Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Жээнбеков: «Соттор акчаны актай элек»


Кыргызстанда сот тармагына бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйүүдө. Маселен, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 38,5 пайызга көп бөлүнгөн. Башкача айтканда быйыл сот тармагына бюджеттен 2 миллиард 154 миллион сом бөлүндү.

Бирок 11-мартта Бишкекте өткөн соттордун XI курултайында президент Сооронбай Жээнбеков каржылоону көбөйтүү өзүн актабай жатканын айтты.

Расмий маалыматка караганда, сот системасына 2016-жылы 1 миллиард 213 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 260 миллион сом, 2018-жылы 1 миллиард 555 миллион сом жана 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Буга сот тармагына чет жактан келген гранттар менен ар кандай долбоорлордун акчасы кошулган жок.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн соттордун курултайында президент Сооронбай Жээнбеков «Эми сот бийлигинен кандай кайтарым болуп жатат?» деген маселени кабыргасынан коюп, бир жыл мурунку окуяны эстеди.

Жээнбеков сотторду ыйманга чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00

- 2018-жылы май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында «Реформа жасаш үчүн эмне керек?» деген суроомо сот системасынын өкүлү «саясий эрк жана акча» деп жооп берген. Саясий эрк бар, каражат да бар, - деди президент. - Биз эң оор реформаны баштап жатабыз. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүп жатат. Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өнүккөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз артыкчылыктуу багыт кылып отурабыз. Бирок силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат.

Президент өз алдынча жана адилеттүү сот - мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн өзөгү экенин белгиледи. Ал мунсуз өлкө өнүгүп, жагымдуу инвестициялык климат болбой турганын айтты.

Жээнбеков чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алуу боюнча чечимдер чыккан учурлар бар экенин, бул жалпы сот тармагына көлөкө түшүрүп жатканын билдирди. Бирок буга байланыштуу кайсы сот чечим чыгарганын ачык айткан жок.

Мындан сырткары, ал Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм нашаа менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин жазасын жеңилдетип, ага мунапыс бергенин сынга алды.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы судья Курманкул Зулушев соттордун мыйзамсыз иштери бийликтин сот реформасы тууралуу айткандарын жокко чыгарды деп эсептейт.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Сот реформасы жүрүп жатканына сегиз жыл болду. Сот бийлиги «мына ушундай реформа жүрдү. Ушул иш аягына чыкты» деп айтып бериши керек. Бирок маалыматтарды угуп отурсак азыр деле «мындай кылышыбыз керек, тигил ишти жасашыбыз керек» деп, көп ишти эми баштаганы жатат, - дейт Зулушев. - Өлкө башчысы айткандай, бөлүнгөн 2 миллиард сомдон ашык каражатты туура пайдаланыш керек. Ал акчага салынган имараттардын сапаты кандай болуп жатат? Бул чоң маселе. Каражат кумга сиңген суудай эле жок болуп кетип атабы же максаттуу пайдаланылып жатабы?

2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. 10 судья боюнча Соттор кеңеши же Тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурага макулдук берилген.

Февралдын аягында башкы көзөмөл органы Бишкек шаардык сотунун үч, Жогорку соттун азыркы үч судьясына жана мурдагы бир судьясына «Коррупция» беренеси менен айып койгон.

Жыйында аягы көрүнбөгөн сот иштери боюнча да маселе көтөрүлдү. Президент алды 14 жыл, арты 7-8 жылдан бери иши бүтпөй келаткан жарандар даттанганын билдирди. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Чубактын кунундай чубалган иштер» тууралуу буларга токтолду:

Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

- Судья өзү чыгарган ар бир чечимге жооптуу. Ишти кароо жана сот актыларын чыгаруу мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылуу зарыл. Узакка созулган соттук териштирүү сот адилеттигине болгон ишенимди жоготуп, жарандарды ар кандай мамлекеттик органдарга, анын ичинде президентке чейин кайрылууга мажбур кылып жатат. Жогору турган соттор бир канча жолу, кээде негизсиз эле өзүнө жоопкерчиликти алып чечим чыгаргандын ордуна ишти кайра кароого жөнөтүп жатышат.

Андан сырткары сотторду тандап алуу тартибин катаалдаштыруу жөнүндө сунуш киргизилип, Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө сын айтылды.

2018-жылы Сот тандоо кеңеши Жогорку соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн президентке 88 талапкерди сунуш кылган. Алардын ичинен 32 талапкердин документтери артка кайтарылган. Президент муну соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасалганы менен түшүндүрдү.

Сооронбай Жээнбеков соттордун курултайында укуктук маселеден тышкары сотторго алар чыгарган чечимдер боюнча хадистен да мисал келтирди:

- Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш. Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок! Эң башкысы мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек. Ушуга байланыштуу ушул залда отургандардын бардыгына хадистерден бир мисалды айта кетейин. Пайгамбарыбыз «сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште» деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште. Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот.

Мамлекет башчынын бул сөзү айрымдардын сынына кабылды. Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсүн төмөнкүдөй баалады:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтканы - бул абстракттуу нерсе. Кыргызстан дүйнөбий жана конституциялык өлкө болгондон кийин укуктук негизде, мыйзамдарды колдонушубуз керек. Бийлик сот системасын реформа кылгысы келсе так-даана механизмдерди киргизиш керек. Мамлекет башчынын «соттор тозокко же бейишке түшөт» дегени анын укуктук ой жүгүртүүсүнөн жана өлкөдөгү сот бийлигин өзгөртүүгө планы жок экенинен кабар берет.

Соттордун республикалык курултайы үч жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Бул жолку жыйында Кыргызстандын судьясынын абийир кодекси каралып, бекитилди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомчулуктун сынына, нааразылыгына карабай сот реформасы ишке ашканын айтып келген.

Кыргызстанда 2010-жылкы апрель ыңкылабынан бери сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG