришин, бул багытта конкреттүү кадамдарды күтөрүн жарыялаган.


Атамбаев "ички ишибизди өзүбүз чечебиз" дегени менен Кыргызстандагы акыркы кырдаал боюнча Путиндин президент Жээнбеков менен сүйлөшүүнү көздөп жатканын билдирген.

Азырынча президент Сооронбай Жээнбеков жана анын командасы Москвадагы акыркы жолугушуу боюнча комментарий бере элек.

Учурда Атамбаевдин Кремлге сапарын эки түрдүүчө чечмелеп жатышат. Бир даары Путиндин акыркы билдирүүсүн президент Сооронбай Жээнбековду колдоо катары кабыл алышты. Алар "орус президенти Атамбаевди кабыл алды, бирок аны колдогон жок" деген пикирде.

Ошол эле кезде орус президенти азыркы "президенттин айланасына чогулгула" деген чакырык таштоо менен Атамбаевге упай алып берди дегендер жок эмес.

Мындай пикирди кармангандар Путин мурдагы кызматташын кабыл алуу менен аны кылмыш ишинен куткарып, кол тийбестигин кайтарып берди деген жүйөнү айтууда.

Бийликтин позициясы кандай болот?

Чынында эле Атамбаев кайтып келген соң кандай позицияны карманат жана ага карата айтылып жаткан шек саноолор эмне болот?

Атамбаевдин кол тийбестигин алууга макул болуп, добуш бергендердин бири парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мурдагы президентти "жоопко тартуу татаалдашты" деген ойдо.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Атамбаевди бийлик камай албасы түшүнүктүү болуп калды. Бирок ага шылтоо табышы керек. Кандай шылтоо табат? "Путин айтты, камабай калдык десе" уят болот. Балким Конституциялык палата карап жатат деп, анын жыйынтыгы менен парламенттин токтомун жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Ошондой жолду издеп, баш оорутат. Болбосо күбө катары канчадан бери жөнөкөй баарлашууга алып келе албай жаткан. Бийликтин чечкинсиздиги акыркы кырдаалга алып келди. Ошол эле кезде Батукаевдин иши боюна жаш балалуу Аида Салянованы камап коюшту".

Кечээги өнөктөштөн саясий атаандашка айланган эки саясатчынын кимиси утту, ким утулду деп анализ кылып жаткан чакта айрымдар мындан өлкөнүн гана беделине доо кеткенин айтышууда.

Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев мурдагы жана учурдагы президент мамилесин Москвада териштирип жатып өлкө эгемендигине көлөкө түшүрдү деген пикирде.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Бул кырдаалда ойлонтчу бир нече маселе бар. Алардын ичинен эң эле олуттуусу "качан кыргызстандыктар өз маселебизди өзүбүз чечебиз" деген суроо болууда. XIX кылымда Орусияга чуркап барып, жаатташкан тараптар бизди букаралыкка кабыл алгыла дегенден баштап, азыркыга чейин нуктан чыга элекпиз. Ушул ички маселени чечиш үчүн сөзсүз Путинге барыш керек беле? Мына биздин элитанын психологиясы жана деңгээли".

Айрым талдоочулар Атамбаевдин 2017-жылы "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун дарегине айткан ачуу сынын эстешти.

Атамбаев шайлоо алдында Казакстандын ал кездеги президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы үчүн Бабановду ачуу сынга алып, ал сөзү Кыргызстан менен Казакстандын мамилесине таасирин тийгизген.

Мына ушул окуяларды эске салган саясий эксперт Алишер Мамасалиев өлкөдөгү кырдаал боюнча жарандар менен кеңешпей, чет өлкөдөн "колдоо издөө туура эмес" деген пикирде.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуялар акыркы эки айдан бери өлкө саясий күн тартибинин башкы сабына чыкты. Былтыртан тарта президент Жээнбековдун элдешкис каршылашына айланган Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрү жана шакирттери камакка алынган.

Быйыл 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратып, кылмыш ишин ачууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок мурдагы президент бул токтомду мыйзамсыз деп атап, ИИМдин күбө катары үч жолку чакыруусуна баруудан баш тарткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG