Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев ооруканага которулду


Өмүрбек Текебаевди коргоо акциясы.
Өмүрбек Текебаевди коргоо акциясы.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий маалыматына ылайык, ал бейтапканага дарыгерлердин сунушу менен жаткырылды. Экс-депутат дарылангыча сакчылардын көзөмөлүндө болот. Айрым талдоочулар муну саясий жүрүш катары да баалап атышат.

Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборундагы кадимки палаталардын биринде дарыланууда.

Аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Жамиля Иманакунова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, саясатчы 31-июлда күндүз саат он бирлерде кайтаруучулардын коштоосунда алып келинген:

Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борбору.
Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борбору.

- Учурда абалы канааттандырарлык. Ооруканага келгенде деле абалы дурус болчу. Медициналык кылдат текшерүү жүрүп жаткандыктан, диагноз тууралуу так маалымат айта албайм. Ал кайтарууга алынган. Жакындары менен жолугушууга

Дарыгерлерге соттолгон кишилерди жакындары менен жолугушууга уруксат бербеген эреже тууралуу эскертилген. Мындан улам жубайы Айгүл Текебаева күйөсүнө кезиге албаганын, адвокаты жана парламенттеги депутаттар кабар алып чыкканын “Азаттык” радиосуна айтты:

Текебаев менен көрүшүп чыккан Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да партия башчысынын саламаттыгы канагаттандырардык деп билдирди. Анын айтымында,дарыгерлер Текебаевдин жүрөгүндө жана белинде оорунун белгилери бар деген болжолдуу тыянак чыгарып жатышат.

Саясатчы камакта отурган №47 абактагы медициналык мекемеде анын саламаттыгын чыңдоого толук мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Эми мыйзам талабына ылайык комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтөт. Анын жыйынтыгы менен Өмүрбек Чиркешовичти кайра №47 абакка алып баруу же ушул эле жерден комплекстүү дарылануудан өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынат. "Депутаттардын макамы жөнүндө" мыйзамга ылайык, биз кирип жолугуша алабыз. Башкаларга уруксат берилбейт. Беш-алты жылдан бери Текебаевдин жүрөгүндө аритмиясы бар болчу. Ошол таасир этти деген божомол бар, - деди Шыкмаматов.

Абактагы Текебаев ооруканага жатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

​Ал ЖАМКтын жетекчилигине депутаттар кайрылганын, жубайы жана кичи кызы менен жолугушууга уруксат берүүнү суранганын кошумчалады. Азырынча ага жооп бериле элек.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертиш үчүн ооруканага убактылуу которууну анын үй-бүлөсү өтүнгөн. Саясатчынын ден соолугуна байланыштуу маселе парламентте да козголуп, айрым депутаттар "анын ден соолугу жакшылап текшерилип, зарыл болсо дарыланышы керек” деген мазмундагы кайрылууга кол топтошкон.

Ал эми талдоочу Марс Сариев Текебаевдин абактан сыртта дарыланууга жаткырылышын саясий жүрүш деп, муну азыркы бийликтин күчтөнүү аракети катары баалады:

Марс Сариев
Марс Сариев

-Бул деле технология. Азыр ооруканага которулду. Балким күздө саламаттыгына байланыштуу деп түрмөдөн чыгарышы да ыктымал. Ошондо мурдагы президент Атамбаевге каршы күчтөр көбүрөөк болуп калат. Байкасаңар, Текебаевдин ооруканага чыгарылганын деле уу-дуу кылбаганга, элдин көңүлүн бурдурбаганга аракет кылып жатышкандай. Абакттагы саясатчыларды ден соолугуна байланыштуу деле дарыланууга чыгарбай, абалы оорлоп кеткиче кармаган учурлар болгон эмеспи.

Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Муну мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалаган Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, ал эми Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөп жатат.

Саясатчынын адвокаттары ишти кайра кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Көзөмөл органы "Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө текшерилген" деп аны кайра караган эмес. Адвокаттар буга макул болбой, Бишкектин Октябрь райондук сотуна даттанып, сот арызды өндүрүшкө алуудан баш тарткан. Натыйжада актоочулар шаардык сотко арызданган.

Бишкек шаардык сотунун Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегиясы 25-июлда арызды кароодон өзүн четтетип, аны 15-августта башка соттук коллегия карамай болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG