Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

Футболдогу мушташты милиция иликтейт


Оюнчулар стадиондо бири бирине муштум кезеген кез. "Алай" сары-кара, "Алга" ак-кызыл кийимде.
Оюнчулар стадиондо бири бирине муштум кезеген кез. "Алай" сары-кара, "Алга" ак-кызыл кийимде.

"Алай" жана "Алга" футбол командаларынын беттешиндеги мушташты милиция иликтей баштады.

Футбол федерациясы да окуянын чоо-жайын тактоого киришти. Жаңжалга эмне себеп болгону тууралуу так маалымат берилген жок. Тараптар жана милиция мушташ оюндан кийин болгонун айтканы менен жаңжал стадиондо футболчулардын ортосунда башталып, сыртта уланганы тууралуу видео тарады.

Жаатташкан жаңжал

Оштун "Алай" жана Бишкектин "Алга" командаларынын оюнчуларынын ортосундагы мушташ экени айтылган видео Интернетке 20-майда тарады.

Ондогон кишилердин жапырт жаңжалы Канттагы футбол аянтынын жанында тартылган. Тасмада "Алай" командасынын сары футболкачан оюнчуларын, "Алганын" кызыл футболкачан күйөрмандарын жана башка футбол фанаттарын көрүүгө болот. Топтошкон тарап "алайчыларды" алдыга салып кууп жүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева окуя иликтенип жатканын билдирди:

- Футбол болуп жаткан кезде коомдук тартип бузулганы тууралуу 20-май күнү кечки саат алтыларда Ысык-Ата райондук милициясына кабар түшкөн. Ыкчам тергөө тобу териштирген учурда жаңжал оюн бүткөндөн кийин чыкканы белгилүү болду.

Жаңжалда жабыркагандар соттук-медициналык текшерүүдөн өткөн. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Мушташка катышкан жана андан жаракат алгандардын саны да так эмес.

Стадиондо башталган мушташ

Ал күнү эки команда календардык пландагы кезектеги беттешин өткөрүп, 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Тактала элек маалыматтарга караганда, белгисиз кишилер кийим алмаштыруучу жайда "Алайдын" чабуулчусу Алиа Силланы сабап коюшкан.

Анын алдында Силла оюн жүрүп жаткан кезде атаандаш тайпадагы оюнчу менен тиреше кетип, жыгылган. Экөө бири бирине муш көтөрүп, Силла оюн талаасынан чыгарылган. Ошол учурлар тартылган видео бир күндөн кийин "Алга" клубунун "YouTube" баракчасына жайгаштырылды.

Интернеттеги талкууларда оюн талаасында башталган жаңжал стадиондун сыртында уланганы, ага күйөрмандар да аралашканы айтылууда.

"Фейсбуктагы" "Футбол ааламы" тайпасына "Алай" клубунун оюнчусу Шухрат Рахмоновдун мурду канжалаган, Алиа Силланы бети шишиген сүрөттөрү жарыяланды.

"Алай" унчуга элек, "Алга" үн катты

"Алайдын" расмий өкүлдөрү окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек. Команданын басма сөз катчысы Кубанычбек Ураимов мындай деди:

- Окуяны угуп, Оштон келдик. Чоо-жайын тактаганы аракет кылып жатабыз. Териштирүү бүтмөйүнчө маалымат бере албайбыз.

"Алга" клубунун басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, беттешти көргөнү бул команданы сүрөп Бишкектен 35 күйөрман барган. Алар кызыл футболкачан болгон. Мушташкандар тартылган видеодо кызыл футболкачан эки адам жүрөт. Клубдун басма сөз катчысы Адилет Алыев муну "Азаттыкка" бышыктады, бирок мушташка катышкандар Кант шаарынын тургундары экенин айтты:

- Кант шаарындагы күйөрмандардын биздин клубга тиешеси жок да. Алар туура эмес кылышты. Токмоктоп коюшуптур. Бул боюнча биздин клуб кайрылуу даярдап жатат.

Аталган команданын расмий сайтына клуб директору А.Исабековдун да кайрылуусу жарыяланды. Анда футболчулар мушташканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбегени айтылып, "Алайдын" оюнчусу Силла менен белгисиз кишилер жаңжалдашканы белгиленет.

Федерация башчысынын жообу

Кыргызстандын футбол федерациясынын башчысы Семетей Султанов окуя тууралуу бир күн өткөн соң билген. Ал беттештен кийинки мушташка федерация жооп бербей тургандыгын билдирди:

Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

-Уга элек болчумун. Азыр эле мага айышты ("Азаттык" Султанов менен 21-май күнү саат 17:20да байланышты - "Азаттык"). Карап чыгып, анан комментарий беребиз. Оюндун инспектору бар, беттеш учурунда болсо, анда чара көрүлөт. Оюндан кийин болсо, үйгө кетип баратканда бир нерсе болсо - ал биздин ишибиз эмес. Футболчулардын артынан чуркап жүрбөйм да, "Тамак жедиңби?", Дааратканага бардыңбы?" деп. Караштырыш керек, биз да түшүнбөй жатабыз. Бул окуя оюндан кийин болуп атпайбы.

Султанов мушташтын чоо-жайын иликтеп жаткан органдардан документтер алынгандан кийин маселе федерациянын Дисциплинардык комитетинде караларын кошумчалады.

Эреже боюнча, аталган комитеттин мүчөлөрү бейтарап көз карашты карманат. Иликтөөдөн соң мушташтын мүнөзүнө жараша чечим кабыл алынат. Жаза иретинде клуб же оюнчу беттештерден убактылуу четтетилиши да мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG