Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Аскаровдун саясатка айланган тагдыры


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаровду Чүй облустук соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Укук коргоочулар сот өкүмүн саясий чечим деп эсептейт.

Эмне себептен укук коргоочулар сот чечимин тааныгысы келбейт?

Сот өкүмдү чын эле айныгыс далилдерге таянып чыгардыбы же бийлик таасири роль ойнодубу?

"Арай көз чарай" талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, саясат таануучу Бакыт Бакетаев жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова катышты.

“Азаттык”: БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, аны бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде иш кайра карала баштаган. Бирок бул жолу БУУ күткөндөй чечим чыккан жок. Мындан улам соңку сот өкүмүнө кандай баа берүүгө болот?

Төлөкан Исмилова: Бүгүнкү сот чечими акыйкатсыз, саясий чечим болду. Анткени бизди таң калтырганы - акыркы жолугуудан ары “биз өкүм боюнча кеңешүү бөлмөсүнө кеттик” деп 12 күндөн ашуун жүрүштү. Жашыруундуулук принциби бар да, ага ылайык өкүм эч кимдин таасирисиз чыгышы керек. Ушул нерсенин өзү кыргыз коомунда чыныгы эгемендүү соттун жоктугун көрсөтүп койду.

“Азаттык”: Клара айым, бул иштин кайра башынан каралышынын өзү кыргыз тараптын БУУ чечимдерин сыйлоого жасаган аракети катары кабылдангандай болгон. Кайра каралгандан кийин өкүмдүн өзгөрүүсүз калуусун сиз кандай кабылдадыңыз?

Клара Сооронкулова: Моралдык жактан сыйлоо деген менимче туура эмес. Анткени бул укуктук механизм, мыйзамда көрсөтүлгөн. Жаңы жагдай катары эл аралык адам укуктарын коргоо органдары ушундай чечим чыгарса, бул жаңы жагдай болуп, иш кайра каралсын деген берене бар. Ошонун негизинде каралып жатат. Мурда бул берене жок болчу. 2010-жылкы Конституция кабыл алынгандан кийин пайда болуп калды. Жазык процессуалдык кодексинде. Ошонун негизинде каралууда. Мени бул жерде таң калтырганы – иш толугу менен кайра каралганы болууда. Ал эми эл аралык нормалардын талабы боюнча ошол БУУнун комитети кайсы жагдай туура эмес болгонун, кайсы укуктар бузулганын көргөзүп тыянак чыгарса, ошол көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча гана каралышы керек.

"Азаттык": Бакыт мырза, Аскаров боюнча иш кайра карала баштаганда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү өзгөргөн учурлар болду. Айрым күбөлөр мурда укук коргоо органдарынын коркутуусу менен башкача көрсөтмөлөрдү бергенин айтышты. Андан башка милиция башчысы Мамиржан Мергентаев ошол күнү тартылган эч кандай видео тасма жок экенин билдирди. Сот өкүмүнүн эч өзгөрүүсүз калуусу бул жагдайлардын көз жаздымда калганын көрсөтпөйбү?

Бакыт Бакетаев: Биздин сот реформасында системалуу реформа болбой жатат. Азыр сөз болуп жаткан нерселер туурасында калың элдин катмары билбейт. Сот чечимин Төлөкан айымдан башкалар аз билет. Ошондуктан соттор өз чечимдерин интернетке дайыма басып чыгарышы керек дегенди мыйзамга киргизиши керек. Мына ошондо эл окуп, өз пикирин айтат. Болбосо азыр элде иштин чоо-жайын билгендер аз. Ошондуктан мындай эле угуп, кээ бирлери Төлөкан айымга, кээ бирлери башкаларга ишенип жатат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG