Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Жаштар таза шайлоону талап кылат


"Келечек жаштары" бирикмеси
"Келечек жаштары" бирикмеси

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын жаштары шайлоодо добуш сатып алууга каршы чыгышып, саясатчыларды жана талапкерлерди элдин бүтүндүгүн сактап калууга чакырышты.

Ошондой эле үч облустун жаштары биригип коомдук бирикмеге чогулушуп, шайлоону таза өткөрүүгө өз салымын кошо тургандыктарын айтышты. Жалал-Абадда уюшулган жаштардын жыйыны кийинки айда Ошто өтө турган болду.

Ар облустан келген жаштардын башын бириктирген тегерек стол 24-августта Жалал-Абад шаарында уюштурулду. Ага бардык облустардын район-шаарларынан активдүү жаштар чогулган.

Иш-чараны демилгелеп өткөргөн жаш активист Келдибек Жээнбеков шайлоо алдында жаштардын биригүүсүн мындайча түшүндүрдү:

- Учурда баары президенттик шайлоо менен алек болуп, партиялар активдүү жаштарды өз катарына тартып жатат. Биз эч бир партиянын же кайсы бир топтордун жеке кызыкчылыгын көздөбөгөн, мамлекет үчүн күйгөн таза жаштарды катарыбызга тарталы деп жатабыз. Биз үчүн мамлекет башына ким президент болуп келет деген эмес, негизгиси өлкөдө ким келбесин туруктуулук болсо деген суроо маанилүү. Туура эмес шайлоо болуп, нааразылыктар чыгып кетпейби деген коркунуч бар. Кайсыл лидер келбесин эч кандай өзгөрүү болбойт. Биз жаштар ушул өткөөл мезгилди тынч жол менен өткөрүп берүүнү гана суранабыз. Мамлекетте тынчтык жана бүтүндүк болгон учурда гана өнүгүү болот.

Алдыдагы президенттик шайлоо кандай өтөт деген ой бүгүнкү жолугушуунун негизги темасына айланды. Катышуучу жаштар калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, шайлоо учурундагы добуш сатып алууларды ачык жарыялоо жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоо сыяктуу пикирлерин ортого салышты.

Жаш активист жана юрист Чыңгыз Мырзабеков акыркы шайлоолордо ачык түрдө сатып алуулар болгону менен ага карата эч бир чара көрүлбөгөнүн айтты:

- Бизде шайлоо такыр болбой калды. Добушканалардан сырт жакта акыркы кездери ачык эле соодалашуу, сатып алуулар жүрүп жатпайбы. Бирок акырына келгенде баары жайында болуп жатат. Ага көз жуумп коюу биз сыяктуу жаш активисттерге кыйын. Ага каршы туруу жана токтотууга элден демилге болушу керек. Бийликтин чыныгы ээси эл экенин ар бир кыргызстандык туюшу керек. Ошондуктан ар бири колундагы бийликти болбогон акчага сатып, кайра ошол бийликке нааразылык айтып жатпайбы. Жакшы бийликти алып келүү бул элдин колунда. Аны эл түшүнбөй жатат жана укуктук сабаттуулугу төмөн болууда. Ошондуктан биз эң негизгиси элдин укуктук сабаттуулугун жоюшубуз керек.

"Азаттыктын" архиви: Жаштар партияларга куралбы?

Кара-Кулжа районунан келген жаш активист жана муниципалдык кызматкер Тыныбек Кадыр уулу соңку учурда жаштардын шайлоого болгон көз карашы өзгөрүп жатканын айтууда. Ошол эле кезде жаш мамлекеттик кызматкер шайлоонун таза өтүшүнө өз салымын кошо турганын билдирди.

- Мен азыр 35 жаштамын. 25 жашымда шайлоолор кандай өткөнүн жакшы билем. Ал кезде сатып алуулар, жаштарды курал катары колдонуу аябай көп болчу. Бирок учурда жаштарда өз алдынча ой жүргүртүү, тандоо сыяктуу көз караш пайда болду. Ошол себептүү жаштар сатылбай туура тандоо жасайт деген үмүттөбүз.

Жыйын соңунда катышуучу жаштар биригип “Келечек жаштары” коомдук бирикмесин уюштуруп, кийинки жолугушууну сентябрь айында Ош шаарында уюштурууну чечишти. Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жыйын беришти. Коомдук уюм шайлоо алдында жана андан кийин да активдүү жаштар менен иштеше тургандыгын айтышууда.

Үч нерседен коркуу керек. Элдин шайлоого кайдыгерлиги, административдик ресурс жана акчага алдануу. Жаштар кыйкырып-өкүрбөй мыйзамдуу жол менен шайлоого таасир этиши керек.
Абдумаматкадыр Аширалиев

Профессор жана коомдук талдоочу Абдумаматкадыр Аширалиев жаштардын биригишин туура көрөт, эң негизги алар башка бир топтордун куралына айланып калбашы керек деп эсептейт. Ошол эле учурда алар шайлоонун таза өтүшүнө кандайдыр бир деңгээлде таасир бериши керектигин кошумчалайт.

- Жаштардын бириккени жакшы. Шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө алып, тазалыкка баштаганы да туура. Анан ошол жаштарды ажыратуу үчүн чагылчыл күчтөр да пайдаланып, аларды чачыратып да жибериши мүмкүн. Ошого алар бекем турушу керек. Азыр талапкерлердин көптүгүнөн коркпош керек. Шайлоо таза өтсө, ошолорду тандап алууга элдин кудурети жетет. Үч нерседен коркуу керек. Элдин шайлоого кайдыгерлиги, административдик ресурс жана акчага алдануу. Жаштар кыйкырып-өкүрбөй мыйзамдуу жол менен шайлоого таасир этиши керек. Алар добуш берүүдөгү мыйзамдуулуктарды протоколдоштуруп, БШКга жөнөтүп турса, ал да аны чечүүгө кандайдыр бир өбөлгө болмок.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда ага талапкер катары 45 адам адам чыгууда. Арасында саясатчылар, пенсионерлер жана жөнөкөй жарандар да бар.

"Азаттыктын" архиви: Саясаттагы жаштардын орду жана салмагы 7-апрель, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG