Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Депкомиссия Атамбаевдин ишин карай баштады


Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп жатат.

Комиссиянын мүчөсү Талант Мамытов кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилге көтөргөн депутаттардын кайрылуусун окуду. Анда демилгечи депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыптап жатышат.

Тактап айтканда, кайрылууда «Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына 123 курал берген, анын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар жана анда коррупциялык иштер орун алган. Мындан сырткары 35,65 гектар айдоо аянттары мыйзамсыз трансформацияланган. Кой-Таш айылындагы салган тамынын жери да мыйзамсыз алынган. Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Акча адалдаган «Ака инвест» жана «Текесай Жаштары» компанияларына тиешеси болгон. Ошондой эле Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөн. Атамбаев бийликте туруп анын бийлигине каршы чыккан саясатчыларды, журналисттерди куугунтуктаган» деп айтылат.

Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу комиссия түзгөн.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

Мунун алдында депутат Канатбек Исаевдин Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергени айтылган. Бир топ депутаттар мурдагы президенттин 8-июндагы митингде айткан сөздөрүн сындап, ал чуулгандуу иштер үчүн жооп бериши керек экенин билдиришкен.

Комиссия депутаттардын экс-президентке койгон дооматтарын карап чыгып, Алмазбек Атамбаевге чара көрүү жөнүндө сунуш киргизе турган болгон. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамы алынмакчы. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG