Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Индиялык студенттин өлүмүн комиссия териштирет


Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультети.
Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультети.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде окуп жүрүп каза болгон индиялык студенттин саламаттыгы начар болгону айтылууда. Учурда анын өлүмүн атайын комиссия териштирип жатат.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин студенти Нупта Раджат жакында каза болгон жердеши Сураб Тивари менен чогуу батирде жашачу. Ал дарыгерлик кесипти тандап алган жердеши өз ден соолугуна кам көрбөй, тескерисинче, спирт ичимдигине берилип кеткенин айтты:

Нупта Раджат.
Нупта Раджат.

- Ал акыркы убакта көп иче баштаган. Мындан улам анын ашказанында, боорунда оорулар пайда болду деп ойлойм. Ал өзүнүн оорулуу экенин билген жок. Биздин жана окутуучулардын айткандарын жасабай койду. Ага операция жасаганда көп оорулар аныкталды.

Ош мамлекеттик университетинде чет өлкөдөн келген үч миңдей студент билим алат. Аларга түзүлгөн шарт жергиликтүү студенттердикинен айырмаланбайт. Бирок чет элден келгендердин маселесин чечип, укугун коргоочу юрист бар. Ошондой эле окуу жайдын бейтапканасында төрт медицина кызматкери студенттердин ден соолугуна кам көрөт.

Абдыганы Абдувалиев.
Абдыганы Абдувалиев.

ОшМУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев буларды айтты:

- Биз атайын чет элдик студенттер үчүн юрист алганбыз. Алардын укуктарын коргоп, кандай маселе болсо да юрист ошол студенттер менен болот. Андан сырткары кадрлар бөлүмүндө адис иштейт. Керектүү кагаз, документтерди бүтүрүп, кеп-кеңеш берет. Биздин мыйзамдар менен тааныштырышат.

Окуу жайдын ооруканасына бир күндө жыйырмадай студент кайрылат. Чет өлкөлүктөр алгач келгенде айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү ашканага көнө албагандыктан тез сыркоолоп калышат.

Студенттик бейтапкананын дарыгери Замирбек Маткасымов айрыкча ашказан оорусу менен кайрылгандар арбын экенин айтты.

- Ачкалыктан каны аз болуп, ашказаны ооруп келишет. Көбүнчө эсин жоготуп калган учурлар болот. Бул илгертен эле келген студенттин оорусу да - булар тамак ичишпейт. Эртеден кечке ысык-суукка карабай чуркап жүрүшөт. Кан басымы төмөндөп келишет.

Жергиликтүү жаштар менен табышып, достошуп, карым-катнашта болуп, тойлорго катышып, жергиликтүү элдин каада-салтына, маданиятына кызыккан индиялык студенттер да бар. Алар билим алуу менен катар кыргыз тилин үйрөнүүгө да аракет кылышат.

Суднир Сураб.
Суднир Сураб.

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин студенти Суднир Сураб эки жылдан бери кыргызча анча-мынча үйрөнгөн.

- "Саламатсыңбы. Сенин атың ким? Сен канча жаштасың? Ден соолугуң кандай? Ооба, түшүндүм. Жок, түшүнбөдүм" деген сөздөрдү үйрөндүм. Кыргызча санаганды билем.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде 20 мамлекеттен келген 1500дөй студент билим алат. Алардын көпчүлүгү Индиядан жана Пакистандан келген студенттер. Чел элден Кыргызстанга билим алганы келгендер жатаканадан кыйналышат. Алар окуган окуу жайдын жатаканасы болгону менен жергиликтүү студенттерден артпайт.

Ош: студенттин өлүмүн комиссия териштирет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG