Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер


Иллюстрация
Иллюстрация

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

Азыр кыздардын энеси Бишкектеги “Сезим” кризистик борборунда, ал эми секелектер башкалаадагы Балдарды коргоо борборуна жайгаштырылды. Жабырлануучулар шектүү мурдагы акимдин жээни болгондуктан, сотко кысым көрсөтүлүп жатканын билдиришип, ишти Чүй облусуна которууну өтүнүп жатышат. Ал эми экинчи тарап кысым жөнүндө айтылгандар менен макул эмес.

Айылдан кеткен үй-бүлө

Насиба Нурматова 2-февралда өзү жашаган Борбаш айылынан бойго жете элек эки кызы менен чыгып кеткен. Буга 11 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган коңшусунун туугандарынын тынымсыз кодулоосу түрткү бергенин билдирүүдө:

- Такыр күн көрсөтпөй калышты. Түнү деле шыйпырларга, терезелерге таш ыргытып тынчтык беришпейт. Көчөдө жүрсөк да асыла беришет. Кызымды болсо оозуна келген жаман сөздөр менен тилдешет. Мындайча айтканда эки баламды ойлоп качып эле келдим. Сот өтүп тынчыса, айылга кайтып барабыз.

Зөөкүрдүккө шектүү деген адам 14-февралда иштен алынган Ноокат районунун мурдагы акими Бекболот Айтиевдин бир тууган жээни. Секелектин энеси Айтиев баш болуп окуяны жаап-жашырууга умтулганын белгилейт. Анын айтымында, иш алгач белгисиз себептер менен ар кайсы сотторго которулуп, аягына чыкпай келген. Январда аны Ош шаардык соту кароого киришип, шектүүнүн жакындары секелектин энеси менен адвокатты сабап салган:

- 12-январда сот учурунда адвокатты телефонго сүрөткө тартып жатканда урушту. Мен да токмок жедим. Андан чыгып алып ооруканага барсак да жемелешти. Анын ортосунда айылда неберелери эки кызымды үйгө чейин кубалап келишиптир.

Шектүү тараптын жообу

Ошол эле маалда шектүүнүн туугандары өз дарегине айтылгандарды куру доомат катары баалап жатышат. Мурдагы аким Бекболот Айтиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жабырлануучу тарап кодуланган жок:

- Биз мыйзамдын адамыбыз. Мыйзамды бузбайбыз. Эгер мыйзам бузган болсок, эртең жооп беребиз. Мен аны жакшы түшүнөм. "Бизди сабады" деген болбогон сөз. Өзү кыздын ата-энеси кызыктай экен. Мени эмне аралаштырып жүрүшөт? Өткөндө аны кайненеси менен кошо Көк-Жар айыл өкмөтүнө чакыртып сүйлөшкөм. Мени эмнеге аралаштырып жатканыңарды, максатыңарды сураганы чакырдым дедим. Кийинчерээк журналисттерге "аким чакырып алып коркутту" деп маалымат бериптир. Кайненеси жанында отурган да. Аны кантип коркутмак элем?

Сот эрежелери бузулганбы?

Анткен менен айылда жашоодон чүнчүп кеткенин айткан секелектин үй-бүлөсү Ошто сот адилет өкүм чыгара турганынан күмөн санашат. Андыктан ишти Бишкекке же Чүй облусуна которуу өтүнүчүн келтиришкен.

Эрте никеге каршы мыйзам колдоо тапты

Эрте никеге каршы мыйзам колдоо тапты

Парламент турмуш курууга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Алардын укугун коргогон “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова аймакта сотко тоскоолдук жаралганын белгилеп, шектүү тараптын аракетине укуктук баа бериле электигин айтты:

- Тиги жигиттин күнөөлүү же бейкүнөө экенин аныктоо үчүн соттун бардык процедуралары сакталышы керек. Адвокатты, жабырлануучуларды сабап жатса, Ош облусундагы сотторго бул ишти кароо абдан оор болчудай. Экинчиден, шектүүнүн жакын тууганы мамлекеттик жогорку кызматта отурганы да таасир этип жатат. Кечээ кызматтан алынды, бирок баары бир таасири бар да. Тууган-уруктары уруп-сабоону токтотот деген кепилдик жок.

Борбаш айылында Насиба Нурматованын эки уулу кайненесинин колунда калды. Кызына байланышкан окуядан улам үй-бүлөгө да жарака кетип, жолдошу Орусияга кетип калган:

- Күйөөм деле, кайненем деле баарына мени күнөөлөштү. Жолдошум "ушулардын пейилин билет элең" деп, иши кылса баарын мага жүктөп коюшту. Аны деле түшүнүп жатам, тигилер асыла берип, көчөдө баса албай калды. Менин болгон күнөөм - ошолордун акчасын албай, чындык издегенимде болду.

Зордуктоо аракетине тушуккан секелек ушул тапта Бишкектеги Балдарды коргоо борборунда психологиялык жардам алууда. Аны өткөн жылы 12-июнда 30 жаштагы айылдашы зордуктоого аракет жасаган, он жаштагы сиңдиси болушуп, зөөкүрдүк ишке ашкан эмес. Секелектин ата-энеси эки күндөн кийин райондук прокуратурага кайрылган, кылмыш иши козголуп, материалдар сотко өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG