Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Жон Нэш: Арам акча жукпайт жана пайдасыз


Жон Нэш дарс окуп жатат. Бишкек, 27-май, 2013
Жон Нэш дарс окуп жатат. Бишкек, 27-май, 2013

Дүйнө коомчулугуна “Акыл оюну” же “Игры разума” биографиялык кинотасмасы аркылуу таанымал легендарлуу окумуштуу Жон Нэш Бишкекте акча сактоо жана инфляция темасында лекция окуду.

Кезинде шизофрения илдетинен дарыланган 84 жаштагы америкалык математик Жон Нэш тунук акылы, эркин ой чабыты менен аудиторияны таң калтырды. Жыкжыйма зал окумуштуунун “Идеалдуу акчалар, аманат сактоонун жана сарамжалдуулуктун себептери” деп аталган дарсын кунт коюп укту.

Нэштин айтымында, мамлекет жана эл акчанын мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай, аны туура эмес пайдаланып жатат:

- Биз акча жөнүндө сүйлөгөндө аны өзүбүз үчүн кантип батыраак коротуп, кантип жыргап алсак деп ойлойбуз. Биз акчаны баалуу, керектүү маалыматты бере алган радиодой карабай жатабыз. А бирок акчанын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп билимге, же көбөйтүү максатында бир жерге салсак, ал акча эки эсе жогорулап бизди байытат.

Ошол эле учурда окумуштуу жакшы акча менен жаман акчаны теңештирген капиталисттик саясатты натуура көрүп, кир акча жугумсуз жана пайдасыз болорун белгиледи. Ал Жапонияны мисалга тартты:

- Арам акча адал акчадан жакшы деген – бул туура эмес. Жапонияда шайланган жаңы өкмөт дал ушундай саясатты жүргүзүп, азыр анын терс таасирин көрүп жаткан кези. Жапония экспортко даярдалган товарлардын баасын төмөндөтөйүн деп улуттук акчасын кошумча басып, анын баалуулугун атайын ылдыйлата баштады. Товарлардын баасы арзандап, чындыгында эле экспорту күчөп кетти. Бирок анын артынан Жапониянын өзүндө баалар өсүп, акчасы арзандап, инфляция экономикасын жеп жатат.

Жон Нэш президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Бишкек, 27-май, Ала-Арча-1 мамлекеттик резиденциясы.
Жон Нэш президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Бишкек, 27-май, Ала-Арча-1 мамлекеттик резиденциясы.
Инфляция темасына кайрылган математик окумуштуу "көбөйсүн деп банкка акчасын салган кардар, анын азайып калуу ыктымалдыгын эч качан унутпашы керек",- деди. Анткени банк каражатты эки пайызга көбөйтөйүн деп сунуштап жатса, а инфляция үч пайыз болсо, жыл аягында бул акчанын баалуулугу түшүп, жөн эле керексиз кагаз болуп калат.

Мындан сырткары акчанын баасы туруктуу болуш үчүн аны коло же башка баалуу кендер менен бекемдеш керектигин, мамлекеттик карызды алып жана кечиш үчүн накталай акча эмес, кандайдыр бир товарлар менен маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк берген жана көзөмөлдөп турган - Эл аралык валюта фонду сыяктуу дүйнөлүк масштабдагы финансылык уюм түзүш керектигин айтты.

Жон Нэш "капитализмде бир тарап утуп, экинчиси утулганда баары жабыркайт, эки тарап тең утканда экономикага пайда болот" деген теориясы менен дүйнөлүк бизнес чөйрөдө белгилүү. Ал үчүн 1994-жылы Альфред Нобелдин элесине арналган экономика илимдери боюнча Швед мамлекеттик банкынын сыйлыгына ээ болгон. Бул экономисттердин арасында эң мартабалуу сыйлык деп саналат. Аны Нобель сыйлыгы деп коюшат, бирок негизги Нобель сыйлыгында экономика жана математика боюнча сыйлыктар жок.

Жон Нэштин Бишкектеги лекциясын угуу үчүн экс-президент Роза Отунбаева, экономика министри Темир Сариев баштаган мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, экономисттер жана студенттер келишти. Бир саатка созулган лекцияда аудитория жымжырт кулак төшөп отурду.

Нэшти Атамбаев кабыл алды
Нэшти Атамбаев кабыл алды
Лекцияда өзгөчө жаштар көп болду. Математика илимдеринин доктору Жон Нэш өзүнүн ачылыштарынан сырткары ал жөнүндө тартылган “Акылдын оюну” (“Игры разума”) деп аталган көркөм-биографиялык тасма аркылуу белгилүү. Нэш 30 жашында, университетти бүтүрүп, илимде албан ийгиликтерге жетише баштаган кезде - шизофрения илдетине чалдыгып, бир нече жолу дарыланганга аракет кылган. Оорусунун айынан аны жумуштан кетиришкен, эки аялы тең таштап кеткен, ал өзүн өзү издеп Европага чейин жетип, кайра АКШга кайткан.

Акырындык менен саламаттыгы калыбына келгенде кайра аялы менен элдешип, ишке да алынган. Өзүнүн автобиографиялык китебинде Нэш “шизофрениядан мен айыккан жокмун, тиги кишилер дагы эле менин жанымда пайда болуп алаксыта беришет. Мен жөн гана аларга көңүл бурбаганга үйрөндүм” деп жазат.

Ушундай легендарлуу Жон Нэш тууралуу америкалык режиссер Рон Ховард “A Beautifull mind” же “Кеменгер даанышман” деген фильм тарткан. Ал "Оскар", "Алтын глобус" жана БАФТА сыйлыктарына ээ болгон.

Жон Нэшти Кыргызстанга ЕККУнун жардамы менен президентке караштуу Башкаруу академиясы чакырган. Лекциядан кийин Жон Нэшти президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

XS
SM
MD
LG