Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Инвесторлорду кысмактоо канчалык орундуу?


Алтын кенин иштетмекчи болгон кыргыз-кытай ишканасына болгон нааразылык акциялардын биринен. Чүй облусу.
Алтын кенин иштетмекчи болгон кыргыз-кытай ишканасына болгон нааразылык акциялардын биринен. Чүй облусу.

Кыргыз бийликтери чет жердик компаниялардын ишканаларына кол салуу фактылары инвесторлорду качырып жатканын жарыялады.

Жакында эле Кара-Балтада мунайзатты кайра иштетүүчү кытайлык ишкананы башка жакка көчүрүү боюнча нааразылык жүрүшү өттү. Коомдук телеканалда кен жайларды сатуу аукциону үзгүлтүккө учурады. Былтыр Таласта кен чалгындап жаткан компаниянын кампалары өрттөлгөн болчу. Кысым көрсөткөн тарап болсо өлкө байлыгын сактоо тилегинен улам ушул кадамга барып жатканын жүйөө кармоодо.

Чет жердик компанияларга күч менен кысым көрсөтүү Кыргызстандын беделине доо кетирбейби? Кен чалгындаган жана иштеткен компаниялардын ишине көзөмөл жүргүзүүнүн кандай жолдорун сунуш кыласыз?

XS
SM
MD
LG