Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Маликанын сагынычы


Орусияда бүгүн кыргыз жарандарын кадам сайын кезиктиресиз, көбү турмуштун айынан жер кезип кеткен. Арасында былтыркы согуштун айынан качканга мажбур болгон жарандар да бар. Алардын тагдыры да, күнүмдүк турмушу да көпчүлүк мигранттардыкынан бөлөк. Июн коогасында ата-энеси шашылыш турмушка берип, Орусияга качырган оштук кыздын үйүндө жакында Жаңыл Жусупжан болду.

Малика кичинесинен мугалим болгусу келчү. Ошондуктан Ош университетине тапшырган. Былтыркы коога болбогондо, келерки жылы дипломун алмак.

Жашы 20дан эми ашкан Малика үйүн сагынып, кайтып барсам, окуумду бүтүп, мектепте иштесем деп ойлойт. Бирок ана-мына дегенче бир жарым жыл өтүп кетиптир.

Бул келинге мен Орусиянын ири шаарларынын биринде, көп кабаттуу үйдүн батиринде жолуктум.

Окуусун бүтсө, башталгыч мектепте өзбек тил, адабиятынан мугалим болмок.

Маликанын сагынычы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:20 0:00
Түз линк


Малика күйөөсү, кайын сиңдиси менен дагы эки бүлө болуп үч бөлмөлүү батирде чогуу турушат. Кайын сиңдиси экөө тең жоолук салынган.

Алар «Атыбызды айтпаңыз» деп көптөн-көп өтүнүштү. Бирок же окуудан, же иштен жок, тууган-туушкандарынан алыс камалган жашоосу жөнүндө төкпөй-чачпай айтып отурушту. Малика Орусияда окуусун уланта албаптыр:

- Үчүнчү курсту бүткөм. Эгерде азыр ал жакта болсом бешинчи курста окумакмын. Которулсам деп ойлогом, бирок өзбек тил, адабиятынан окуу болбойт го.

Кайын сиңдиси менен ээрчишип Малика эртели-кеч көчөгө чыгып сейилдеп келет. Күйөөсү такси айдап күндөп-түндөп чапкылап жүрөт. Көпчүлүк курбуларындай эле Малика мектепте окуп жүргөн кезинде исламга кызыгып, өзү эле жоолук салынып алган.

"Биз деле досторубузду чакырып той өткөрүүнү каалаганбыз"
"Биз деле досторубузду чакырып той өткөрүүнү каалаганбыз"
- Мурда кичине эле орозо кармап, намаз окуп келгем. Ага чейин оромол салынышты билген эмесмин. Анан окуп, билип, эмне кылса эмне болот ошолорду үйрөнүп, түшүнүп, анан оромол салындым. Менин үй-бүлөм окумуштуу, динди дагы, мыйзамды дагы түшүнөт, менин динчил болгонума туура эле карашат.

Маликанын ата-энеси өткөн жазда алыс туугандарынын уулу менен тааныштырып кудалап коюшкан. Бирок бышыкчылыкты күтүп, тойду күзгө калтырышкан. Анын аралыгында Ошто кырдаал курчуп, июндун башында эле аларды кеткиле дей башташат.

- Ошто кыргыздар көп отурукташкан жерде турабыз. Коңшуларыбыздын баары кыргыз, алар айтты, бул жерде турбагыла, кеткиле, өзбек туугандарыңар бар жерге качкыла деп. Бизге эки күн мурда атама айтышты аны. Ал "тынч эле, жок, андай болбойт", деп ишенген жок.

Калаба башталгандан көп өтпөй Маликанын үйүнө куралчан кишилер кирип келет.

- (Согуштун) төртүнчү күнү үйүбүзгө куралчандар кирип келди. Алардын куралдарын көрүп чоң апам делдиреп эле калды. «Балам, сага окшогон менин да балдарым бар, эмне берейин?» деди. Биз үйдө кой багабыз. Келгендердин бири «койлордун бардыгын бергиле, мен алып чыгып кетейин, ошондо үйүңөрдү өрттөбөйбүз" деди. 10-15 коюбуз бар эле, ошонун экөөсүн бердик.

Кыргыз коңшулары арага түшүп, акыры качып чыкканга аргасыз болгонун Малика мындайча айтат:

- Аскер жана дарыгер кыргыз коңшуларыбыз бар, алар «койду албайсың, кетесиң» деп балдарды кетиришти. «Силер гумжардам алып жатасыңар, бул кемпир эч нерсе алган жок» деп айтышты. Коңшулар жардам берип, келгендер чыгып кетти.

Бирок түнү да баягы куралчандар кайра келип коркутушат. Ошондо Маликанын үй-бүлөсү үйдү таштап качышат.

Ата-энеси эми такыр күдөрү үзүлүп, өздөрү туушкандардын үйүндө жүрүп, Маликаны эжеси экөөнү тең күйөөгө берүүнү чечишет.

- Кыздарды кыйнап атат, өлтүрүп кетип атат дегенинен атам коркуп, "бул алам деди, бул деле тием деди", деп берип салды.

Жупуну жасалгаланган бөлмөдө сөз уланып, жаш келин пешенеге жазган ушул экен деп үшкүрүнүп алды.

"Бул алам деди, бул дагы тийем деди", деп эле атам күйөөгө берип салды
"Бул алам деди, бул дагы тийем деди", деп эле атам күйөөгө берип салды
- Төрт адам ал жактан, төрт адам бул жактан келип эле, тойго да окшогон жок. Биз андай каалаган эмеспиз. Бирөө өлүп калса төрт адам келип бата берип кетет го, ошондой эле болуп калды, кичине адам келип укканын угуп, укпаганын укпай кетишти. Биз [тойго] бардык дос кыздарыбыз келип, эл-журт көрсө, салты менен болсо деп каалаганбыз. Бирок андай болгон жок.

Кыздар Ошто калган тууган-туушкан, курбулары менен телефон, Интернет аркылуу такай кабарлашып турушат. Кечээки эле секелек кыздарды чукул күйөөгө берип, алардын оту күйүшпөй тез эле ажырашып кетип жатышканын, маалелерде той бергенден чочулап турушканын угуп жатыптыр.

- Өзбектер той кыла албай атат. Той кылса эле бай экен деп акчасын алып кетип атыптыр. Өзбектерде ошондой акча барбы? 5-10 миң доллар бересиң деп туруп алышат экен.

​Жаңжалдан бери айрыкча Ошто талап-тоноочулук, коркутуп акча өндүрүү күч алганы өзбек азчылыгында көп айтылат. Маликанын атасын да акча берип куткарууга туура келген.

- Менин атам өзү Ошко барды. Барса кармашты, 500 доллардан ашык акча бересиң, анан кое беребиз, болбосо сени да кыйнайбыз деди. 500 доллардан ашык акча берип акаларым алып чыкты. Бардык нерсени сатып, карыз алып алып чыкты. Бизге ата керек да.

Жаш бүлөнүн сүйүнгөнү чуркап жүрүп жакында Орусиянын жарандыгын алышты. Бирок Малика кээде өзүн Оштон кетпегендей эле сезет. Себеби көчөдө кээде былтыркы кооганын эпкини ичиркенткен учурлар жок эмес.

- Бул жерде кээде текебер мамилеге учурайбыз. Мисалы дүкөнгө чыгабыз, ал жерде 5-6 кыргыз кыздар иштейт. Алардын экөө жакшы мамиле кылат, ал эми эки кассир, "Эмне керек?", деп терс жооп берет. Мен биз деле адамбыз го, жакшы жооп бер деп айттым. Жакшы мамиле кылса деле болот го, булар деле мусулман го.

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары, 20110-жыл
Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары, 20110-жыл
​Орусияда кыргызстандыктар айрыкча орус жарандыгын алгандан кийин мыйзамдуу жумуш орундарына орношушат, ресторан, барларда, почтада иштешет. Алтургай милицияга орношкондору да бар. Бирок Малика мусулман жоолук салынганы үчүн иш таба алган жокмун дейт:

- Үйдө отурабыз, иштебейбиз. Сыртка чыгып бир айланып келебиз, кайра кирип үйдө отурабыз. Бул жерде бизди эч ким иштетпейт, документ барбы, жокпу, кийимине, кебетесине, мамилесине карайт. Мен алардын кийимин кийип жүрө албайм. Мен кудайдан коркконум үчүн оромол салынып, мусулманмын деп билем өзүмдү.

Малика үйгө барып урук-туугандары менен учурашсам дегенде эки көзү төрт. Бирок азыр кош бойлуу болуп калды, анын үстүнө үйдөгүлөр келбегиле, ошол жакта тынчыраак жашап тургула деп макул болушпайт.

- Үйдү сагынабыз. Бир жарым жылдан бери бул жерде жүрөм. Апамды, атамды көргөн жокмун. Менин кайын энем, кайын атам бар, аларга кызматыбызды кылышыбыз керек. Өзүңүз билесиз...

XS
SM
MD
LG