Аз күндүн ичинде мектептер документалдык жактан да биротоло кыргыз мектептери болуп өзгөртүлмөкчү.
Мектеп мугалимдери жана бийликтер бул ата-энелердин жана окуучулардын каалоосу экендигин айтышууда.
Ыр жаттап, кайра аны көркөм окуп, балдар кыргызчага тилин көндүрүшүүдө. Буга чейин кыргыз тил сабагында гана үйрөнүп келишкен болсо, эми алар ар бир сабакты мамлекеттик тилде өтүп жатышат.
Бир чети бул ата-энелердин талабы болуп жатса, экинчи жагынан окуучулардын өздөрүндө да кызыгуу пайда болуп калгандай. 7-класстын окуучусу Зилола Бахтияр кызы:
- Мектебибизди кыргызча кылууну биздин ата-энелерибиз айтып, талап кылышты. Алар муну менен бизди – балдарды мамлекеттик тилди билүүбүзгө жакшы шарт түзүү максатын коюшту. Биз кыргыз тилин жакшы билсек, өзүбүзгө эле жакшы болот экен. Биз азыр эле түшүнүп калдык, жогорку окуу жайына тапшырганыбызда дагы тилди билгенибиз чоң жардам берет экен. Мамлекеттик тестке тапшырганда дагы упай алуу оңоюраак.
Зилола көчөдө да кыргыз тилин билүү муктаждыгы пайда болуп калганын кошумчалайт:
- Ары-бери басканда да, шаарга чыкканда да таза кыргызча сүйлөп калсак, биздин өзбек экенибизди деле билбей калышат. Паспортубузду карап эле билип алышпаса, болбосо так сүйлөп турсаң көп деле жээришпей калат. Экинчиден, тилди билсек сый да болот, анан өзбек-кыргыз балдарынын ортосунда достук болот. Ошого биздин көп эле классташтар кыргыз тилине кызыгып атышат.
Буга чейин так ушул мектепте бир кыргыз классы түзүлүп, андагы 28 окуучу өткөн жылы мектепти аяктаган. Алардын 20сы жогорку окуу жайына өтүп, ону бюджетке кабыл алынган. Так ушул практика да мектепти кыргызчалаштырууга салым кошкондой.
Ноокат районундагы Мырза Улукбек атындагы бул өзбек мектеп кыргыз тилинде окутууну ушул окуу жылынан баштады.
Бул жылы мындан башка дагы 6 өзбек мектеби толугу менен кыргыз тилдүү мектепке айланды. Бул балдардын жана ата-энелердин талабы болгондугун мектеп директору Чаманхан Абдукахарова тастыктоодо:
- Биздин балдарыбыз да жогорку окуу жайларда окуп, мамлекеттик кызматтарга иштесин деп, ата-энелердин баары ушул маселени чогулуштарда көтөрүштү. Аким келгенде да кайрылуу жазып жөнөтүштү. Буга чейин өзбек тектүү балдар жалаң өзбекче окуп, кыргызча билбей, Кыргызстандын ичиндеги окуу жайларга өтө албай кала берчү. Ал эми Өзбекстан бизди окууга алмак турсун, чек арадан өткөрбөйт. Ошол себептүү бул учурдун талабы болуп калды. Биз Кыргызстанда жашагандан кийин кыргызча жакшы билишибиз керек экендигин эл эми түшүндү.
Жергиликтүү бийлик да мектептерди кыргыз мектептерине айлантуу жөндөн жөн чыкпагандыгын айтышат. Ноокат районунун акими Замир Аскаров бул мурдатан келаткан зарылчылык экенин белгилейт:
- Муну так айтып коюш керек, эч ким эч кимди мажбурлап жаткан жок. Дегеле бирөөнү мажбурлоого мыйзам такыр жол бербейт. Бул - ата-энелердин талабы. Мен ар бир жолугушууга барганда эл катуу талап кылып, айтып жатышты. Анан акырындап ишке ашыралы дедик. Өздөрүнүн сунушу менен ушу быйыл райондо 7 өзбек мектебин кыргызча окутууга өткөрдүк.
Соңку практика жемиштүү болсо, бийликтер райондогу калган өзбек мектептерди да кийинки жылдардан кыргызчалаштырганы турат. "Алар өздөрү суранып, быйыл кезек жетпей калганына капа болуп калышты" дейт райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Акуш Асанбаев:
- Бул 7 мектептин окуучулары дароо эле кыргызча сүйлөп, түш жоруп кетет дегенден алыспыз. Быйыл аздап көнүшсө, кийинки жылдан дагы арттырышат. Мунун бары акырындык менен жүрүп отурат. Негизи кыргыз тилдүү мектептердин базалык окуу программасына өткөрүп, кыргызча китептер менен камсыз кылдык. Мурда өзбекче китептер 30% гана жетиштүү болсо, азыр министрликтин жардамы менен, башка кыргыз мектептерден алынган китептер менен бул мектептерде азыр китеп менен камсыз болуу 70 пайыздан ашты. Анан эми калган мектептерди дагы кийинки жылдардан карап көрөбүз. Ата-энелердин талабы азырынча ушул 7 мектепте гана канааттандырылды.
Ноокат районунда жалпы жүздөн ашык мектеп болсо, анын 20сында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлүп келген.
Өзбек мектептеринде кыргызча окутуу демилгеси өткөн жылдардан Кара-Суу районунда жана Ош шаарында да көтөрүлүп, жарым жартылай ишке ашкан. Бирок коомчулук муну түрдүү пикирлер менен кабыл алганы да бар.