Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

"Кайра жаралуу" партиясы түзүлбөй калды


Августта Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев президенттик шайлоонун алдында жаңы партияга биригишерин жана шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын жарыялашкан болчу.
Августта Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев президенттик шайлоонун алдында жаңы партияга биригишерин жана шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын жарыялашкан болчу.

"Кайра жаралуу" партиясын түзүү аракети токтоду. Бул тууралуу 11-сентябрда "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып “Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

“Өнүгүү-Прогресс", “Ата Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын башын кошкон жаңы партия түзүү аракети токтогонун аталган альянстын демилгечилеринин бири Бакыт Төрөбаев 11-сентябрда билдирди:

- Партия түзүү аракети токтоп калды. Абалды өзүңөр да көрүп жатасыздар. Үч партия жана төрт саясатчы кол койгон келишимде президенттикке бирдиктүү талапкер чыгаруу боюнча пункт болгон. Ал ишке ашпай калды. Жаңы түзүлчү партиянын курултайы болбойт.

Төрөбаев төртилтик келишиминин талаптарын толук аткардым деп, жакын арада бул маселе боюнча атайын билдирүү жасарын кошумчалады.

Төрөбаев: "Кайра жаралуу" партиясын түзүү аракети токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

“Өнүгүү-Прогресстин" лидери минтип коомчулукка ачык айтканга чейин эле "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин шайлоодо КСДП партиясынын талапкерин колдоору тууралуу маалымат тарап, төрт саясатчынын биригери күмөн жаратып турган.

Өткөн ишемби күнү “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ташиев төртиликтеги убадасынан тайганын кыйыткан:

- Өзү талапкер катар барбай, башка бирөөнү колдоп кеткен болсо, бул өкүнүчтүү, бирок ал өзүнүн эрки. Ошондойго барышы мүмкүн болуп калды. Президенттик шайлоого байланыштуу ошондой чечим кабыл алыптыр. Чечимине сый мамиле жасашыбыз керек. Ар ким өз жолун өзү тандап алат.

Камчыбек Ташиев тууралуу маалыматты "Ата Журттун" маалымат катчысы Нургазы Анаркулов мындайча комментарийледи:

- Камчыбек Ташиев эл арасында бөлүнүп жарылууга жол бербөө максатында, туруктуулук, тынчтык үчүн Сооронбай Жээнбеков менен биригебиз, колдойбуз деген жакшы сөздөр болгон. Бирок анда кандай чечимге келишкени расмий жарыяланмайынча айта албайбыз.

Азырынча Камчыбек Ташиев өзү бул тууралуу пикирин билдире элек. Бирок анын төртиликтен тышкаркы талапкерди колдоору тууралуу маалымат альянстын ыдырашын шарттаган жагдайлардын акыркысы болду көрүнөт.

Август айынын башында "Өнүгүү-Прогресс", “Ата Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын лидерлери, шайлоого бараткан төрт саясатчы Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине атаандаш катары өзүнүн бирдиктүү талапкерин алып чыгарын билдиришкен. Атүгүл түштүк аймактарды чогуу кыдырып, тарапкерлери менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

Бир саясий топ болоорун айткан төрт саясатчы аймактарды да кыдырган.
Бир саясий топ болоорун айткан төрт саясатчы аймактарды да кыдырган.

11-сентябрда "Кайра жаралуу" аттуу жаңы партиянын уюштуруу курултайы өтөөрү, анда бирдиктүү талапкердин ысымы айтылары жарыяланган. Бирок бул күнү тескерисинче бирикменин кризиске кептелгени белгилүү болду.

Төртиликтин ичинен президенттик шайлоого талапкер катары катталбай калган Акматбек Келдибеков бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Ошентип кыргыз саясатындагы кезектеги биригүү максатына жетпей ыдырады. Буга чейин да аталган саясатчылардын катышуусунда бир нече жолу бирикмелер түзүлүп, бирок чачыраган.

Саясат таануучу Эмил Жороев мындай көрүнүш идеологиялык эмес, жеке кызыкчылыктардан улам биригүүнүн кесепети деген пикирде:

- Мен бул альянстын ыдырарын билсем да, бирок бир аз узагыраак жашайбы деген ойдо болчумун. Себеби буларды бириктирген президенттик шайлоо деген фактор бар эле. Бирок бул максатка жетпей ыдырашы кыргыз саясатынын деңгээлин көрсөттү. Анткени бул биринчи жолу эле болгон көрүнүш эмес. Буга чейин ушул эле саясатчылардын катышуусунда канчалаган партиялардын биригүүсүн жана ажырашуусун көрүп келгенбиз. Албетте, биригүү, макулдашуу, мунаса деген башка өлкөлөрдө деле, дегеле саясаттын табиятында болгон нерсе. Бирок терең ойлонулган себеби жок эле биригип, кайра чачырап же кыска кызыкчылык, өткөөл мөөнөттө биригүү жана ажырашуу биздин саясаттагы айрым “ооруларды” айкын көрсөтүүдө.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. ​Боршайкомго президенттик жарышка катышуу ниетин билдирип башында 59 адам кайрылган. Айрымдары өз арызын кайтарып алса, кээ бирлери тийиштүү шарттардан өтпөй, талапкер болбой калышты. Жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. 10-сентябрдан тарта үгүт өнөктүгү башталды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG