Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

"Ата Мекендин" жаңы талабы


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

"Ата Мекен" фракциясы Леонид Маевскийдин камалышына байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайдан улам сотто кароону талап кыла турган болду.

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Леонид Маевскийдин жалган жалаа жабуу үчүн жалданганын ырастай турган далилдер бар экенин билдирди. Ал сот иштери учурунда ондогон күбөлөрдүн сөзүнө ишенбей, жакында өзү шылуундулук менен кармалган Леонид Маевскийдин жалгыз көрсөтмөсү аркылуу чыккан сот өкүмүн четке кагууга толук негиздер бар экенин айтты.

Саясат талдоочулар Текебаев менен Чотоновдун боштондукка чыгышы саясий кырдаалдан да көз каранды экенин белгилешти.

"Ата Мекен" фракциясынын жаңы талабы

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов фракция мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийлигинин соңку жылдарында саясий каршылаштарын куугунтуктаган жагдайды парламенттин кароосуна кое турганын билдирди. Анын айтымында, жакында өзү шылуундук боюнча шектүү катары кармалган орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин дооматынын негизинде саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду сот жообуна тартуунун артында кимдер турганы жана бул иш кандайча уюштурулганы боюнча фракциянын катчылыгына материалдар келип түшкөнү белгилүү болду.

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Леонид Маевскийдин тергөөгө берген көрсөтмөсүн жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого негиз түзө турган жагдайлар тастыкталганын билдирди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Леонид Маевский Орусияда шылуундук үчүн кармалып, камакка алынышы анын ким экенин, анын буга чейин биздин тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнө ишенүүгө болбой турганын жана ал табиятынан калпычы адам экенин ырастап отурат. Биз Текебаев жана Чотонов боюнча анын тергөөгө берген көрсөтмөлөрү баалуулугун жоготту деп эсептейбиз. Ал башкаларга жалаа жаап, көр оокат кылган алдамчы адам экени далилденди. Атамбаев жана анын жакын чөйрөсү саясий оппоненттерин саясаттан жок кылыш үчүн сырттан ошол шылуун, алдамчыны атайын жалдап келип, жасалма ишти уюштуруп, түрмөгө каматканы аныкталып отурат. Ошондуктан сот Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого тийиш.

Мурдагы жана кийинки саясий кырдаал

Сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго Леонид Маевскийдин койгон дооматын жокко чыгара турган жагдайлар боюнча жүйөлөрүн келтирип, генерал Исмаил Исаков, академик Абдыганы Эркебаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө беришкен. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду темир торго кармаган бул иш саясий куугунтук болгонун айткан генерал Исмаил Исаков Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин бийлигинин кыңыр иштерин ачыкка чыгарганы үчүн сот жоопкерчилигине дуушар болду деп эсептейт.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Текебаев Дача-СУга кулаган учактагы контрабандалык жүктүн ээси ким экенин, Кой-Таштагы "Дастан" заводунун жерин кандайча басып алганы сыяктуу мурдагы президент Атамбаевдин жеке өзүнүн былыктарын казып чыгып, коомчулуктун көзүнө көргөздү, - деди ал. - Соңку жылдардагы ири коррупциялык иштерге Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин парламентте ачык айтып чыгып, тиешелүү далилдерди жана жүйөлөрдү келтиргени белгилүү. Ал тургай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. Анан Атамбаев ошол кыңыр иштери далилденип калышынан чочулап, Маевский сыяктуу шылуун адамды жалдап алып келип, телеканалдардан жаманатты кылдырып, мыйзамды уруп ойнобой, күнөөсүз жерден Текебаев менен Чотоновду куугунтуктап, каматып тынды. Мен ошол сот жараяндарына барып, "бул жерде туура эмес иштер жүрүп жатат. Ошол 13-май күнү Чотонов мени менен оор кырдаалды жөнгө салууга жардам бериш үчүн Ошко учуп барганбыз" деп айтып, берген көрсөтмөлөрүбүзгө карабастан, аларды эч кандай далилдери жок эле, бир эле Маевский деген жалганчы адамдын көрсөтмөсү менен соттоп жиберишти. Бул иш эми сөзсүз жаңы жагдайлар боюнча кайра каралышы керек.

Анткен менен айрым саясат таануучулар Текебаев менен Чотоновдун ишинин жагдайы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу экенин айтышууда. Себеби буга чейин деле ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароо боюнча адвокаттардын жүйөлөрүн Башкы прокуратура четке каккан болчу. Ошондон улам бул иште укуктук негизге караганда саясий кызыкчылык үстөмдүк кыларын айткандар бар.

Саясий чөйрөдө президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсү анын тушунда камалган Текебаев сыяктуу саясий туткундардын боштондукка чыгышына өбөлгө түзүшү мүмкүн экени болжолдонууда. Саясий серепчи Турат Акимовдун айтымында, эки лагердин ортосундагы карама-каршылыктын күчөшү буга себеп болушу күтүлөт.

- "Атамекенчилер" албетте, ызылдап чуркай беришет, - дейт Турат Акимов. - Бирок бул Маевскийдин Орусияда кармалышы боюнча маселе Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого негиз боло алабы? Анткени азыр өзү камалып калган Маевский тергөөгө жалган айтканын белгилеп, өзүнө каршы көрсөтмө бербейт. Анда андай көрсөтмөнү ким бериши мүмкүн? Азыр бир гана жагдай бар. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы тирешүү күчөп, карама-каршылык курчуган кырдаалда гана азыркы бийлик Текебаев менен Чотоновдун бошотулушуна шарт түзүп, аларды Атамбаевге каршы колдонушу мүмкүн.

Жалганды ашкерелеген жаңы жагдайлар

Тергөө материалдарында орусиялык ишкерлер Леонид Маевский менен Александр Модин Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда Өкмөт Үйүндөгү №306 кабинетте жолугушканын айткан. Бирок кийин иш башкармалыгынын берген ырастамасы боюнча ошол кезде ал бөлмөдө Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмазбек Атамбаев отурганы көрсөтүлгөн. Анан алар ошол эле 13-май күнү кечки саат бештерде Текебаев, Чотонов жана Маткеримов болуп, шаардын сыртындагы "Супара" этно-ресторанында жолугушканы боюнча көрсөтмө беришкен. Бирок Дүйшөнкул Чотонов Исмаил Исаков менен ал күнү Ошко тик учак менен учканы жана анда алар менен "Супарада" жолугушуу болушу мүмкүн эмес экенин жүйө келтирген. Депутат Жанарбек Акаев бул документалдык далилдер адвокаттарга тапшырылганын билдирди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Маевский менен Модин тергөөгө "13-май күнү кечинде Текебаев, Чотонов болуп жолугуп, чай үстүндө сүйлөшкөнбүз" дегени жалганга чыкты. Муну биз текшерүү үчүн "Кыргыз аэронавигация" мамлекеттик ишканасына өтүнүч келтирип, анын берген расмий жообу аркылуу тастыктадык. Ошондой эле "О" уюк операторунан иштин дагы бир күбөсү катары өткөн Модиндин ошол кездеги телефондук байланыштарын текшертип, анын ошол күнү "Супарага" барбаганы жана шаар ичинен чыкпаганы тууралуу маалымат алдык. Алардын жолукканы жана акча бергени жалган экени, бул ишти ошол кездеги бийлик атайылап уюштурганы ачыкка чыгууда. Мындай маалыматтар ишти сотто кайра кароого негиз боло алат.

Текебаев менен Чотонов “орусиялык ишкер Леонид Маевскийден "Мегакомдун" ишин чечип бериш үчүн 1 миллион доллар алган” деп айыпталып, 8 жылга кесилген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG