Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Саны көп, салмагы жок партиялар


Кыргызстанда саясий партиялар шайлоо алдында гана активдешет.
Кыргызстанда саясий партиялар шайлоо алдында гана активдешет.
Кыргыз Республикасында 2009-жылдын 1-ноябрына карата Юстиция министрлигинде 105 саясий партия каттодон өткөн, 2011-жылдын 30-июнуна карата 156 партияга өскөн, ал эми 2014-жылдын 1-январына саясий партиялардын саны 190го жетти. Кыргыз парламентиндеги 120 орун учун акыркы шайлоодо 29 партия ат салышып, натыйжада 5 партия (КСДП, “Ата-Журт”, “Республика”, Ата Мекен”, “Ар-намыс” Жогорку Кеңешке келишти. Революциячыл кыргыз өлкөсү бул жагынан да алдына ат салдырбай келет. Бирок саны көп партиялардын салмагы, сапаты, кебете-кешпири (портрети) кандай, баам салып көрөлү.

ДЕГИ ПАРТИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Саясый партия классикалык жана дүйнөдөгү азыркы тажрыйбага таянсак төмөндөгүдөй болушу керек. Биринчи – анын идеологиясы болушу зарыл. Экинчи – мыкты лидери. Үчүнчү – уюштуруу курамы: бардык аймактарды камтыган баштапкы уюмдары, ячейкалары. Төртүнчү – шайлоолорго чейин, шайлоодон кийин да колдой турган социалдык таянычы, электораты болушу кажет. Бешинчи – коомдун элиталык жана башкаруу чөйрөсүндөгү алдыңкы, мыкты өкүлдөрүнүн болушу шарт. Алтынчы – партиянын интеллектуалдардан турган уюткулуу ордосу, ядросунун болушу зарыл. Жетинчи – партиянын маалымдоо каражаттарынын болушу. Сегизинчи – өз алдынча каржыланган акчасынын болушу. Тогузунчу – партиянын саясый тарыхы же саясый айдыңдагы узак убакытка жашоо тажрыйбасы, баскан жолу айтылат.

Кыргызстандын мисалында көп партиялуу тутум ХХ кылымдын 90-жылдарынан башталып, аздыр-көптүр өнүгүү жолунда баратат десек болот. Андан бери бир топ убакыт өткөнүн эске алсак, өткөөл мезгилдеги саясый партиялардын абалына мүнөздөмөлөрдү берүүгө мезгил жетти деп ойлойбуз. Ошондуктан кыргыз саясый партияларында жогоруда биз санаган 9 белги барбы, издеп көрөлү. Кыргызстандагы партиялык тутум демократиялык эрежелерге төп келеби, келбесе да жакындашабы, бул өлкөдө кадимки кадик көп партиялык тутум түзүүгө шарттар барбы, талдап көрөлү.

Кыргызстанда көп партиялуулуктун негизи бар. Кечээ жакынга чейин 1999-жылы кабыл алынган "Саясый партиялар жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде иш алып барышты. 2008-жылы 13-июнда "Ак жол" партиясы басымдуулук кылган Жогорку Кеңеш "Саясый партиялар жөнүндөгү" акыркы мыйзамды кабыл алган. Бир сөз менен айтканда Кыргызстанда партиялар үчүн укуктук база бар, жаңы кабыл алынган мыйзам идеалдуу болбосо да мурдагыларга караганда бир топ прогрессивдүү. Эң негизги эреже – саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам бир гана максатты көздөшү керек: атуулдардын саясый активдүүлүгүн коргоо жана колдошу гана керек.

Көп партиялуу тутум – өлкөнүн демократиялык багытта өнүгүшүнүн кепилдиги. Реалдуу аракеттеги көп партиялуу тутум түзүлгөн жерде оңчул, солчул экстремисттик, охлократиялык, авторитардык же тоталитардык көрүнүштөр коркунучтуу эмес. Тилекке каршы, азыркы Кыргызстандын акыркы жылдарына көз ­­­чаптырсак партиялардын реалдуу аракеттерине шарт түзүлбөй келет. Маселени тереңирээк талдоо үчүн кыргыз партияларынын портретин төмөндөгүдөй тарт­сак болот.


Колот партиялар

Кыргызстандагы партиялардын көбүнүн жогору жагы эле көрүнүп, өлкө борбору – Бишкекте эле иштешет, аймактарда алардын таасири анча деле байкалбайт. Ошондон улам азыркы партиялардын эң негизги көйгөйү коомдун чыныгы социалдык түзүлүшүн чагылдыра албайт, так идеологиялык багыты жок болгондуктан, элдин колдоосуна ээ боло албай келет. Алардын көпчүлүлүгү саясат таануунун тили менен айтканда – протопартиялар, саясый клубга окшогон уюмдар же кыргызча айтканда "колот партиялар". Өзүн партия деп атап алганы менен жалпы республикалык деңгээлдеги социалдык базасы жок саясый уюмдар.

“Оптом” кирмей адаты

Кыргызстандагы партияларда оңго тартса оңго, солго тартса солго кете бермей туруксуздук мүнөздүү. Бийлик түзгөн партия эмне десе аны ээрчимей, кошулуп алмай адат болуп калган. "Содружество", "Санжыра", "Жаңы Кыргызстан", "Ар-намыс" ж.б. партиялар Бакиев бийлиги убагында "Ак жол" партиясын колдой тургандыктарын, айрымдары керек болсо кошула турганын жар салып жиберишкен. Акаев заманында "Адилет" "Биримдик" ж.б. партиялар бийликчил "Алга, Кыргызстан" партиясына биригем деп билдирүү таратышкан.
Акаевдин президент кезиндеги бийликчил "Алга, Кыргызстан" партиясына мамлекеттик чиновниктер, мугалимдер, медицина кызматкерлери күтүрөп өтүшсө, Бакиев маалында "Ак жол" партиясына ошолор эле “оптом” киришкен. Атамбаевдин презеденттик доорунда бул тенденция өзгөргөн жок, кызмат алыш үчүн, депутат болуш үчүн башка партиядан бийликтеги КСДП партиясына өтө качуу уланууда.

Партияга мүчө болуу, андан чыгуу, кошулуу көйнөк алмаштыргандай кадимки көрүнүшкө айланган. Партия ичиндеги уставдык принциптер, ички тартип, этикалык эрежелер, абийир, ар-намыс деген дегеле сакталбайт. Кайсы бир партияга кошулуу, убактылуу аны колдоо чечимдери партиянын курултайларында же саясий кеңеште эмес, бир ууч партия төбөлдөрүнүн оозеки макулдашуулары менен ишке ашып келатканын байкоого болот.

Кызматтан түшкөндө партия ачышат

Партия түзүүгө тарыхый, саясий-социалдык шарт түзүлүш керек экендиги белгилүү. Кыргызстанда болсо кызматтан түшкөн жетекчилер партия түзө калмай адатка айланган. Алар иштеп жаткан кайсы бир партияга кошулуп, саясий көз карашын ошол жерден көргөзүүнү намыс көрүп, өз алдынча уюм түзүүнү артык көрүшөт. Мында экс-чиновниктердин өз керт башын ойлогон жеке амбициялары алдыңкы планга чыгат. Алардын айрымдарын эле эске салалы: Үсөн Сыдыков "Жаңы Кыргызстан", Кеңешбек Дүйшөбаев "Акыйкат-справедливость", Бакирдин Субанбеков "Бир эл", Болот Жанузаков "КУТ", Жантөрө Сатыбалдиев "Бакубат Кыргызстан", Аликбек Жекшенкулов “Акыйкат”, Кубанычбек Жумалиев “Нур Мекен”, Накен Касиев “Элет”, Ш. Осмонов “Айкөл Манас”, Эмилбек Каптагаев “Улуу Биримдик”, Эднан Карабаев “Санжыра”, Дастан Сарыгулов “Куттуу эл”, Тажикан Калимбетова “Абийирдүү Кыргызстан”, Руслан Сарымсаков “Комсомол”, Мамбетжунус Абылов Өнүгүү демократиялык партиясын уюштурушкан. Мурдагы чиновниктердин партияларынан программаларында айырмачылык деле жок, тескерисинче коёндой окшош. Баары либералдык багытта, баары демократияны, жеке менчикти, сөз эркиндигин, парламенттик башкарууну ж.б. баалуулуктарды колдошот. Көпчүлүгү түзүлгөндөн бери ооз ачбайт. Айрым бир гана окуяларга байланыштуу лидерлердин учкай билдирүүлөрү гана болбосо, “чиновник-партияларды” дээрлик эл билбейт.

Биз кызматташкан эксперт-адистердин ой-пикирлерин, жыйынтыктарын эске алсак республиканын коомдук-саясий турмушундагы партиялардын иш аракеттерин темөндөгүдөй үч топто бөлүп бааласа болот.

1. Активдуу партиялар: 12 партия

Баалоо критерийи: Партия үзгүлтүксүз шайлоолорго катышат, парламентте мүчөлөрү бар. Парламентке кирбей калса да саясий акцияларды, башка иш чараларды дайыма уюштуруп, мамлекеттик тигил же бул маанилүү маселелер боюнча дайыма өз позициясын билдирип турушат.

2. Пассивдуу партиялар: 31 партия

Баалоо критерийи: Партия шайлоолорго сейрек катышат, парламентте мүчөсү жок, айрым саясий акцияларда катышат, кээде партия же лидерлери билдируулер менен да чыкканы болбосо саясий майданда салмагы жок. Бул партияларды аздыр-көптүр эл билет.

3. Аты бар, үнү жок, каттоодон турган калган партиялар: 147 партия


Баалоо критерийи: Республиканын ар кыл тармагында эмгектенген белгилүү, белгисиз адамдар аркылуу түзүлүп, саясий аракеттерди жасашпайт. Парламенттик шайлоого, акцияларга катышпайт, саясий кайрылуу же билдирүү менен чыгышпайт, үн катышпайт. Эл бул партиялардын атын, затын да билбейт.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Өнүккөн көп өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй партиялык саясый тутумдун туруктуулугу партиялардын санына байланыштуу эмес. Ошондуктан Кыргызстандын саны көп партиялары менен мактануусу орунсуз эле көрүнүш. Ошондуктан эмне кылуу керек? – деген суроо туулат.

Биринчи. Албетте, бардык эле өлкөлөрдө майда, чоң партиялар бар. Саясый тутумдун классикалык үлгүлөрүнө кайрылсак, партиялар Батыш Европада, Америкада коомдо негизги кыймылдаткыч күч катары бааланат. Туруктуу демократия­лык салты бар өлкөлөрдө 20-25тин тегерегинде партиялар бар. Кыргызстан дал ошол жолду үйрөнүшү керек. Коомдун кыймылдаткыч күчүнө айланган жалпы улуттук партиялар өсүп чыгышы зарыл. Ошол партиялар жалпы шайлоочулар, мамлекет алдындагы жоопкерчиликти алганда гана партиялык системанын өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Ошондуктан Кыргызстанда өнүк­көн өлкөлөрдүн өр­нөгүн алып, жакынкы келечекте таа­сирдүү делген 3-4 партия, “экинчи эшалондо” деп эсептелген дагы 5-6 партия калышы керек. Калганы биригүү же жоюлуу жолуна кетиши зарыл.

Экинчи. Партиянын өсүшүнө, бутуна турушуна мамлекет тарабынан мыйзамдуу, моралдык жактан да шарт түзүү керек. Пар­тия­лар ортосундагы чыныгы атаандаштыктын өсүшү­нө мүм­күнчү­лүк берүү зарыл. Акаев, Бакиев доо­­­­рун­дагыдай бийликте турган­дар кам­­чысын үй­­­­­­­­рүп,­ мый­­замды бузуп, өзүнөн башка партияларды басынта берсе, куугунтуктай берсе анда эч натыйжа чыкпайт, эл жактырган массалуу партиялар өс­пөйт.

Үчүнчү. Бардык партиялардын программалары элге толук жетиш керек, аларды салыштырып окууга, таанышканга, анализ жасаганга шайлоочуларда мүмкүнчүлүк болушу шарт. Шайлоочу добуш берген пар­­тиясынан берген убадаларынын аткарылышын суроого, талап кылууга мыйзам жү­зүндө да укугунун болушу керек.

Ошондо гана партия эл алдындагы жоопкерчилигин сезип, ар кадамын жаза баспаганга аракети күч болот, кыргызча айтканда чыйралат, өнүп-өскөнгө умтулат, жалпы улуттук деңгээлге жетүүгө жан үрөйт.

Бакыт ОРУНБЕКОВ, саясий илимдердин кандидаты
XS
SM
MD
LG