Ош: дайынсыз жоголгондорго эстелик ачылды
Ош шаарында бүгүн төрт жыл мурдагы июнь коогасынын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Эскерүү "Энелердин көз жашы" эстелигинин алдында Куран окуу жана гүлчамбар коюу менен башталды. Анын жанында дайынсыз жоголгондор үчүн бешик формасындагы эстелик такта да ачылды. Ага июнь коогасында Ош шаарынан жана облусунан дайынсыз жоголгон 28 адамдын аты-жөнү жазылган. Бул 28 адамдын 13үнүн дагы деле өлүү-тирүүсү белгисиз. Калгандарынын сөөгү табылган.
Чыгарылыштар
-
Февраль 07, 2025
Жалал-Абад: Үч балалуу келиндин табышмактуу өлүмү
-
Февраль 06, 2025
Жалал-Абад: Мигрант энелер балдардын өмүрү үчүн жооптуу
-
Февраль 04, 2025
"Миллион доллар беребиз". Күмөндүү криптоактивди жарнамалоо жайылды
-
Январь 28, 2025
"Көчөдөгү кагаздар аркылуу жаштардын үнүн жеткирем"
-
Январь 26, 2025
Такси үчүн лицензия: Мыйзам кандай ишке ашат?