Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Кыргызстан Пакистанга электр энергиясын сатууга кызыкдар


Кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев Пакистан өкмөт башчысы Юсуф Гилани менен. Бишкек, 15-март.
Кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев Пакистан өкмөт башчысы Юсуф Гилани менен. Бишкек, 15-март.

15-16-мартта Кыргызстанда Пакистандын өкмөт башчысы Юсуф Гилани иш сапары менен болду.

Эки өлкө өкмөт башчыларынын жолугушуусунда Кыргызстандан Пакистанга электр энергиясын экспорттоо маселеси да козголду. Бул канчалык реалдуу?

Кыргызстан менен Пакистандын мамилеси


Кыргызстан менен Пакистан дипломатиялык байланышы, эки жакта тең элчиликтери бар өлкөлөр. Бирок эки мамлекеттин соода-экономикалык байланышы дурус өнүгө албай турат. Маселен, өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү 4 млн. доллар болгон.

Ишкерлик чөйрөдө Пакистандын Улуттук банкынын Бишкекте бөлүмү бар. Бишкекте дары заводун куруу үчүн 1993-жылы Пакистан 10 млн. доллар насыя бөлгөн. Бирок ал коррупция, жабдуулардын эскилигине байланыштуу жаңжалдар менен коштолгон.

Буга карабай 15-мартта Алмазбек Атамбаев менен Юсуф Гиланинин сүйлөшүүсүндө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө басым жасалды. Кыргыз тарап Пакистан ишкерлерин тоо кен, кайра иштетүү, айыл чарба жана туризм тармактарына инвестиция салууга чакырууда.

Пакистанда Кыргызстан элчиси болуп келген, учурда Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Кыргызстан менен Пакистандын
ортосундагы мамилеге мындай пикирин айтты:

- Биздин мамлекет менен Пакистан ортосунда саясий мамиле болгону менен экономикалык алака жакшы деңгээлде эмес. Пакистан менен экономикалык мамилени жакшыртсак ал биздин экономика үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот эле. Буларда өзгөчө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү аябай өнүкккөн, чакан ишкерлик, майда ишканаларды өнүктүрүү чоң жолго коюлган. Бул жагынан алардан өрнөк алсак болот.

Асанов Пакистан ишкерлери Жалал-Абад облусунда өсүмдүк майын чыгара турган завод куруп, аны ишке киргизип жатканын да кошумчалады. Ал завод жылына 20 миң тоннага чейин чийки зат иштете алат. Андан чыккан май Жалал-Абад облусун толук камсыздайт.

Пакистанга электр энергиясын сатуу реалдуубу?

Кыргызстан Пакистанга электр энергиясын сатууга кызыкдар. Бул маселе эки өкмөт башчынын жолугушуусунда да козголду. Бирок аны аткаруу азырынча реалдуу эместигин адистер белгилешүүдө.

Кыргызстан жана Тажикстандын электр энергиясын Ооганстан аркылуу Пакистанга экспорттоону көздөгөн “Борборазия жана Түштүказиялык регионалдык электр энергетикалык базарын түзүү” же CASAREM деп аталган долбоорду эл аралык каржы уюмдары башта колдоого алган. Долбоорду аткаруу үчүн ар бир өлкө өзүнүн аймагынан өтө турган жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартууга тийиш деп белгиленген.

Кыргызстан Жалал-Абаддагы Датка станциясынан Тажикстандын Хожент шаарына чейин электр зымдарын тартууга тийиш.

Өлкөнүн жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тейлеген “Электр тармактар” ишканасынын мурунку жетекчиси Райымбек Мамыров бул долбоордун алдындагы маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Датка станциясынан Хожент-Душанбе жана андан ары кетиш керек эле. Бүгүнкү күндө Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы Ооганстанга чаканыраак, 110-200 килловаттык зымдар менен токту берип жатат. Бирок чоң линия боюнча ара-чоро сүйлөшүп коюп, аягына чейин чечиле элек.

Адистин айтымында, Тажикстан Кыргызстандын долбоорго кошулуусуна кызыкдар эмес. Андан сырткары электр энергиясы экспорттологон учурда электр зымдарын пайдаланган үчүн төлөмдөр тактала элек. Ооганстандагы коопсуздук маселеси да чечилбей турат.

Датка подстанциясын куруу жана Ош, Баткен облустарын карай жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартуу үчүн Кытай менен мурунку бийлик учурунда сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Ал үчүн 208 млн. доллар насыя бөлүү каралган. Жакын арада кытайлык адистер келип, долбоорду жеринде баалагандан кийин тийиштүү келишимдерге кол коюулушу мүмкүн. Бул долбоор аткарылса Кыргызстан түштүгүн Өзбекстанга кирбей туруп, электр энергиясы менен камсыздоого, ошондой эле Тажикстан аркылуу Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттого мүмкүнчүлүк жеңилдейт.

Пакистан өкмөт башчысы Юсуф Гиланини 16-мартта президент Роза Отунбаева да кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү талкууланган.

Эки өкмөт башчы биргелешкен декларация кол коюшту. Анда кызматташууларды өнүктүрүү менен катар терроризм, экстремизге каршы күрөштө максаттар бир экени белгиленген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG