Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Подполковниктин өлүмү иликтене баштады


"Күнболот ишин сүйгөн кызматкер эле..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

"Күнболот ишин сүйгөн кызматкер эле..."

2019-жылдын 10-январында болжол менен саат түнкү бир чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.

Натыйжада жараат алган адам ошол жерден жан берген. Көп өтпөй Ысык-Атанын из кубарлары маркум милициянын подполковниги, 37 жаштагы Күнболот Касмалиев экендигин аныкташкан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов учурда иликтөө иши жүрүп жатканын билдирди:

- Биздин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы атайын топ түзүп, бул окуя боюнча иштеп жатат. Бир топ божомолдорубуз бар, бул кылмыштын бетин жакын арада ачабыз. Мындан сырткары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтпай турган иштер да бар, аларды ачыкка чыгаруу азырынча эрте.

Милициянын маалыматы боюнча маркум подполковник Касмалиевдин жеке автоунаасы Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Дордой" базарынын жанынан табылган. Ал эми кырсык катталган жер ал аймактан 15 чакырымдай алыс. Бул жагдайдан улам Касмалиевдин жакындары ал киши колдуу болушу мүмкүн деген шек санашууда.

Күнболот Касмалиев эки уулдун жана бир кыздын атасы. 2004-жылы ИИМ академиясын аяктагандан бери Нарын облусунун бир катар райондорунда ишки иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында иштеген.

Өткөн жылы эле Нарын облустук ички иштер башкармалыгына криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү болуп дайындалган.

Күнболот Касмалиев.
Күнболот Касмалиев.

Маркумдун эжеси Мээржан Касмалиева Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп иштейт. Ал инисинин сөөгү коюлгандан кийин анын өлүмүнүн себептерин аныктаганга өзү кирише турганын айтты:

- Жарым саат гана уктачу. Кызматына берилип, иш дегенде ичкен ашын жерге кое салчу. Дайыма шашып жүрчү. Экөөбүздүн ишибиз бир болгондуктан "кое тур, шашпа" деп көп айтчумун. "Жок, эжеке мындай болуп жатпайбы" деп турчу. Ким кол салды, эмне себеп болду? Такыр түшүнө албай турам. Уккандан бери өзүмө келе албай жатам.

Мээржан Касмалиев жакында эле апасына жана келинчегине жакын арада чоң кылмыштын бети ачыларын айтып, "элиме жакшы иш кылганы калдым" дегенин эскерди.​

Нарындагы милиция кызматкеринин өлүмү бул кызматты аркалагандардын коопсуздугу тууралуу талкууну жандантты.

Республикалык кыйноого каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Бакыт Рысбеков милициянын ички коопсуздугу мамлекет тарабынан жетиштүү корголгон эмес деген пикирде.

Ал мамлекет милициянын иштөөсүнө шарт түзүп берип, ошого жараша катуу талаптарды да кое билиши шарт деди:

- Милиция - бул мамлекеттин атынан карапайым калк менен дайым байланышта болот. Мамлекет анын коопсуздугун коргошу керек. Тилекке каршы бүгүн андай эмес. Милициянын кадыр-баркын көтөрүү абзел. Коопсуздук маселесине токтоло турган болсок, милицияны коргоо үчүн жазылган мыйзам бар. Ким кол салбасын ал мыйзамдуу түрдө жазасын алат. Бирок ошол кол салууга жеткирбөө үчүн биринчи кезекте коопсуздугун камсыздап берүү зарыл.

​Милициянын өмүрүнө кол салган фактылар өлкөдө маал-маалы менен катталып турат. Мындай көрүнүштөр убагында коомчулукта талкууланып, өкмөткө сын айтылганы менен убакыт өткөндөн кийин унутта калууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG