Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Спорт жетекчилери тирешүүдө


Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу. 30-октябрь, 2014-ж.
Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу. 30-октябрь, 2014-ж.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы олимпиадалык даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков кызматынан алынды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кадырбек Эргешов Акылбеков аткарган ишинде мүчүлүштүктөргө жол берип, спортчуларга бөлүнгөн акчаларды максатсыз сарптоого жол бергендигин айтып чыкты.

Ал өз сөзүндө Акылбековдун ишин Эсеп палатасы текшерүүгө алганын, текшерүүнүн жыйынтыгында документ жүргүзүүдө, спортчулар үчүн керектеле турган дары-дармектерге, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттар негизсиз жумшалганы аныкталганын айтты:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 5- пунктуна ылайык, бир нече ирет жүйөлүү себепсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жана мурунку тартиптик жазаларын эске алып, Назирдин Акылбековду жумуштан бошоттук. Мамлекет тарабынан спортчулардын тамак-ашы үчүн Олимпиадалык даярдык борборуна бир жылга 20 млн. сом бөлүнөт. Ал тогуз айдын ичинде эле 21 млн. сомду короткондон сырткары ашыкча төрт миллион сомду бөлүүгө кол коюп койгон. Анын кесепетинен учурда федерацияларга карыз болуп отурабыз. Бул ишти укук коргоо органдары териштирип, ага карата татыктуу чара колдонулат.

Назирдин Акылбеков. Сүрөт: sport.kg
Назирдин Акылбеков. Сүрөт: sport.kg

2012-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстандын улуттук курамаларын олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси болуп келген Назирдин Акылбеков ага коюлган айыптарга макул эмес. Ал өз ишин так аткарып келгенин, ак экендигин далилдөө үчүн сотко кайрыла турганын "Азаттыкка" маалымдады:

- Кадырбек Эргешов агенттикти жетектегенден бери бул тармакта иш натыйжалуу жүрбөй жатат. Ал спорттон дагы өз кызыкчылыктарын жогору коюп, өзүнө ыңгайлуу жетекчилерди кызматка алып келүүнү көздөп жатат. Кызматтык милдеттеримди так аткардым деп ачык айта алам. Мен иштеген убакта спортто көп эле жетишкендиктер болду. Одоно каталарга жол берген эмесмин.

20-ноябрда Назирдин Акылбековдун ордуна оор атлетика боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келген Үсөнкан Майназаров Олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси болуп дайындалды.

2016-жылы Бразилияда жайкы олимпиада оюндары өтөт. Олимпиадага даярдыкка жооптуулардын иши тезинен бир нукка түшпөсө, спортчуларыбыздын бул дүйнөлүк мааниге ээ мелдешке катышуусу жана даярдануусу үзгүлтүккө учурабайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов. 19-ноябрь, 2014-ж. Бишкек.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов. 19-ноябрь, 2014-ж. Бишкек.

Кадырбек Эргешов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин ушул жылдын май айынан бери жетектеп келет. Бул убакыт аралыгында Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын директорун, “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын" жетекчисин алмаштырды.

Учурда Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борборунун директору Алмаз Касеновдун ишмердүүлүгүн да тиешелүү тармактын өкүлдөрү текшерүүгө алууда. Буга чейин эки жолу эскертүү алып, сөгүш жарыяланган Алмаз Касенов бул аракеттер кызматтан атайын кетирүү үчүн жасалып жаткандыгын айтып, анын кызматы соодалашууга негиз болушу мүмкүн экенин божомолдойт:

- Кадырбек Эргешов эки жолу эскертүү берип, сөгүш жарыялады. Акыркы эскертүүнү алсам эле кызматтан кетиргени турат. Менин ордума башка бирөөнү дайындайм деп соодалашып койгондугун бирөөлөрдөн уктум. Ал кызматка келген алты ай аралыгында ишти кадрларды алмаштыруудан баштагандан көрө системаны өзгөртүп, спорттун өнүгүшүнө багытталган иштерди жасаса болмок.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кадырбек Эргешов мекемеде жетекчилерди алмаштыруу иштин кызыкчылыгы үчүн болуп жатканын айтты.

- Эгер адам коюлган талаптарды аткарбаса, ишинин натыйжасы аз болсо ал кызматты ээлеп отура албайт. Алардын ордуна иштин көзүн билген профессионал адистер иштеши керек. Мамлекет тараптан бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу сарптап, бул тармакты жандантууга салымын кошо ала турган адистерге муктаждык бар. Кызматтан алайын десең эле өзүнүн адамдарын дайындап, кызматты соодалап жатат деп айтышууда. Көп жылдардан бери жетекчилик кызматта иштейм. Ушул кезге чейин өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн бир да адамды кызматтан алган эмесмин.

Коомдук ишмер, спорт тармагына көптөгөн каражаттарын сарптап демөөрчү болуп келген меценат Аскар Салымбеков спорттогу жетекчилердин алмашуусунун айынан бул тармакта акыркы жыйырма жылдан бери натыйжалуу иштер жасалбай жатат дейт.

- Дарак мөмөсүн төрт-беш жылда берет. Бул жаатта төрт-беш жыл ким иштеди? Эч ким иштеген жок. Анан ич жылыта турган кандай иш болмок эле? Бул тармакта жасалып жаткан иштер канааттандырарлык эмес. Бир эле мисал айтайын: 23 жыл ичинде Кыргызстанда 10 миң адам бата турган спорттук комплекс курулган жок. Улам алмашкан жетекчилер бул тууралуу эч нерсе билбейби? Билишет. Бирок эч нерсе жасай алышпайт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин түзүлгөндүгүнө 2015-жылы 90 жыл толот. Алгач коомдук башталыштагы уюм болуп уюшулган бул мекеме 1948-жылдан баштап Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитет болуп өзгөртүлгөн. Ошол жылдан 2014-жылга чейин бул тармакты 19 жетекчи башкарган болсо, анын он төртү өлкөбүз эгемендикти алгандан кийинки мезгилге туура келет. Спорт адистеринин айтымында, бул тармакта иштеген жетекчилер олимпиадалык цикл деп саналган төрт жылга шайланса аткарылган иштери натыйжалуу болуп, жоопкерчиликти да талап кылууга мүмкүн болмок. 1991-жылдан бери иштеген жетекчилердин эң көбү төрт жылга чейин иштесе, айрымдары бир жылга чейин эле бул кызматта иштөөгө мүмкүнчүлүк алышкан.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG