Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38

Кумтөр: айыпталгандар актала баштады


Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.
Кумтөр алтын кени, 23-февраль, 2013.

Биринчи май райсоту Кумтөр боюнча 2003-жылы коррупциялык келишим түзүүгө катышты делген экс-министр Темирбек Акматалиев баштаган андагы өкмөттүн 3 мүчөсүнө козголгон кылмыш ишин кыскартты.

Чечимди сот кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткени менен негиздөөдө. Прокуратура өкүлдөрү соттун чечими мыйзамдуу деп таанып, бирок Кумтөр боюнча башка айыпталуучулардын иши уланаарын билдирди. Бирок соттун мындай чечимине нааразы болгондор арбын.

Мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш иштери кыскартылды

Кылмыш иши кыскартылган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, Юстиция министрлигинин экс-статс-катчысы Нурлан Алымбаев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы төрага орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков жана өкмөттүн аппаратынын мурунку кызматкери Азимбек Жолошевге Башкы прокуратура 2003-жылдагы Кумтөр кени боюнча “Центтера Голд” компаниясы менен Кыргызстан үчүн пайдасыз келишим түзүүгө катышкан деген айып таккан. Бул айып боюнча сот иши өткөн жылдын декабрында башталган. 16-январдагы соттук жараянда айыпталуучулардын адвокаттары бул кылмыштын жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ишти кыскартуу өтүнүчүн келтирген эле.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова 22-январда бул өтүнүчтү орундатканын Темирбек Акматалиевдин адвокаты Владислав Лужанский “Азаттыкка” кабарлады:

- Маселен, Темирбек Акматалиевди 2003-жылы 1-декабрда кабыл алынган өкмөттүн токтомуна кол койгону үчүн айыптап жатышат. 2013-жылдын 31-декабрында бул токтомго кол коюлганына 10 жыл толду. Демек кылмыш жасалса да, анын мөөнөтү бүтүп калды. Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 266-беренесине ылайык, 10 жыл өткөн соң кылмыш иштин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өндүрүштөн кыскартылышы зарыл. Ошондуктан Биринчи май райондук соту бүгүн ушундай чечим кабыл алды.

Биринчи май райондук сотунун бүгүнкү чечимин мыйзамдуу экенин прокуратура өкүлдөрү да ырастап жатат. Кумтөр боюнча соттук жараяндагы мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбековдун айтымында, эми иш кыскартылган адамдарга Кумтөр боюнча кылмыш ишин козгоого негиз жок калды:

- Биз мыйзамдын талабын колдодук. Мыйзамда иш мөөнөтү өтүп кетсе, ал кыскарышы керек деп так жазылып турат. Ага эми каршы чыга албайбыз. Ал эми Кумтөр боюнча айыпталган башка адамдардын иши улана бермекчи. Алардын күнөөсү далилденсе, жазага тартылышы керек.

Кумтөр боюнча соттук иш башталгандан тарта эле ал аягына чыкпай калат деп чочулагандар арбын болгон. Андагы чочулоого жаза мөөнөтү бүтүшү себеп болгон эле.

Кечигип калган долбоор

Мунун алдын-алуу үчүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коррупциялык иштердин жаза мөөнөтүндөгү чектөөнү алып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Учурда аталган мыйзам долбоору парламенттин кароосунда турат. Текебаев мыйзам долбоору парламенттеги айрым бут тосуулардан улам өткөн жыл соңунда кабыл алынбаганын, эгер кабыл алынганда Кумтөр боюнча айыпталган мурдагы жетекчилердин иши кыскарбай калмактыгын билдирүүдө:

- Эгер мен сунуштаган мыйзам 31-декабрга чейин күчүнө киргенде бул кишилердин кылмыш иштери кыскармак эмес. Себеби мыйзамга ылайык, 2003-жылдын 31-декабрына чейинки жасалган кылмыштарга тиешелүү болмок. Ошондуктан булар парламенттеги жана башка кызматтагы таасирдүү адамдар аркылуу жаңы жылдын алдында аталган мыйзамды өткөрбөөгө аракет кылышты. Болбосо, мыйзам долбоорду мен ноябрь айында киргизгем. Бирок парламенттеги айрым комитеттер атайлап эле долбоорду талкуулабай, создуктуруп туруп алышты. Бирок ал мыйзамды кабыл алууга азыр деле кеч эмес. Мындан кийин да кылмыш иштери кыскарбашы үчүн мыйзам долбоорду тезинен кабыл алуу керек.

Негизи Башкы прокуратура жалпысынан 2003-жылдагы Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимди түзүүгө катышкан деп 10 адамга айып таккан. Алардын ичинен мурдагы финансы министри Болот Абилдаевдин иши учурда Биринчи май райондук сотунда каралууда. Прокурор Иманбековдун айтымында, Абилдаевдин адвокаттары жаза мөөнөтү бүттү деп ишти кыскартуу боюнча арыз жазган эмес. Ошондуктан анын үстүнөн сот иши улана берет жана кийинки жараян 29-январга белгиленди. Ал эми айып тагылгандардын дагы бири экс-юстиция министри, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмоновдун иши өзүнчө бөлүнүп алынган. Учурда айыпталуучу ооруп жатканына байланыштуу иш токтоп турат.

Мындан сырткары ошол кездеги каржы министринин кеңешчиси, мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, каржы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаев, өнөр жай министри Садридин Жээнбеков жана өкмөт аппаратынын укук бөлүмүнүн башчысы Елена Белковская четте жүргөнүнө байланыштуу сыртынан айып тагылган. Өткөн аптада Башкы прокуратура бул адамдарды кармоого көмөктөшүү боюнча өтүнүч Орусиянын күч органдарына жиберилгенин маалымдады.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG