Акыркы жылдары ички туризмдин агымын күчөп, Көл-Төргө жергиликтүү тургундар көп келе баштаган. Жуманын эс алуу күндөрү эки жүзгө жакын турист жети чакырым бийикти багынтып көлдү көрүш үчүн келишет.
Көл-Төрдүн ажайып көркү
Көл-Төр - Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет.