Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Адабият майрамы жаштарды күтөт


Kyrgyzstan - Paper and pen, generic, undated
Kyrgyzstan - Paper and pen, generic, undated

Кыргызстанда Тарых жана маданият жылынын алкагында 21-23-сентябрда жаш жазуучулардын "Мекенге таазим" аттуу биринчи адабий фестивалы өтөт. Учурда жер-жерлерде жашаган жаш калемгерлер ортосунда кароо-сынактар өтүп, республикалык фестивалга катышуучулар тандалып алынды.

Фестивалга республика аймагынан тандалган жүзгө чукул калемгер катышат. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар бирлигинин төрагасы Акбар Рыскулов айтып берди:

- Биз адегенде облустук бөлүмдөрүбүз аркылуу ошол аймактарда жашаган жаш жазуучулардын кароо-сынактарын өткөрдүк. Учурда биздин колубузда облустук деңгээлде тандалган калемгерлердин кол жазмалары турат. Эми Бишкектеги жаш акын, жазуучуларыбызды тактап атабыз.

Жобо боюнча аталган адабий фестивалга отуз беш жашка чейинки калемгерлер катышат. Рыскулов кароо-сынактын эң башкы максаты калем кармаган жаш муун өкүлдөрүн жана коомчулукту көркөм адабияттын чыныгы дөөлөттөрү тууралуу кабардар кылуу экенин айтты:

- Жаш жазуучулардын башын кошуп, уй мүйүз тартып отуруп алып кеңеш куруп, жазуучунун милдеттери, жаңы заман алардын алдына кандай талаптарды коет, адабият кандай багытта өнүгүш керек деген темада пикир алмашуубуз керек.

Акбар Рыскулов
Акбар Рыскулов

Жазуучулар бирлигинин төрагасы бул фестиваль эгемендик алгандан бери жаштар арасында өтүп жаткан алгачкы саамалык экенин айтып, буга айрым жеке ишкерлер да өз салымын кошкону жатканын кеп кылды:

- Биз улуу устаттарга да, кичүү муундарга да сөз берип пикирин уксак деп турабыз. Ачылышын улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүл коюп, түштөн кийин устаттык сааттарды баштайбыз. Болжол менен жанрлар боюнча он секцияга бөлүнүп иштейбиз го. Мисалы, акындар боюнча төрт секция, кара сөз жазгандар, публицистика, көркөм котормо, балдар адабияты. Ошондой эле Кыргызстанда көп улуттар жашайт эмеспи. Алар “Улуттар адабияты” секциясына иштешет.

Бул иш-чара өкмөттүн иш планынын негизинде ишке ашып жатат. Аны Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын адиси Жыпара Арыкова айтып берди:

- Бул өкмөттүн комплекстик планында бекиген. 20-сентябрда башталат. Буга чейин да бир нече иш-чара жүрдү. Аймактардан фестивалга катышуучулар тандалды. Негизинен буга өкмөт тарабынан 700 миң сом бөлүнгөн. Ал каражат кароо-сынакка катышуучулардын чыгымдарына жумшалат. Жол кирелери да ошол акчадан сарпталат.

Китеп көргөзмөсү. 2013-жыл
Китеп көргөзмөсү. 2013-жыл

Фестивалдын программасында жогорку окуу жайлардын студенттери, таанымал акын, жазуучулар менен адабий жолугушуулар бар.

Акын Тынчтыкбек Нурмамбетов мурда ушундай фестивалдар аркылуу адабияттын астанасын аттай турган жаштар иргелип турганын кеп кылды:

- Илгери билесиңер да “Ала-Тоо жазы” адабий фестивалы, анан Жазуучулар союзунун алдында жаштар менен иштеген атайын секциялар болгон. Ошол жерде жаш акын, жазуучунун дурусу дурус, бурушу буруш деп иргелип турган. Бул акындын, прозачынын же драматургдун өнөр дүйнөсүнө кирүүдөгү жоопкерчилигин арттырат. Электен өткөн жаштардын өзүнө болгон ишеними пайда болот. Ушул жагынан алганда адабий фестивалдар сынак эмес, ал адабияттын майрамы.

Чыгармалары талкууга коюлган жаш жазуучулардын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктарга ээ болуп, Жазуучулар бирлигине кабыл алынат. Адабий фестиваль 21-23-сентябрда Бишкекте өтөт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG