Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Кордойдогу жол кырсыгынан кыргызстандыктар каза тапты


Казакстандагы Кордой ашуусу, Жамбыл облусу. 7-октябрь, 2012.
Казакстандагы Кордой ашуусу, Жамбыл облусу. 7-октябрь, 2012.

Чүй облусу менен чектешкен Казакстандын Кордой районундагы авто кырсыктан Кыргызстандын кеминде жети жараны ажал тапты.

2-марттын кечинде Бишкек - Алматы жолунда кыргызстандыктар түшкөн "Мерседес" үлгүсүндөгү кичи автобус чоң автобус менен кагышып кеткен. Натыйжада 9 адам мерт кетип, алардын кеминде жетөө кыргыз жарандары экени айтылууда.

Каш-кабактын ортосундагы кырсык

Кыргызстандыктар түшкөн "Мерседес" үлгүсүндөгү кичи автобус 3-март күнү кечки ондордо Алматыга бараткан жолдо (Алматы - Ташкен жолу) 53 жүргүнчүнү салып бараткан чоң автобус менен кагыша кеткен. Жол кырсыгынан кичи автобустагы тогуз адам каза болуп, алдын-ала маалыматтарда алардын кеминде жетөө Кыргызстандын жарандары экени айтылууда.

Бул тууралуу учурда окуя болгон жерде жүргөн Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкери Бакыт Кадыров “Азаттыкка” билдирди.

- Азыр каза болгон адамдарды аныктап жатабыз. Биз өзүбүз да азыр милиция бөлүмүндө жүрөбүз. Аты-жөнү аныкталган адамдардын да туугандары келди. Азыр жети адам Кыргызстандын жараны болуп жатат.

Окуя түндө Жамбыл облусуна караштуу Кордой шаарчасынан өткөндөн кийинки ашууда болгон. Маалыматтарга караганда, эл ташыган “Мерседес” кичи автобусу Алматыга Ак-жол - Кордой чек ара бекетинен жөнөгөн.

Алматыдагы Башкы консулдуктун өкүлү Бакыт Кадыров кырсыкка жол эрежесин сактабагандык себеп болгонун айтат:

- Кырсык Кордой ашуусунда болуп, ага жол эрежесин сактабагандык себеп болгон. Кичи автобустагы жүргүнчүлөр Алматыга баратышкан. Ичинде ар кандай адамдар болгон, мисалы айрымдары туугандарына, досторуна баратса, кээ бирлери жумуштарына баратышкан экен. Чек арадан маршруттук таксилер кетет эмеспи, булар ошол жерден жөнөшкөн.

Ошол эле кезде бул жол кырсыгынан жабыркаган жети адам Кордой райондук ооруканасына түшкөн. Алардын төртөө Кыргызстандын жараны экенин аталган оорукананын кызматкери Роза Жаныбекова “Азаттыкка” билдирди.

- Ооруканага жалпысы 7 адам түштү. Бирөө Алматынын, дагы бирөө Чимкенттин тургуну болсо, дагы бири Өзбекстандын жараны экен. Ооруканага түшкөн кыргызстандыктардын үчөө Бишкектен, ошондой эле бир адам Баткенден. Баткендин тургунун азыр Бишкектеги ооруканага которуп кетишти.

Ооруканга түшкөн кыргызстандыктардын биринин абалы оор болгондугуна байланыштуу реанимацияга жаткырылган. Кордой райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери анын абалы оор болгондуктан, Бишкекке алып кетүүгө уруксат беришпей жатканын айтышты.

Кыргыз өкмөтүнүн көмөгү

Ал аралыкта Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү мамлекеттик органдарга каза тапкандардын сөөгүн мекенине алып келүү жана ооруканага түшкөндөргө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов маалымдады.

- Ал жерде жабыркап, ооруканага түшкөндөргө жардам көрсөтүү тапшырылды. Мындан тышкары бул эки мамлекеттин ортосундагы иш болгондуктан, каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү да чоң иш. Ага да көмөктөшүү тапшырмасы берилди.

Бул Казакстандын аймагында Кыргызстандын жарандары катышкан биринчи эле ири жол кырсыгы эмес. 2012-жылдын май айында Алматы-Екатерингбург унаа жолунда жалаң кыргызстандыктар бараткан кичи автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышып, айдоочусу менен кошо 16 адам мерт кеткен болчу. Алар Кыргызстандан Орусияга жол тартып баратышкан. Андан бери да Казакстандын аймагында Орусияга бараткан кыргыз жүргүнчүлөр катышкан бир канча жол кырсыгы катталып, алар да адам курмандыктары менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG