Жогорку Кеңештин камактагы депутаты, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагынан жазган кайрылуусунда фракция лидерлигин соңку окуяларга толук кандуу катыша албай жаткандыгынан улам өткөрүп берерин билдирген.
Андан тышкары ал жетектеген партия менен парламенттеги фракциясы өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларда татыктуу орун ээлеп, тарыхка өз салымын кошуусу зарыл деп белгилеген. Ушундан улам фракцияны жетектөө милдети депутат Алмамбет Шыкмаматовго жүктөлдү.
Бишкек шаардык соту 2-октябрда "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен жана үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин деген Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Мыйзамга ылайык, шаардык соттун өкүмү угузулары менен күчүнө кирет. Эми Текебаев менен Чотоновду жалпы абакка которуу жана Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселелери каралат.
Сот Текебаев чогулткан кол тамгаларды жараксыз деп тапты
Сот Текебаев чогулткан кол тамгаларды жараксыз деп тапты
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун "Азаттык" радиосуна белгилешинче, сот өкүмү күчүнө киргенден кийин бир ай аралыгында БШК чечим кабыл алууга тийиш.
- Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин бир ай ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алат. Өкүмдү беш күндүн ичинде биз сот органдарынан расмий алабыз.
Азырынча соттун Текебаев жана Чотонов боюнча чечими Жаза аткаруу кызматына да бериле элек. Аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, сот чечими берилгенден кийин айыпкерлер №1 Тергөө абагына которулат. Ал жерде он күндүн ичинде бардык медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, анан жалпы абакка кетишет.
- Соттолгон киши менен өкүмдү чогуу алып келишет. Биринчи №1 Тергөө абагынаалынып келип, анан бөлүштүрүүлөр болот. Өкүмдө жазылганына карап, режимине жараша алынып барылат. Алгач он күн сөзсүз түрдө карантин болот. Бардык медициналык текшерүүдөн өткөрөбүз.
Ал эми үй-мүлкүн конфискациялоо маселеси адвокаттардын арызы менен сотто кайра каралышы мүмкүн. Соттун жогорку инстанциясына арыздануу маселеси Өмүрбек Текебаев менен макулдашылган соң чечилерин адвокат Канат Хасанов "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Азыркы өкүм мыйзамсыз чыгарылды, мыйзамдар одоно бузулду. Жогорку инстанцияга кайрылуунун өз эрежеси бар, биз ошонун негизинде Жогорку сотко кайрылабыз деп ойлоп жатабыз. Бирок аны Өмүрбек Текебаев өзү чечет. Соттун чечиминде конфискация тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Берене өзү мүлктү мамлекетке чегерүүгө жатпайт. Анткени 303-беренеде кимдир бирөөгө зыян алып келген учурда гана мүлктү конфискациялоо практикасы бар. Бул коюлган айыпта, өкүмдө ким зыянга учураганы далилденген жок. Бирок Өмүрбек Текебаевдин кыйраткан деле мүлкү жок.
Шаардык сот өкүмүн айыпталуучуларды жана алардын адвокаттарын катыштырбастан чыгарган. Сот өкүмдү окуй баштаганда залда отургандар нааразылык билдирип, мекемеден чыгып кетишкен. Адвокаттар айыпкерлердин суралбаганын, жарыш сөзгө чыкпаганын белгилеп жатышат.
Буга чейин Өмүрбек Текебаев Коомдук биринчи каналдан июнь коогасы боюнча айыпталган Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин тиешеси бар, ал бир топ мүлкүн апрель ыңкылабынан кийин топтогон деген мазмундагы материал көрсөтүлгөндөн кийин өзүнө жана жубайына тийиштүү деген мүлктөрдү санап берген. Ал эки батири, Орто-Сай-2 айылында үй куруп жатканын, кеңсе жана туугандары менен бирге курган мини ГЭСи, автоунаасы бар экенин билдирген.
Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап жатышат. Ал эми Башкы прокуратура мындай айыптоого негиз жок деп билдирген.