Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

ТИМ: Абдылдаев кызматтан кетти


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кеткенин жарыялады.

Бүгүн ал жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү таратып: “Министр болуп алты жыл иштеп, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. Мамлекет башчысы кабыл алды. Кызматташтарыма, биринчи кезекте Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине ыраазылык айтам. Мага ишенип, колдогондордун баарына рахмат” деди.

Ал арада тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин кызматтан кетүү жөнүндө арызын президент канааттандырганы маалым болду.

Абдылдаев 52 жашта. Ал министр болуп 2012-жылы дайындалган.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков анын билдирүүлөрүн текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузуулар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.

2016-жылы "Прецедент", "Кылым шамы", "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы", “Балдардын укугун коргоо лигасы”, “Ачык көз караш”, "Психикалык саламаттык жана коом" коомдук уюмдары биргелешкен билдирүү таратып, АКШнын Мамлекеттик департаментине орой жооп кайтарганы үчүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Буга ТИМдин АКШнын Мамлекеттик департаментине айткан каяшасы негиз болгон.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу иликтөөсүндө "Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укуктарынын абалы начарлап баратат" деп сындаган.

Тышкы иштер министрлиги 16-апрелде буга жооп кайтарып, Кыргызстанда адам укугу жаатындагы маселелер аз эмес экенин, бирок алар ачык айтылып, жарандык коом менен чогуу чечилип жатканын билдирген. Мекеме “мыйзамсыз камоо”, “саясий куугунтук” деген жыйынтыктарды адилетсиз жана негизсиз деп сыпаттап, керек болсо АКШнын өзүндө да адам укуктары бузулуп жаткан учурлар бар экенин эске салган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” айтканына караганда, жарандык уюмдар министрликтин билдирүүсүн дипломатиялык эрежелерге шайкеш келбейт деп баалаган:

- Маселен, жакында эле Светлана Кулбаева аттуу кыргыз жараны Кытайда өлүм жазасына тартылып, сөөгү келди. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жыйындарында ушул өңдүү маселелерди айтып, элдин укугун коргосо болмок. Өлкөдө кыйноо кеңири тараган. Ага карабай кайра АКШга "өзүңөрдүн Гуантанамоңорду билип алгыла" деп орой жооп кайтарып отурат.

Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. 30 дипломатиялык өкүлчүлүк, 8 консулдук бөлүм бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG