Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:34

Жээнбеков: Бийликти болушунча сындайбыз


7-ноябрь - Басма сөз күнүнө карай оппозициячыл катары атагы чыккан "Алиби" гезити 5 жылдыгын белгилеп жатат.

Бул убакыт аралыгында аталган басылманын иши токтотулуп, кайра ачылды. Учурда да соттошууда. "Алибинин" башкы редактору, "Назар", "Ачык саясат" гезиттерин да башкарып жүргөн Бабырбек Жээнбеков "Азаттыкка" маек курду.

- “Алиби” гезити 2007-жылы түзүлүп, андан бери жабылып калып, кайра ачылып жүрөт. Алгач гезиттин ушул тууралуу таржымалына токтоло кетсеңиз.

- “Алиби” гезитинин алгачкы саны 2007-жылы 5-июлда жарык көргөн. Бакиевдин жүргүзгөн саясатына макул болбой "Алибини" оппозициялык гезит катары түптөгөнбүз.

2008-жылы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев тууралуу материал жарыялаганбыз. Анда бир адамды уруп кеткен машинанын окуясы боюнча бир жылдан бери тергөө жүрбөй жатканы, ал машинада Асылбек Салиевдин аты жазылган телефондун акчасын төлөгөн дүмүрчөк табылганы жазылган. Анан Салиевдер ар-намысыбызга шек келтирди деген шылтоо менен биздин гезитти жана “Де-фактону” сотко берген. 2008-жылы 2-июнь күнү гезиттерди жабуу боюнча соттун чечими чыккан.

- Ал учурдагы сиз башкарган “Назар”, “Ачык саясат” гезиттери бийлик тарабынан кысмакка алынып жатканын айткансыз. Бирок азыркы “Алиби” гезитиңиз деле соттошуп жатат. Мурдагы соттошуулар менен азыркылардын айырмасы эмнеде?

- Ал учурдагы соттошуулар идеологиялык көз караштардын туура келбегендигинен келип чыккан. Азыр биздин гезитти депутат Өмүрбек Текебаев сотко берип жатат. Ал "ар-намысыма шек келтирди" деп сотко берип, биринчи инстанциядан утуп алган, Биринчи Май райондук соту анын арызын канааттандырган. Биз үчүн дагы шаардык сот, Жогорку Сот бар болчу. Бирок ал киши аягына чыкпастан эми 100 миң сом айып төлөп берсин деп дагы сотко берди, 8-ноябрда сот иши башталат.

- Кол алдыңыздагы журналисттер канчалык деңгээлде медиа стандарттарына жараша иштешет?

- Учурда ушул маселе кыйын болуп турат, аны моюнга алыш керек. Азыркы учурда журналисттердин айлык акылары төмөн, шарты жок болгондуктан алардан жыйынтыкты талап кылуу да кыйын. Аларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жакшы эместигинен улам жазууга болгон мамиле да жакшы эмес.

- “Алиби” гезитинин саясаты азыр кандай?

- Аябай оппозициячыл деп айтпаганыбыз менен бийликти болушунча сындап келатабыз. Бакиевдин учурундагыдай жетер жерине жеткире сындаганга азыр чындыгында жете элекпиз. Бирок президентти, премьер-министрди, парламентти да болушунча сындап жатабыз.

- Учурда кыргыз гезиттеринин коомдук пикирди түзүүгө болгон салымы канчалык, аларды калктын канча пайызы окуйт?

- Азыр электрондук басма сөз жайылып кетти, алар менен тең тайлашуу чындыгында кыйын. Айыл жерлерине гезитти жеткирүү да оңой эмес. Ошол эле учурда дагы бир чоң маселебиз - гезиттердин “имиштерден” чыга албай жатканы болууда.

Фактыларды болгонун болгондой жеткирип берүү кыйын болуп жатканын моюнга алыш керек. Кыргыз журналистикасынын буга чейинки деңгээли ушундай болуп келди, ошого байланыштуу болуп жатат. Юридикалык, экономикалык темаларды чагылдырганда журналисттер кыйналышат. Ошондуктан журналисттер өздөрү ал кесиптин ээси болбогондон кийин болгонун эле болгондой жеткирип койолу деп, ушактардан качып, фактыны гана жазуу талабын коюп жатам.
XS
SM
MD
LG