Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ак-Ордодогу эки адамдын өлүмүнө шектүү катары кармалып, качууга аракет кылып жок кылынган жарандын аты-жөнүн ачыктап, кылмыштын чоо-жайын баяндаган 11 мүнөттүк видео жарыялады.
Милициянын 14-октябрда жарыялаган маалыматында айтылгандай, шектүүнүн аты-жөнү Ильясов Сапармурат Майрамбекович. Ал 2006-жылы төрөлгөн. Жайында Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде тейлөөчү болуп иштеп жүрүп, 27-сентябрда жумуштан бошотулган.
Андан кийин Бишкекке көчүп келип, шаардагы мейманканалардын биринде жашап жүргөн. Милиция шектүү акча каражаты түгөнгөндүктөн уурулук кылууну пландаганын белгиледи.
ИИМ шектүү базардан бычак алып жатканынан баштап, мейманканадагы видеолорунан бери көрсөттү. Шектүү ууруга кирүүнү болжоп койгон үйгө медициналык беткапчан кирген. Үй ээси ойгонуп кетип, ортодо кармаш чыккан. Экспертиза маркумга 18 жолу бычак сайылган деп эсептеген. Шектүүнү токтотууга аракет кылган эжесине 11 жолу бычак тийген.
Милициянын видеосунда шектүүнүн кылмышы кантип иликтенгени ийне-жибине чейин көрсөтүлгөн. Ал күнөөсүн толук мойнуна алып, бардык кыймыл-аракетин айтып, көрсөтүп бергени айтылат.
ИИМ билдиргендей, ал тергөө учурунда дааратканга барарын айткандыктан коштоп жүргөн милициянын колунан кишендин бир бөлүгү чечилип, анын эки колуна тагылган, шектүү ошол учурдан пайдаланып, талааны көздөй качкан. Күч органдары ошол учурда мыйзамга ылайык ок чыгарышкан.
Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 19 жаштагы адам 7-октябрда кармалган. 34 жаштагы маркумдун жубайы анын күйөөсүн жана кайнежесин өлтүргөн деп кармалган шектүүнү тааныганын 8-октябрда айтып берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда аны 3-декабрга чейин камакка алган.
Шерине