Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:26

Бекиев: ЖӨБ эл менен акылдашыш керек


Сүрөттө: Бекболот Бекиев (солдо) Тогуз-Булак АӨ башчысына атайын техниканын ачкычын тапшырууда
Сүрөттө: Бекболот Бекиев (солдо) Тогуз-Булак АӨ башчысына атайын техниканын ачкычын тапшырууда

Соңку жылдары Кыргызстандын бир топ алыскы аймактары өкмөттөн колдоо күтүп, алакан жайып отура бербестен жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө өтүп жатканын байкоого болот.

Жергиликтүү тургундар мектеп, бала бакча, спорттук аянтча куруу үчүн каражатты өздөрү да чогултуп, демөөрчү да таап, жергиликтүү бюджетти натыйжалуу пайдалануу жолу менен өз айылдарындагы бир топ көйгөйлөрдү чечип жатышат. Ири долбоорлорду ишке ашырууда аларга эл аралык уюмдар жардамга келүүдө.

Швейцария өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган, Өнүктүрүү саясаты институту ишке ашырган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев элеттиктердин көйгөйлөрү тууралуу ойлору менен бөлүштү.

"Азаттык": Бекболот мырза, сиздердин уюмдарга айыл өкмөттөрү кандай долбоорлор менен кайрылышат?

Бешик-Жон айылындагы (Базар-Коргон району) жергиликтүү калктын күчү менен ачылган "Баймундуз" бала бакчасы
Бешик-Жон айылындагы (Базар-Коргон району) жергиликтүү калктын күчү менен ачылган "Баймундуз" бала бакчасы

Бекболот Бекиев: Айыл өкмөттөрү ар кандай долбоорлор менен кайрылышат. Биздин талап боюнча, алар чечүүгө аракет жасаган иштери жергиликтүү маанидеги маселелерге байланыштуу болуш керек. Ошондой көйгөйлөрдү козгогон арыздар менен кайрылса, биз аларды карап чыгып, айыл өкмөттөргө жардам бергенге даярбыз.

Бул – мектеп, бала бакча, спорттук аянтчалар, ички жолдор, муниципалдык парктар, суу, таштанды көйгөйлөрү. Ошолорду чечүүгө аракет жасаган арыздар болсо, биз аларга жардам беребиз.

"Азаттык": Бир ойчул “адамга жардам бергиң келсе балык карматпастан, аны кармаганды үйрөт” деген экен. Сиздердин уюм “балык кармаганды” кантип үйрөтүп жатат?

Бекболот Бекиев: Айыл өкмөттөргө “балык кармаганды” ар кандай жолдор менен үйрөтөбүз. Биздин негизги максатыбыз – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элге кызмат кылып, өзүнүн негизги максатын, миссиясын аткарыш керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы өнүккөн мамлекеттерде жакшы иштеп жатат. Булардын ийгилигинин сыры – эл менен тыгыз кызматташтыкта жергиликтүү маанидеги маселелерди калк менен чогуу чечүүгө аракет жасап иштегендиктен башкаруу системасы ушундай эффективдүү болуп жатат.

Таштандыларды чогултуу учурунда
Таштандыларды чогултуу учурунда

"Азаттык": Эгерде жергиликтүү калк өз маселелерин өздөрү чечип калса, өкмөт “демек эл өзү деле жасай алат турбайбы” деп, бардык жергиликтүү маанидеги маселелерди алардын мойнуна жүктөп койот деген коркунуч барбы?

Бекболот Бекиев: Мындай коркунуч жок. Себеби жергиликтүү маанидеги маселелер ЖӨБ органдары аркылуу чечилиш керек. Алардын тиешелүү бюджети бар. Бул бюджет толугу менен ошол жердеги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталыш керек. Биздин максат – ЖӨБ органдары эл менен тыгыз кызматташтыкта иштеш керек. Ошондо ушул система иштеп кетет.

Конституцияга ылайык, мамлекеттик башкаруу системасы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы бар. Ошондуктан эл өзү да чечим кабыл алууга активдүү катышып, ЖӨБ органдары менен мамиле түзгөндү үйрөнүп, бийлик органдары элдин муктаждыктарын эске алып, көйгөйлөрүн тактап, аларды чечип бере турган болсо, бара-бара жолдорубуз оңолот, түтүктөрдөн суу агат, көчөлөр жарык болот, сейил бактарыбыз таза болот. Ошондо бир топ көйгөйлөр чечилет деп ишенем.

"Азаттык": Элеттиктер жергиликтүү бюджеттин күчүн канчалык сезип калышты? Аны көзөмөлдөөнү үйрөнүштүбү?

2015-жылдын бюджетин талкуулоо. Бостери айылы
2015-жылдын бюджетин талкуулоо. Бостери айылы

Бекболот Бекиев: Үйрөнүп жатышат. Толук үйрөндү деп айтканга азырынча эрте. Бирок биздин долбоор иш алып барган жерлерде элге ушул маалыматты толук жеткирген болсок, эл ошону түшүнө баштагандан кийин бир топ адамдардын айыл өкмөтүнө жасаган мамилеси өзгөрдү. Муну айыл өкмөттөрү өздөрү да сезип жатышат. Себеби айыл өкмөттөрү ачык-айкын иштеп, чын маалымат берип, жергиликтүү бюджеттеги акчаны толугу менен көрсөтүп, ал кайда, кантип жумшалганын көрсөткөндөн кийин элеттиктер да "жергиликтүү бюджетте акча андай деле көп эмес экен, ал уурдалбай, туура пайдаланып жаткан экен" деп түшүнүп жатышат.

Өздөрү да чечим кабыл алууга катышкандан кийин ошол чечимдерге ишеними артып жатат. Ошон үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү калк менен бирге иштеп, чогуу чечим кабыл алышып, элдин муктаждыктарын эске алып иштесе, анда ошол жердеги бийликтин аброю бир топ артып жатат.

Бизде атүгүл мындай мисал болгон: таштандынын тарифин айыл өкмөтү 40 сомдон бекитип, чогулта албай, кыйналып жүргөн. Анан ушул көйгөйдү көтөрүп чыккандан кийин, ошол 40 сом кантип сарпталарын, бул каражат жетишсиз экенин көрсөткөндөн кийин, эл өзү демилге көтөрүп, тарифти 100 сомго чейин көтөрөбүз деген сунуштар да болгон. Ал эми жеңилдик алгандар андан баш тартып, тарифти толугу менен төлөгөнгө даярбыз деп чыгышкан.

"Азаттык": Сиздер айыл өкмөттөрүнө берген акчаны кантип көзөмөлдөйсүңөр?

Элеттик чогулуштан бир көрүнүш
Элеттик чогулуштан бир көрүнүш

Бекболот Бекиев: Биз грант берип жатканда акчаны жөн эле жергиликтүү бюджетке которуп койбойбуз. ЖӨБнын кызматкерлерин окутабыз, үйрөтөбүз, даярдайбыз. Жергиликтүү бюджетке акча которгондон кийин ошол грантты башкарууну үйрөтөбүз. Эгерде туура эмес башкарган болсо, анда алар толугу менен мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Ошондуктан ал акчаны биз башкарбайбыз, башкалардын да колуна карматпайбыз, грантты ЖӨБ органдарына, жергиликтүү бюджетке которобуз. Алар грантты алгандан кийин аны башкарууга үйрөнүшөт.

"Азаттык": Азыркы учурда элеттерде эң негизги көйгөй деп эмнени айтат элеңиз?

Бекболот Бекиев: Практикада эл көбүрөөк таза суу, таштанды маселелерин көтөрүп жатат. Ошондой эле бир топ социалдык көйгөйлөр да бар.

XS
SM
MD
LG