Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

Атамбаев Москвага тоскоолдуксуз кетти


Алмазбек Атамбаев учакта
Алмазбек Атамбаев учакта

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Москвада жолукту.

Орус бийлигине караштуу kremlin.ru сайты Путин жолугушуудан кийин журналисттердин суроосуна жооп бергенин жазды.

«Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен дайыма азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка ачыкмын. Ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал боюнча сүйлөштүк. Мен өз позициямды ага жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөрдү», - деген Путин Кыргызстанга саясий туруктуулук керек экенин белгилеген.

Орус президенти кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керектигин кошумчалаган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп барган.

Учуп кеткенге чейин ал журналисттерге чет өлкөдө «жогорку деңгээлдеги жолугушууларга» бара турганын ишара кылып, бирок максатын так айткан эмес.

Бул сапар анын экс-президенттик макамынан ажыраган, бир нече кылмыштарга шектелип, тергөөнүн күбө катары чакырыктарынан баш тарткан учурга туш келди.

Орусиянын Канттагы аскерий базасы аркылуу учкан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвага бара турганын бир нече күн мурда айткан. Сапар алдында ал «Азаттыктын» «Эмне үчүн «Манас» аба майданы аркылуу эмес, Канттагы авиабаза аркылуу учуп жатасыз?» деген суроосуна:

«Аны ар бир акылдуу адам түшүнөт. Азыр Кыргызстанда бийлик мыйзамды сыйлабайт. Каалаганын жасап жатат. Ошондуктан мен алдын алып жатам», - деп жооп берди.

Атамбаев Канттагы авиабазадан учуп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

Атамбаев бир нече жолу Орусиядагы жакын санаалаштарынын чакыруусун азыр кабыл алууга туура келгенин, кайра 25-июлда өлкөгө кайтып келерин айтуу менен чектелди.

Атамбаевдин Канттагы аскерий базага чейин таң эрте Кой-Таштагы үйүнө чогулган тарапташтары автоколонна менен коштоп барышты.

Тергөөгө күбө катары чакырылып, үч жолу баруудан баш тарткан мурдагы президентти мындай массалык узатууну расмий бийлик органдары да, укук коргоо органдары да чектеген, текшерген жок.

Атамбаевдин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева чакырган тарап «РусДжет» компаниясы атайын учагын жибергенин жазып, борттун ичинен түшкөн сүрөттү жарыялады. Бирок мурдагы президентти кимдер чакырганын тактаган жок. Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына «Москвада эң бийик деңгээлдеги жолугушуу боло турганын» деп жазды.

Мурдагы президент менен кошо Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Ирина Карамушкина, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков да кетти.

Учурда «Атамбаев кайра өлкөгө кайтып келеби?» деген суроо кызыгуу жаратууда. Анткени Кыргызстанда мурдагы президент бир нече оор айыптарга шектүү катары аталып, анын үзөңгүлөштөрү камакта отурат.

Атамбаевдин Орусиянын учагы аркылуу өлкөдөн чыгып кетиши коомчулукта абдан кызууга талкууга жол ачты. Алгач үч жолу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президентке ИИМдин чара көрбөгөнү суроо жаратууда.

Ички иштер министрлиги болсо Атамбаев өлкөдөн чыгып кеткен соң кыска билдирүү таратты:

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талабы боюнча Алмазбек Атамбаев күбө катары Тергөө кызматына суракка келиши керек. Мыйзам боюнча ИИМ анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу сала албайт. Бирок ал мамлекетке кайра кайтып келерин жарыялады. Алмазбек Атамбаев келгенден кийин мыйзамдуу талаага кайтып, өзү суракка келет деп ойлойбуз», - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты эч кандай комментарий бере элек.

Айрым эксперттер Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапарынын сырын Кыргызстан жана Орусиянын жетекчилигин ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөргө байланыштырып жатышат.

Москва ортомчу болдубу?

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубнов Москва Кыргызстандагы жаатташкан эки тарапка ортомчу болду деген пикирде:

«Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон сапары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин акыркы жолугушуусундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасынан улам келип чыккан келишим экени анык. Москва Кыргызстандагы мурдагы жана учурдагы өлкө башчысынын жана алардын тарапташтарынын ортосундагы болгон тирешүүлөрүнө байланыштуу ички, саясий чыр-чатактын тереңдешине кызыкдар эмес. Жээнбеков ушул эле пикирди мурдагы өлкө башчысына жеткирүү үчүн Атамбаев үчүн бедели өзгөрбөс Орусиянын өлкө башчысы Путинден суранып жатат деп божомолдоого негиз бар. Эгер бул божомол чын боло турган болсо, Атамбаев өзү жарыялагандай Орусиянын президенти менен жолугушуусу мүмкүн. Бул жолугушууда Путин кыргызстандык коногуна Кыргызстандагы туруксуздукка жол берилбеши керектигин жана азыркы кырдаал дал ушундай абалга алып келиши мүмкүн экенин түшүндүрөт. Ушул эле билдирүү менен Атамбаев Бишкекке 25-июлда кайтып келет. Москванын Кыргызстандын ички чыр-чатактарына катардагы кийлигишүүсү, жаманбы же жакшыбы Кремлдин кыргыз саясатчылары кайрыла турган жана бири-бири менен пикир алыша турган жалгыз калысы жана негизги саясий инстанция экенин далилдейт», - деп жазды Дубнов «Фергана» порталына.

Чынында эле Сооронбай Жээнбеков өткөн апталарда Швейцариядан кайтып келе жатып, Москвада кыска мөөнөттүк иш сапар менен болгон. Анда орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда эки тараптуу мамиле жөнүндө сөз болгону гана расмий түрдө кабарланган.

Атамбаев Орусиянын бийлигиндеги айрым адамдар менен мамилеси бар экенин ар дайым айтып келет. Буга чейин Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгып кетиши боюнча орус президенти үн катат деген ишенимин билдирген. Бирок Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпей турганын айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG