Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Оторбаев: адам укугу жаатында маселе көп


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Кыргызстанда адам укугу жаатында маалыматтарды кенен жайылтуу үчүн эки айлык жарыяланды. Анда калың журтка адам укугу жаатында декларациянын маанилүүлүгүн жеткирүү тапшырмасы каралды. Акыйкатчы институту бул аралыкта бардык тармактагы адамдарга адам укугу жаатында түшүндүрүү жана жайылтуу иштерин жүргүзүүнү көздөөдө.

Иш-чара тууралуу кененирээк акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Кубат мырза эмне себептен эки айлык жарыяланды, бул аралыкта эмне иштерди жүргүзгөнү жатасыздар?

К. Оторбаев: Эң негизгиси, өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргызстан өзүн суверендүү, демократиялуу, адам укугун сыйлап, урматтаган өлкө катары жар салган. Жыл сайын 10-декабрь БУУ тарабынан адам укуктарынын күнү деп айтылат. Ошого ылайык биздин эки айлыктын жыйынтыгы 10-декабрга барып жыйынтыкталышы керек.

Себеби азыр дагы деле болсо адамдар өз укуктарын жакшы билишпейт. Ошондуктан биздин жарандардын, адамдардын укуктук жактан аң-сезимин арттырып, билимин тереңдетүү максатында эки айлык жарыялап атабыз.

“Азаттык”: Иш-чараны кантип жайылтасыздар, анын алкагында эмне болот?

Кубат Оторбаев: Эки айлыктын алкагында биз ар түрдүү жолугушууларды өткөрөбүз. Атап айтканда, жер-жерлерде биздин өкүлчүлүктөр бар, алар аркылуу жумуштар жүрөт. Атайын эки айлык программа кабыл алынды.

Мындан тышкары биз жогорку окуу жайларында, мектептерде, бала-бакчаларда “адам укугу деген эмне?” деген темаларда лекцияларды өткөрсөкпү деп атабыз. Ошондой эле жабык мекемелерде капысынан текшерүү болот. Ушул иштердин бардыгын жыйынтыгын 10-декабрга карата чыгарабыз. Кошумчалай кетчү нерсе, ЖМК арасында дагы адам укуктарын мыкты чагылдырган темалар боюнча сынак жарыяланып жатат.

“Азаттык”: Деги эле Кыргызстандагы адам укугу жаатындагы абалды омбудсмен катары кандай баалап кетесиз, кайсы жаатта дагы деле көйгөйлөр калып жатат?

К. Оторбаев: Жалпысынан алганда бизде салыштырмалуу дурус деп айтабыз, бирок ошентсе да өтө көп маселелер бар чечилбеген. Атап айтсак, балдардын укуктары боюнча абал – бул миграция маселеси менен өтө тыгыз байланышта калып жатат. Анткени Тышкы иштер министрлиги жакында эле миллиондон ашык биздин жаран башка өлкөдө жүргөнүн жарыялады. Мына ошолордун балдары өзгөчө коркунучтуу жагдайда тарбияланып өсүп жатат. Андыктан балдарга билим берүү жана коопсуздугун сактоо маселеси эң негизги маселелердин бири.

Экинчи маселе – жабык мекемелердин реформасы боюнча. Коргоо кеңеши жакында эле чечим чыгарып, анда түрмө-абактарда реформалар жүрүшү керек эле. Азыр мына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы реформа баштаганын айтыш керек. Бирок жабык мекемелер дагы деле өтө оор абалда. Ал жакта санитария, тамак жана ден соолук, медицинага болгон укуктары калып жатат.

Үчүнчү чоң маселе – жабык мекемелердин катарында психикалык ооруканалар тууралуу айткым келет. Ошол жакта жаткан адамдардын укуктарынын маселеси чоң көйгөй бойдон калууда. Булар менен катар таза сууга деген укуктуу дагы айтып коюшум керек. Себеби бул дагы көп эмгекти талап кыла турган маселелерден болуп калды.

XS
SM
MD
LG