Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Баш прокурор Гуревичтин талабын айтты (видео)


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратура АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич менен тергөөчүлөр жолукканын ырастады.

Бир айга жакын убакыттан бери Кыргызстанда кызыгуу жаратып жаткан Евгений Гуревичтин "Азаттыкка" берген маегинде айткандары боюнча күч органдары Жогорку Кеңеште маалымат берди.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Гуревич менен 2015-жылы прокуратуранын тергөөчүсү жолукканын ырастады. Анын айтымында, ал кезде Алабамада жазасын өтөп жаткан Гуревич менен Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мелис Мурзаканов жолуккан:

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- Бизден бир эле кызматкер барган. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Мурзаканов. Ал жерде Гуревич айткан сөздү Кыргызстанга келип жетекчиликке билдирген.

Жамшитов кошумчалагандай, Гуревич ал жолугушууда кыргыз бийлигине өз талаптарын койгон. Анын сөздөрүндө конкреттүү маалыматтар камтылбаганы үчүн Кыргызстандын расмий органдары бул ишти уланткан эмес:

- Гуревич бизге конкреттүү далилдер менен айтса, биз иштейт элек. Ал бир да конкреттүү далил келтирбестен, оозеки түрдө эле 200-300 миллион доллар деп койду. Биздин тергөөчүлөр барып жолукканда деле кайсы банк, кайсы эсептер экени тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Ал Кыргызстандын үч баскычтагы сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, сыртынан 25 жылга соттолгон. Гуревич "ушул иштерди башынан карап, актап берсеңер" маалыматты берүү боюнча ойлоном деп жатат.

Ал эми АКШга барып, Гуревичке жолуккан тергөөчү Мелис Мурзаканов ал адамга Кыргызстан Бакиевдер чыгарган акчаны кайтаруу боюнча жалдаган "AKIN GUMP" юридикалык компаниясы өткөргөн иш-чаранын алкагында кездешкенин билдирди.

Ал Максим Бакиевдин ошол кезде абакта жаткан өнөгүн суракка алууга мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирди:

- Мени менен кошо Кыргызстандын элчилигинин кызматкери барган. Анда сурак болгон эмес. Бул "AKIN GUMP" юридикалык компаниясынын көтөргөн демилгеси боюнча 6 миллион долларлык доого байланыштуу жолугушуу болгон. Аны интервью деп коюшат экен, бирок сурак болгон эмес.

Евгений Гуревичтин "Азаттыкка" курган акыркы маегинен соң Бакиевдердин өлкөдөн каражат чыгарып кеткенине байланыштуу козголгон кылмыш иштери кайрадан жанданганын башкы прокурор маалымдады.

Учурда бул маселе боюнча кыргыз өкмөтү буга чейин кызматташып жүргөн "AKIN GUMP" юридикалык компаниясына жана айрым өлкөлөргө маалыматтар жөнөтүлүп жатат.

Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ал 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.


Ошондой эле Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып, кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун маалымдаган.

Маек жарык көргөндөн кийин Башкы прокуратура тиешелүү текшерүүнү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Бир айга жакын убакыт өткөндөн кийин парламентке эми маалымат берилүүдө.

Башкы көзөмөл органдын Жогорку Кеңешке берген маалыматы бир катар депутаттарды канааттандырган жок. Алар күч органдары ушул убакыт аралыгында Кыргызстан үчүн абдан зарыл болгон каражаттарды кайтаруу боюнча жетиштүү аракет көрбөгөнүн айтып жатты.

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Мурдагы ички иштер министри, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев прокуратура өкүлү Евгений Гуревич менен жолугардын алдында эмне себептен башка күч органдары менен бирдиктүү аракет көрбөгөнүнө кызыкты:

- Ишиңиздин планын түзүп бардыңыз беле? Жолукканда мындай суроолорду берем, муну билем деген максат болду беле. Сурак болсо анын протоколу барбы? Жолугушуу алдында УКМК, ИИМ, Финансылык чалгын кызматы менен маалымат алмашып, эмне маалыматтарды билүү зарыл деген иш болду беле? Эгер бул жок болгон соң, ал жакка жөн гана эс алууга баргандай болуп жатпайбы.

Чынында эле Евгений Гуревич "Азаттыкка" курган маегинде 2015-жылы кыргызстандык прокурор менен жолугушууда кеңири сүйлөшүүгө шарт болгонун, бирок кыргыз тараптан андан ары кызыгуу жаралбаганын билдирген:

- 2015-жылы кыргыз прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келишкен. Баарлашуу эки күнгө созулган. Балким алардын көз карашы боюнча бул сурак болгондур. Эки күндөн кийин эки прокурор мени селфи кылып (алар менен) сүрөткө түшүп коюшумду өтүнүштү. Анткени алар “антпесе Алабаманын түрмөсүнө барып Гуревич менен сүйлөшкөнүнө эч ким ишенбей турганын” айтышты. Бул мен үчүн күлкүлүү эле нерсе болду. Кандай болсо да, эки күн биз жетишерлик деңгээлде деталдуу сүйлөшүү өткөрдүк. Процесстин бул аспектиси боюнча (Бакиевдер уурдаган акча боюнча) аларга жардам берейин деп бир нече жолу сунуштадым. Кыргыз прокуратурасы тараптан кызыгуу болгон. Ал эмне үчүн андан ары уланбай калганы өзүмө деле толук түшүнүктүү эмес.

Жогорку Кеңештеги жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандан чыгарылган каражатты кайтаруу жана оор күнөөгө айыпталган мурдагы бийлик өкүлдөрүн жазага тартуу үчүн күч органдарын аракетти улантууга чакырышты. Маселен, депутат Каныбек Иманалиев бул жаатта эл аралык уюмдар менен кызматташып, Гуревич сыяктуу маалымат берүүнү каалагандары колдонуу зарыл деп эсептейт:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Гуревич бизди жакшы көргөнүнөн маалымат берем деп жаткан жок. Провокация же соодалашуу же чынында маанилүү маалымат. Алар бул жакта 14-16 жылга чейин кесилди. Кыргызстанга алар келе албайт. Бирок аларды колдонуу боюнча ой барбы? Муну аныктап алыш керек.

Орусияда туулуп-өскөн АКШнын жараны Евгений Гуревич мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин бизнес өнөгү болгон. Ал Максим ээлик кылган "Азияуниверсалбанкта" жана "MGN Group" компаниясында жетекчилик кызматта ээлеген. Апрел ыңкылабынан соң өлкөдөн качып, алгач Беларуска барып, андан АКШга өткөнүн ал "Азаттыкка" айтып берген. Гуревич Америкада финансылык мыйзам бузууга айыпталып, учурда абак жазасын өтөп жатат.

Евгений Гуревич Кыргызстанда бир нече айып боюнча күнөөлүү деп табылып, сыртынан 25 жылга эркинен ажыратылган.

Маалымат жыйындан видео

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG