"Товар алып келе албай калдык"
Кыргызстанда Кытай менен байланышып бизнес кылгандар арбын. Алсак, базардагы товарлардын көпчүлүгү Кытайдан алынып келинет. "Дордой" базарындагы соодагерлер мурда тынымсыз Кытайга кирип-чыгып, товар ташып жүргөн болсо, акыркы эки жылдан бери виза алуу оорлогонун айтышууда. Аталган базарда оюнчук саткан Жыргалайдын айтуусунда, быйыл жыл башынан бери болгону бир жолу Кытайга виза ала алган:
- Мурда өзүбүз Үрүмчүгө, Гуанчжоуга чейин барып, оюнчуктардын түрлөрүн алып келип, бул жакта сатчубуз. Былтыр Кытайдын элчилигинде жардыруу болгондон бери виза бербей жатат. Былтыр болгону эки жолу, быйыл жыл башынан бери араң бир жолу кирип чыктым. Биздин соода дүңүнөн болот, биз ал жактан алып келип, бул жактан да дүң сатабыз. Ошондуктан, товардын баасы да, сапаты да маанилүү. Азыр эми ал жактагы биз товар алып жүргөн өнөктөштөр менен интернеттен байланышып, товарга буйрутма берип, алдырып сатып жатабыз. Бирок сүрөт деген сүрөт да, начар сапаттагы оюнчукту деле сүрөткө жакшы кылып тартып жиберет, буйрутма берип, алдырып алсаң, купулуңа толбойт. Соодага зыяны тийип жатат. Өз көзүң менен көргөндөй болбойт экен баары бир.
Виза алуунун мөөнөтү узарган
"Манас глобал" эл аралык ишканасынын жетекчиси Тыныбек Жукешов он жылдан ашуун убактан бери Кытайга каттап ишкерлик кылат. Ишкердин "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, акыркы убактарда виза берүүдө жарандарды текшерүү аябай күчөгөн. Айрым учурларда Түркия, Пакистан жана башка айрым өлкөлөргө кирип чыкканы белгилүү болгон жарандарга виза берилбей жатканы да байкалган:
- Андай учурлар болгон. Айрым адамдар паспортторун алмаштырышты. Кытайга виза алуу катаалдагандан бери Кыргызстанга экономикалык жактан бир топ эле зыян келип жатат. Мурда биз Топого бир айда беш жолу кирчүбүз. Азыр эми айдоочуларга да виза алуу оор болууда. Болсо да мурда виза расмий түрдө 50 долларга ачылса, азыр 400 доллардан ашып кетти. Мурда бир жумада алсак, азыр бир айлап күтүп да ала албай жатабыз.
Кытай тарап туристтик визаны бир кишиге берүүдөн баш тартып, алгач беш кишиден турган топко гана берүү тартибин киргизсе, быйылтан тартып, туристтик виза алууну каалагандар кеминде он кишиден турган топ болууга тийиш:
- Мурда туристтик виза бир кишиге бир айга берилчү. Азыр эми туристтик виза алуу үчүн топ түзүү керек. Башында беш киши болчу, азыр эми кеминде он киши чогулушу керек. Он киши чогулса да алардын баары Кытайдын бир жерине барбайт да. Түшүнгөн адамга бул өтө эле түшүнүксүз.
Паспорттор чыры
Өткөн жылы Түркиядан белгисиз адамдардын колунан Кыргызстанга таандык 98 паспорт табылган. Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурган жанкечти Кыргызстанда туулганын Орусиянын бийлиги расмий кабарлаган. Мына ушундай окуялардын баары Кыргызстандын эл аралык аброюн төмөндөтүп, ага шектенүү менен кароого негиз берип жатканын China Trade expert ишканасынын жетекчиси Амир Закиров белгилөөдө:
- Виза маселеси боюнча көйгөй биздин паспорттордон башталды. Биздин паспорттор эки жакка сатылып, жалаң жагымсыз окуяларга илинип калууда. Ошондуктан, азыр бизде виза алуу өтө оор болуп, турагенттиктер, ишкерлер ала албай жатышат. Кытай тарап өзү расмий түрдө "бербейбиз, кылбайбыз" деген жок. Бирок текшерүү өтө күчтүү жүрүүдө. Бардык тиешелүү документтерди тапшырган соң, эми өзүңдүн чыныгы кыргызстандык жаран экениңди, паспортту сатып албаганыңды далилдеген документ алып кел деп жатышат.
- Мурда туристтик виза бир кишиге бир айга берилчү. Азыр эми туристтик виза алуу үчүн топ түзүү керек. Башында беш киши болчу, азыр эми кеминде он киши чогулушу керек. Он киши чогулса да, алардын баары Кытайдын бир жерине барбайт да.Тыныбек Жукешов.
Мурунку убактарда Кыргызстандын жарандары Кытайга жеңилдетилген түрдө виза ала алышчу. Кытайга каттап иштеген ишкерлер туристтик агенттиктерге сүрөтү менен акчасын, паспортун берип коюп эле бир нече күндүн ичинде эч тоскоолдуксуз визага ээ болуп келишкен. Виза берүү тартиби катаалдангандан бери аны алууну каалаган ар бир жаран документтерин өзү топтоп, өзү тапшырууга милдеттүү. Документ тапшыруу учурунда атайын аңгемелешүүдөн өтүшөт. Бул дагы кыргызстандык жарандарга бир топ оор келүүдө. China Trade expert ишканасынын жетекчиси Амир Закиров жарандардын билбестиги да виза берүүнү оорлотуп жатканын айтат:
- Биздин жарандар мурда эч качан элчиликке барып, өздөрү документ тапшырып, өздөрү виза алчу эмес. Турагенттиктерге акчасы менен сүрөтүн берип коюп эле бир жуманын ичинде алып алчу. Азыр эми тартиби өзгөрдү, ага биздин элибиз көнгөн эмес, аңгемелешүү учурунда өздөрү тууралуу маалыматтарды туура эмес айтып алышат, калп айтып коюшат. Ошентип ала албай калып жатышат.
Кытай виза берүү тартибин Кыргызстанга гана катаалданткан жок
2016-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет мамлекеттик, анын ичинде кыргызстандык жарандарга да виза берүү тартибин катаалдаткан. Тышкы иштер министрлиги учурда айрым мекендештерибиз Кытайга кирүүгө виза ала албай жатканынын себебин мына ушуга байланыштырууда. Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыровдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, ушул күндөн тартып, чет өлкөлүктөр Кытайга чакыруу аркылуу гана кирип калышкан:
- Кытайдын ар бир провинциясында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга чакырууну жасатуу талап кылынган. Ошол органдар чакырууну атайын штрих-код менен беришет. Мындан тышкары Кытайга кирип-чыгып ишкерлик кылып жүргөн мекендештер топ болуп барууга милдеттендирилген. Алар дагы ал жактагы кызматташып жүргөн өнөктөштөрү аркылуу чакыруу алып, ошол чакыруу менен виза алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындай катаал тартип жалгыз Кыргызстанга гана эмес, бардык мамлекеттердин жарандарына киргизилген.
2016-жылы 1-январда Кытайда терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алынган. Бир катар эрежелер ушундан кийин өзгөрө баштаган.
Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жаракат алган. Бул окуя Кытайда окуган кыргызстандык студенттердин, Кытай менен иштеген ишкерлердин виза алуусунда кыйынчылык жаратып, Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен виза алышкан.