Күжүрмөн машыгуудагы жоокерлердин “бутасына” айланган айыл тургундары өздөрүн кырсык тооруп жүрөт деп чочулашууда. Ош гарнизондук аскер прокуратурасы акыркы окуядан кийин аскердик полигондун жарактуулугу боюнча маселеге баа берилерин убада кылды:
- Ок келип чатырга түшүп, устунга сайылып калыптыр. Аскер адамдары келип, чукуп алып кетишти. Ошол бойдон кайра келишкен жок, - деди Ош шаарынын батыш тарабында жайгашкан Керме-Тоо айылынын тургуну Сырга Шералиева.
Бул окуядан он күн өтпөй снаряд кошуна айылдын мугалими Аскербек Дөкөевдин үйүнө түшкөн. Мектеп мугалими бул учурда жумуш кийимин алмаштырып, бөлмөдөн чыгып баратканын айтты:
- Бөлмөдөн чыгып баратканда тарс деген үн чыкты. Короодо бир нерсе кулагандай туюлуп, сыртка чуркап чыккам. Эшик тынч. Анан аялым чакырды. Кирсем, мен кийим алмаштырган бөлмөдө чаң ызгып турган экен. Аман калганыма сүйүндүм. Кудай жалгап, жакындарыма да зыян келген жок. Бирок үйдүн бузулган жерлерин снарядды ким атса, ошол калыбына келтирип бериши керек деп эсептейм.
Керме-Тоо айылынын дагы бир тургуну Зулпукар Айтматов айылдын ар жерине снаряд түшүп жатканына көп эле жолу күбө болгон. Анын айтымында, снаряддарды аскер адамдары алып кеткени менен, эч кандай чара көрүшкөн эмес.
- Өзбекстандан атылабы же Кыргызстандан атылабы белгисиз. Зуулдап учуп келип ар жерге түшөт. Ал жерге түшкөндө терең кирип кетет экен. Ар жерден чаң чыгат, барып эле таппай калабыз. Бир жолу ташка тийип, ал жарылып кетиптир. Дагы бир жолу ойноп отурган жээнимдин жанына түшүптүр. Эжем ошондон кийин балдарын айылдан алып кетти. Бул нерсе токтобосо бир күн болбосо, бир күн бирөөнүн башына түшөт. Снаряддар көбүнчө күндүзү түшөт. Аскерлер келип алып кетишет, ошол бойдон жок.
27-апрелде турак үйгө түшкөн снаряд Коргоо министрлигинин Оштогу 36-806 аскер бөлүгүнүн БМП 2 үлгүсүндөгү машинасынан атылган ок болуп чыккан. Министрликтин маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбековдун айтымында, жабыркаган үйгө келтирилген зыянды министрлик төлөп бермей болду.
- Үй ээсинин аялы аман калганы үчүн ыраазылык, эч кимге доосу жок экени жана материалдык чыгымды гана төлөп берүүнү талап кылган тил кат берди. Биздин министрликтин Түштүк-батыш командачылыгы анын үйүнө келген чыгымды калыбына келтирип бермей болду.
Аскердик снаряддардын Керме-Тоо жана Кызыл-Байрак айылдарына карай атылышы биринчи окуя эмес. Бирок акыркы окуя Ош гарнизондук Аскер прокуратурасынын назарына илинип, иликтөөгө алынган. Ош гарнизондук аскер прокурору Өмүрбек Эрматов окуя менен кошо Оштогу аскер полигонунун жарактуулугу да иликтенерин айтты:
- Окуя болгон күнү эле бизге маалымат түшкөн. Ага карата тиешелүү экспертиза дайындалды. Мунун жыйынтыгына карап, күнөөлүү адамдарга карата юридикалык баа берилет. Ушул эле текшерүүнүн алкагында ошол полигондун ушундай окторду атканга укугу барбы деген маселеге да баа берилет.
Оштогу аскер полигону союз убагынан бери башка жакка которулган эмес. Бул арада айылдар кеңейип, полигондун айланасын турак үйлөр каптап калган. Бутага айланган Кызыл-Байрак жана Керме-Тоо айылдары Кара-Суу районуна карайт. Бул айылдар менен Оштогу аскер полигонун анча бийик эмес тоо бөлүп турат. Айылдын батыш тарабында Өзбекстандын да аскердик полигону жайгашкан.