Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Аялдар акыры акцияга уруксат алды (видео)


8-март, 2019-жыл. Бишкек
8-март, 2019-жыл. Бишкек

“Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмеси Бишкекте 8-март майрамына карата өтүүчү аялдардын жүрүшүнө тыюу салынып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин гана уруксат берилгенин айтып чыкты.

Жылдагыдай эле быйыл да “Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмеси 8-март күнү аялдардын укуктарына байланышкан марш өткөрүүнү пландап, 19-февралда калаа бийлигине жана шаардык милицияга коопсуздукту сактоо боюнча маалымдама жөнөтүшкөн.

Уюштуруучулардын айтымында, 6-мартта Бишкек мэриясынан “ар кандай митингдерди жана тынчтык акцияларын өткөрүүнү чектөө” тууралуу кат алышкан. Ал документте “уюштуруучулар акцияга чыккандарды көзөмөл кыла албай калып, тургундарга ыңгайсыздык жаратат жана шаардын борбордук бөлүгүндө майрамга карата ар кандай иш-чаралар пландалганы үчүн тыюу салынды” деп жазылган.

Аялдардын тилектештик маршы. 8-март, 2019-жыл

“Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмесинин өкүлү Гүлайым Айылчы шаардык бийлик коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын реакциясынан кийин гана чечимин өзгөрттү деп эсептейт.

- Бизге шаардык милициядан “Коопсуздугуңарга байланыштуу чыкпай эле койгулачы. “Кырк чоро", "Калыс" деген уюмдар келип, бир нерсе кылышы мүмкүн” дешти. Бүгүн биз өз жаныбыздан коркуп маршка чыкпасак, эртең дагы бир жерден эч нерсе кыла албайбыз, мындай улана берсе жакында үйдөн чыкпай калабызбы? “Милиция кызматкерлерин жиберсеңер да, чагым болот деп ачык эскерткениңерге да карабай чыгабыз” дедик. Биз кандай гана болбосун маршка чыгабыз.

Гүлайым Айылчы 8-марттагы жүрүштө ар кандай топтордун чагымынан чочулап турганын жашырган жок. Шаардык милиция бул иш-чарага жетиштүү кызматкерлер тартылып, коопсуздук толук камсыз болот деп билдирүүдө. Ал эми Бишкек мэриясынан жүрүшкө эч кандай тыюу салынбаганын, Интернетте тараган документ боюнча маалыматы жок экенин билдирүүдө.

Ошентип, кыз-келиндер акыры майрам күнүндө тынчтык маршын өткөрмөй болушту. Мындай көрүнүш ириде социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрымдар муну адам укуктарын басмырлоо катары баалап жатат.

Жаш активист Улан Үсөйүн Интернетте аялдардын маршына каршы чыгып, ар кандай пикирлерди жазып жаткан "Кырк чоро" деп аталган кошуундун өкүлдөрүнө чара колдонулбай, тескерисинче иш-чарга тыюу салынганын акылга сыйбаган чечим катары баалады.

- Баары мыйзам чегинде болушу керек. Эртең чагым кыла турган болсо, ошолорго чара колдонушу керек. Феминисттик топ уруксат алып чыгууда. Аны токтотуп коюу менен маселе чечилбейт. Ал эми “чоролор” акция баштала электе коркутуп жатышат. Алар "маршты токтотушпаса, анда биз токтотобуз" деп чакырык таштап жатышат. Муну мыйзамы жок өлкө десек болот.

"Кырк чоро" деп аталган кошуундун жетекчиси Замир Көчөрбаев "Фейсбуктагы" баракчасында “бийлик Калпак күнүндө жөө жүрүшкө уруксат бербей койгон, эл аралык уюм каржылаган иш-чараны колдоп жатат" деп нааразы болууда. Ошондой эле бул боюнча топтун өкүлдөрү чогулуп кеңеше турганын кошумчалап, “жүрүш токтойт же аягы жакшы менен бүтпөйт” деп жазды.

“Клооп” маалымат агенттигине Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов “Кырк чоро” кошууну да акцияга чыгуу боюнча маалымдама бергенин билдирген.

Айрым укук коргоочулар ансыз да гендердик саясат жакшы жүрбөй жаткан учурда өкмөт кыз-келиндердин укуктарына коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып жаткан мындай иш-чараларды колдошу керек болчу дешет.

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова мындай көрүнүштөр бийликтин “аялдар кабылган көйгөлөрдү чечип, кыз-келиндердин укугун коргоо керек” деген ураандары "кожо көрсүн" мамилеси экенин көргөзүүдө дейт.

- “Кырк чордон” коркуп маршка тыюу салдык дейт. “Кырк чородон”, радикалдардан, криминалдан корксо ал кызматтан кетиши керек. Эч нерседен коркпой мыйзамды сактаган киши келип иштесин. Жаңы бийлик, президент айтып жатат “тең укуктуу болушубуз керек” деп. Анын айтканы реалдуулукка дал келиши керек.

“Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмесинин бул жолку маршы “Аялдардын тилектештик шаарчасы” деп аталат.

Марштын катышуучулары 8-март күнү саат ондо “Россия” кинотеатрынын жанында чогулуп, андан борбордук аянт аркылуу Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүш жасашат. Жүрүштөн соң аялдардын укугу тууралуу ар кандай маалыматтар, кеңештер берилмекчи.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG