Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Ош: көмүр иси жети өмүрдү алды


Ош.
Ош.

Кыш башталбай жатып, Кара-Суу районунда бир аптада эки үй-бүлө көмүрдүн исине ууланып мерт кетти. Бул эки окуяны жергиликтүү милиция кырсык деп таап, кылмыш ишин козгогон жок.

3-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Сары-Колот айылынын 29 жаштагы тургуну Гүлүмкан Сулайманова, анын алты жаштагы кызы Мадина жана төрт жаштагы уулу Раатбектин сөөгү өз үйүнөн табылган. Андан эки күндөн кийин ушул эле райондун Нариман айылынан дагы бир үй-бүлө: үй ээси 55 жаштагы Абдухалил, анын жубайы Робия жана неберелери Гүлсанам менен Изатилло Яркинбаевдер каза тапкан.

ИИМдин Ош облустук башкармалыгынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев бул эки окуя боюнча кылмыш иши козголо элегин билдирди.

- Бул окуялар азыр кокустук деп бааланып жатат. Ошондуктан кылмыш иши козголо элек. Окуянын кандайча болгону иликтенүүдө. Көмүрдүн исине ууланган деп болжолдонуп жаткандыктан, ал кандай көмүр эле, кайсыл жактан алынган, аны жаккан меши кандай эле деген суроолор боюнча адистер менен кеңешип жатабыз. Негизи көмүрдүн сапаты, эл колдонуп жаткан мештердин талапка жооп бергенине тиешелүү кызматтар кызыкпай жатат. Балким элге түшүндүрүү иштери мурдараак жүргөндө мындай окуялар болбойт беле деп ойлойбуз.

Оштун базарында сатылып жаткан темир меш
Оштун базарында сатылып жаткан темир меш

Учурда Оштогу керек-жарак базарларында жука туникеден, калыңдыгы 1-2 диаметр болгон темирден колдо жасалган мештер сатылууда. Али аттуу жеке ишкер өзү саткан мештери тууралуу буларды айтты.

- Отунга үнөм болсун деп чакан мештерди жасап жатам. Темири калың. Беш-алты жыл кызмат кылат. Морун түз койсо эч жеринен түтүн чыкпайт. Бир да жеринде жылчык жок. Эл арзанына кызыкпай ушундай мештерди алуусу керек да. Тунике мешти алышат. Анын бир жери тешилсе эле бүттү. Ошондон кудай сактасын.

Алиге окшоп өзү каалаган материалынан, каалагандай өлчөмдө мештерди жасап сатуу Ошто кадимки көрүнүш. Ош облустук экологиялык жана техникалык инспекциясынын жетекчиси Рысбек Юсупов мештин жана базардагы көмүрдүн сапатын мамлекеттик стандарт, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу кызматтар көзөмөлдөшү керек дейт.

- Негизи мештин түтүнү мор менен сыртка чыгышы керек. Азыр базарда сатылып жаткан мештердин баары эле талапка жооп бербейт да. Ар ким өзү каалаганын сатып жатат. Аны текшерген адам жок. Мамлекеттик стандарт, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деген кызматтар бар. Мештин, көмүрдүн сапатын ошолор текшериши керек. Биз мыйзамдын аткарылышын гана көзөмөлдөйбүз.

Өз алдынча көмүр казгандар
Өз алдынча көмүр казгандар

Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясы кырсыктардын алдын алууга жетиштүү укуктары жок экенин жүйө кылышууда. Аталган мекеме жетекчиси Төлөгөн Келдибаев мындай деди:

- Биз жылына бир гана жолу гана эл керектөөчү тамак-аш жана буюмдарга байкоо жүргүзөбүз. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузууну байкаган болсок ага чара көрө албайбыз. Ишти милицияга, санэпидемстанцияга же прокуратурага өткөрүп беребиз. Ал боюнча чара көрүү милдети ошолорго өтөт. Негизи биздин ишибиз тууралуу мыйзамдар азыркы замандын талабына жооп бербей калган. Жетиштүү мыйзамдык база болгондо бир ай ичинде тартипти орнотуп коймокпуз. Анын үстүнө мештердин же көмүрдүн сапаты боюнча бизге бир да арыз түшкөн жок.

Кара-Сууда эки үй-бүлө мүчөлөрү удаасы менен мерт кетсе да бир дагы мамлекеттик мекеменин мындан кийинки кырсыктардын алдын алуу аракети байкалган жок. Эки үй-бүлөнүн күм-жам болушуна көмүрдүн иси себеп болушу мүмкүн деген божомол менен иш жабылуу алдында турат. Анткени каза болгондордун жакындары окуя боюнча эч бир мекемеге арыз жазып, кайрылган эмес.

XS
SM
MD
LG