Мындай аракетке Өзбекстандын атайын кызматтары жүргүзгөн сурак маалында жаза өтөп жаткан жергиликтүү эки жарандын билдирүүлөрү негиз берди.
Өзбекстандын атайын кызматтары суракты кыргызстандык кесиптештеринин өтүнүчү боюнча жүргүзгөн. Суракта экстремисттик аракеттерди пландоого кыргызстандык журналист да катышканы айтылат.
Маалыматка караганда, суракка алынган Шухрат Мавлянов менен Файзулло Аминовду Өзбекстан соту экстремисттик иш аракеттери үчүн 2012-жылы сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылып, 2015-жылы кармалган. Айрым булактарда алар кыргызстандык имам Камалов менен байланышта болгон. Алар Оштогу мечиттерде экстремисттик идеяларды жайылтып, согуштук иш аракеттерге үндөшкөндүгү, кыргызстандык тилектештерине каржылык колдоо көрсөтүп тургандыгы жөнүндө да маалыматтар бар.
Сурак маалында Файзулло Аминов кыргыз бийлигин курал колдонуп басып алуу, халифат орнотуу жөнүндө 2014-жылы кыргызстандыктар менен Түркияда жолугушууда сүйлөшүлгөнүн билдирген. Ал жолугушууга имам Рашод Камалов, Мыктыбек аттуу тележурналист жана Ош облусунун эки тургуну катышканын айтып берген.
Өзбекстандын коопсуздук кызматына Файзулло Аминов “ал жерде Сириядагы согушкерлерди колдонуу менен Кыргызстанда бийликти курал менен басып алуу пландары сүйлөшүлгөн” деп айткан.
Азырынча айтылбай турган маалыматтар
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтканына караганда, учурда ИИМ өзбекстандык тиешелүү кызматтардын маалыматтарын териштирип жатат:
- Биздин негизги маселе Камаловдун айланасындагы чоо-жайды тактоо болчу. Бизде ыкчам да, такталган да маалымат бар. Кимдин эмне кылып жүргөнүн билебиз, бирок азыр ал маалыматтарды ачыктай албайбыз. Себеби дагы тактоочу жагдайлар көп. Азыр суракта айтылган бир нече адамдар менен иштейбиз. Учурда атайын топ Ош менен Жалал-Абадда иликтеп жүрөт. Ал жерде фамилиясы айтылбай, Мыктыбек деген тележурналист айтылган экен. Бул багытта тактоо, иликтөө иштери жүрөт.
Ички иштер министрлиги Камаловду жазадан бошотууга кызыкдар тарап көп болуп, ири суммадагы акча ойноп жатканын билдирди. Ал эми тележурналист Мыктыбек Арстанбектен күбө катары маалымат алынышы мүмкүн.
Тележурналист Мыктыбек Арстанбек 2014-жылы Түркияга барганын, ал жаткан Камаловду көргөнүн тастыктады. Бирок журналист ал жерде диний конференция гана болгонун, жогоруда айтылып жаткандай радикал кадамдар, экстремисттик маанайдагы сөздөр болбогонун ырастоодо:
- Түркияда жүргөн түркстандыктардын конференциясы жыл сайын болот. Маданий, адабий, кызматташуу боюнча мыйзамдуу эле конференция. Мени былтыр ошол конференцияга чакырышкан экен. Кыргызстандан да кишилер барыптыр. Мен Кыргызстандагы диний абал жөнүндө баяндама жасадым. Камаловду да көргөм. Бирок андай сөз боло турган жер эмес. Андай сөз болгон эмес. Ал мыйзамдуу түрк мамлекети тарабынан өткөрүлүп жаткан конференция болчу.
Мыктыбек Арстанбек диний көз караштагы журналист. Учурда Коомдук биринчи каналда “Орозодо отуз күн” аттуу диний берүүдө алып баруучу.
Акыркы мезгилде коомчулукка таасирдүү адамдардын чет өлкөдөгү ар кандай диний иш-чараларга катышкан учурлары көбүрөөк байкалууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замир Турсунбеков ар кандай калпыстыктардан алыс болуунун жалгыз жолу - ар кандай жыйындарга катышуудан мурда алар тууралуу кеңири жана терең маалымат алуу оң болорун белгиледи:
- Чакырган тарап менен байланышы болуш керек. Эгерде эксперт катары доклад окуп бер деген күндө да кайсы жамаат, кандай максатта өтүп жатканын такташ керек.
Кара-Суудагы “Ас-Сарахси” мечитинин имамы Рашод Камалов элди халифат курууга үндөп, Сириядагы согуш боюнча экстремисттик маанидеги чакырыктарды айткан деген шек менен ушул жылдын 9-февралында кармалган болчу. Рашод Камалов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
37 жаштагы, өзбек тектүү имам Рашод Камалов диний таалимди атасынан алганы айтылат. Атасы Рафик Камалов 2007-жылы террордук актыны алдын алуу операциясы жүрүп жаткан учурда каза болгон. Камаловдордун дагы бири - Садыкжан Камалов эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстанда муфтийлик кызматты аркалаган, легендарлуу парламенттин депутаты болгон.