Сынактын жыйынтыгында мамлекеттик тилди билбеген адистер кызматынан бошотулуп же төмөндөтүлөрү айтылган. Айрым адистер бул токтомду кезектеги популисттик кадам деп эсептесе, экинчи тарап аталган документте бир гана талап коюлбай, мамлекеттик тилди окутуу жагы да эске алынганынан улам майнап чыгат деп ишенишет.
Кыргызстанда иш кагаздарын, расмий жыйындарды мамлекеттик тилде жүргүзүүгө кыргыз тилинин толук мүмкүнчүлүгү жетет. Ага ар бир аткаминердин өз каалоосу, саясий эрки гана зарыл. Мындай пикирин айткан коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзү мамлекеттик жетекчи кызматтарда иштеп жүргөндөгү тажырыйбасынан кеп салды.
- Биз 2001-жылдын 1-январында "Ысык-Көл облусу толук кыргыз тилине өтөбүз" деп чечим кабыл алганбыз. Ал кезде Жусупбек Шарипович губернатор, мен биринчи орун басары элем. Ошол учурда Казат Акматов мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси катары келип, ыраазычылык билдирген. Кийин кайра орусчага өтүп кетишти. Экинчи мисал - 2011-жылы президенттик аппаратты толук мамлекеттик тилге өткөргөнбүз. Жарлыктар, документтер кыргызча даярдалып калган. Кийин 2012-жылдан баштап кайра эле орусчага өтүп кетишти.
Каптагаев отуз жылдан бери талаптагыдай ишке ашпай жаткан мамлекеттик тил мыйзамын мисалга тартып, эгер тиешелүү жетекчилер кезектеги токтомдун ишке ашуусуна катуу талап койбосо, аны аткаруу мөөнөтү ар кандай себептер менен жылып кетерин айтты:
Филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев буга чейин мамлекеттик тил маселеси боюнча чыккан мыйзамдардын, токтомдордун кагаз жүзүндө калганы үчүн бийлик бутактарында отурган жергиликтүү жетекчилерди күнөөлөдү:
Жогорку кызматта жүргөн аткаминерлерибиздин өздөрүндө намыс жок. Алар мамлекеттик тилди сыйлабагандык мамлекетти сыйлабагандыкка барабар экенин түшүнбөй жатышпайбы.Сыртпай Мусаев
- Мындай токтомдун эчени чыккан. Атургай мыйзам кабыл алынган. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдарда "мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билиши керек" деп жазылып турат. Бирок токтом түгүл ал мыйзамдар аткарылбай жатпайбы. Ошол эле учурда биздин жогорку кызматта жүргөн аткаминерлерибиздин өздөрүндө намыс жок. Алар мамлекеттик тилди сыйлабагандык мамлекетти сыйлабагандыкка барабар экенин түшүнбөй жатышпайбы.
Мусаев бул жолку расмий документтеги талаптар деле бара-бара жумшарып, андан ары дайыны билинбей кетет деген ойдо.
Парламент депутаты Каныбек Иманалиев болсо өкмөттүн мамлекеттик тил боюнча токтомун колдой турганын айтты:
- Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстандан, Тажикстандан, Түрмөнстандан артта калдык. Өкмөттүн токтому туура. Ириде кыргыз элитасы үлгү болушу керек. Мисалы парламент жыйындары, өкмөттүн иш-чаралары мамлекеттик тилде гана өтүшү керек. Токтомдун аткарылышына өкмөт башчы өзү жооп бериши зарыл. Кол койгону туура болду. Кечигип болсо да кабыл алдык.
"Мама тил, папа мекен"
Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.
Токтомдун негизинде 2018-жылдын 1-мартынан тарта мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшериле баштайт. Талап боюнча ар бир мамлекеттик кызматкер 2019-жылдан тартып кыргыз тилин базалык деңгээлде билиши зарыл.
Кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин "Кыргызтест" аныктап берет. Бул тууралуу аталган мекемененин жетекчиси Батма Топоева билдирди:
- Мамлекеттик тилди билүү боюнча төрт баскыч каралган. Бул - баштапкы, эң жөнөкөй деңгээл. Андан кийинкиси - базалык деңгээл. Бул албетте, баштапкы баскычтын экинчи деңгээли болуп эсептелет. Андан кийин орто, ортодон жогору жана жогорку деңгээлдер бар. Биздин тесттен өткөндөр алгач өз билим деңгээлин билип, андан ары тил үйрөнүү боюнча курстардан да окуй алышат.
Топоева токтомдун негизинде премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине үч ай аралыгында мамлекеттик тилди окутуу усулдарын жана колдонмо окуу куралдарын иштеп чыгууну тапшырганын айтты. Ал анда мамлекеттик тилди билүү гана талап кылынбастан, аны окутуп, үйрөтүү жагы да камтылганын белгиледи.
Тест боюнча мамлекеттик мекемелерде иштегендердин кыргыз тилин билүү дарамети 2020-жылы орто деңгээлде, 2021-жылы ортодон жогору деңгээлде болушу зарыл.