Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

"Датка-Кемин" бүттү, электрге жарыйбызбы?

"Датка-Кемин" электр агынын өткөрүүнү тейлөө чордону. 28.8.2015.
"Датка-Кемин" электр агынын өткөрүүнү тейлөө чордону. 28.8.2015.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди.

“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аркылуу Кыргызстан ГЭСтерден иштелип чыккан электр энергиясын өз аймагына таратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул долбоордун экинчи бөлүгүнүн өзөгүн түзгөн “Кемин” көмөк чордону курулуп бүтүп, ишке берилди. Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган долбоор Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан ишке ашты.

Долбоордогу электр линиянын узундугу 405 чакырымга жетип, 922 электр мамысы орнотулган. Республиканын эмгек сиңирген энергетиги Жамалбек Түлөбердиевдин айтымында, бул энерго долбоордун мааниси чоң.

- Биздин негизги энергетикалык кубаттуулук өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан. Токтогул ГЭСинен бир эле линия 500 кВ Кара-Балтага келчү. Калган кубаттуулуктун бардыгы Өзбекстан, Казакстан аркылуу өлкөнүн түндүгүнө келчү. Мындан ары электр энергия башка өлкөлөрдү аралабай, "Даткадан" Кеминге түз келет. Ушул жерден өлкөнүн түндүгүнө жана Орто Азияга чейин электр линияларын чыгарсак болот.

"Датка-Кеминдин" ачылыш салтанаты
"Датка-Кеминдин" ачылыш салтанаты

Иш-чаранын ачылышына катышкан президент Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкенин айтты. Кыргызстан алдыга карап, электр энергиясын экспорт кылууга ири долбоорлорду ишке ашырарын айткан Атамбаев, кыш мезгилинде коңшулардын көзүн караган жылдар өттү, - деди.

- Билесиздер буга чейин биз өзүбүз өндүргөн электр энергия кошуна өлкөлөр аркылуу келип, кыш келгенде биздин энергетиктер коңшуларды жалдырап карачу. Мына азыр биз накта көз карандысыздыкты алып атабыз.

Кышында казак светин сатып алабыз

“Датка-Кемин” көмөк чордону курулду, коңшуларга көз каранды болбойбуз дегенибиз менен Энергетика министрлиги быйыл кышында Казакстандан электр энергиясын сатып алууну караштырып жатканын танбайт.

Министр Кубанычбек Турдубаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстан ушу тапта Тажикстандан 150 млн. кВт электр энергиясын 2,5 центтен импорттоодо. 1-октябрдан баштап, Казакстандан электр жарыгын сатып алуу маселесин министрлик кабыргасынан койгону турат.

- Азыркы учурда Тажикстандан электр энергиясын алып жатабыз. Муну менен Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөп жатабыз. Казакстандан кышы бою сатып алганбыз былтыр. Эгерде план боюнча ишти туура алып барсак, күзүндө казактардан энергияны аз көлөмдө алабыз деп турабыз. 1-октябрда Токтогулда суу токтогондон кийин, так санын чыгарып, импорттун көлөмүн айтабыз.

"Датка-Кемин" көмөк чордонунун линиялары
"Датка-Кемин" көмөк чордонунун линиялары

Энергетика министри кошумчалагандай, "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аркылуу, Кыргызстан транзит үчүн жылына 15 миллион долларды коңшуларына төлөбөй калат. Ошол эле кезде Кыргызстан Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесинен чыкпайт.

“Кыргызстан Улуттук электр тармактарынын” башкы жетекчиси Медетбек Айткулов, энергетикалык шакекче Кыргызстан үчүн чукул кырдаал же авария учурунда кошумча колдонула берет деди.

Кытайлар бааны каалагандай калчады

“Датка-Кемин” долбоорун ишке ашырууга жалпысынан 389 миллион доллар өлчөмүндө насыя алынган. Насыяны Кытайдын ЭксИмБанкы 20 жылга эки пайыз үстөк менен берген. Энергетик Райымбек Мамыров долбоордун курулушунда Кытай өзүмбилемдикке барды дегендерден. Анын айтымында, Датка-Кеминдин тендерин, жумушчуларды, насыяны, атүгүл техникалык экономикалык негиздемени да Кытай өзү өткөрүп, бааны каалагандай бычты.

- Бул өзүн көптө актай турган долбоор. 20 жылда өзүбүз эле колдоно берсек, анда актабайт. Ал үчүн башка ГЭСтерди дагы иштетип, экспорт кылыш керек. Кытай долбоордун аркасы менен бардык демилгени колго алды. Себеби жалгыз эле ТВЕА эмес, ич ара тендер өткөрүү керек болчу. ТЭОну дагы биз өзүбүз эле өткөрсөк болмок да. ТЭОну Кытайга берип коюп, алар эсептеп чыгып, 389 млн. доллар болот экен деп айтышып, биз макул болуп калдык да. Бул туура эмес, көмөк чордондун баасын биз өзүбүз айтышыбыз керек болчу.

Ошентип, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымынын тартылышы жана “Кемин” көмөкчү электр чордонунун курулушу акыркы 20 жылдагы эң ири долбоорлордун бири болуп калды. Алдыңкы жылдарда Кыргызстан электр энергиясын экспорттоого багыт алууну пландоодо. Ал үчүн келе жаткан жылдарда Камбар-Ата1 ГЭСинин курулушун баштап, Камбар-Ата 2 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын ишке киргизүү аракетин көрүүдө. Бул долбоорлор Орусия тарабынан каржылангандыктан, ал жактагы кризис азырынча ойлогон планды ордунан жылдырбай кармап турат.

"Датка-Кемин" долбоору ишке берилди

"Кемин" көмөкчү чордонунун кубаттуулугу 500 кВ.
1/17 "Кемин" көмөкчү чордонунун кубаттуулугу 500 кВ.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
"Кемин" 500 кВ көмөкчү чордону Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарын электр энергия менен камсыздайт.
2/17 "Кемин" 500 кВ көмөкчү чордону Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарын электр энергия менен камсыздайт.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
"Датка-Кемин" 500 кВ аба электр чубалгысынын курулушунун бүтүшү менен 500-200 кВ өз энергетикалык ички шакек түзүлдү.
3/17 "Датка-Кемин" 500 кВ аба электр чубалгысынын курулушунун бүтүшү менен 500-200 кВ өз энергетикалык ички шакек түзүлдү.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Долбоорду Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырды
4/17 Долбоорду Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырды
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Көмөкчү чордон менен катар ишкерлердин жашоосуна ылайыкташкан энергетикалык жатакана курулду.
5/17 Көмөкчү чордон менен катар ишкерлердин жашоосуна ылайыкташкан энергетикалык жатакана курулду.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Электр линиялардын узундугу 405 км.
6/17 Электр линиялардын узундугу 405 км.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Иш-чаранын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты.
7/17 Иш-чаранын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
2012-жылдын 23-февралында Кыргызстан Улуттук электр тармактар ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда 389 млн. АКШ доллар суммасында келишимге кол коюлган. 
8/17 2012-жылдын 23-февралында Кыргызстан Улуттук электр тармактар ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда 389 млн. АКШ доллар суммасында келишимге кол коюлган. 
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Кемин көмөкчү чордонун курган кытайлык жумушчулар.
9/17 Кемин көмөкчү чордонун курган кытайлык жумушчулар.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
"Кемин" көмөк чордонунун сырткы көрүнүшү. 
10/17 "Кемин" көмөк чордонунун сырткы көрүнүшү. 
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
"Кемин" көмөк чордонунун ачылыш аземиндеги катышуучулар. 
11/17 "Кемин" көмөк чордонунун ачылыш аземиндеги катышуучулар. 
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
"Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр зымынын тартылышы жана "Кемин" көмөкчү электр чордонунун курулушу акыркы 20 жылдагы эң ири долбоорлордун бири.
12/17 "Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр зымынын тартылышы жана "Кемин" көмөкчү электр чордонунун курулушу акыркы 20 жылдагы эң ири долбоорлордун бири.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
"Кемин" көмөкчү чордону "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түйүнүнүн бир бөлүгү болуп калат.
13/17 "Кемин" көмөкчү чордону "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түйүнүнүн бир бөлүгү болуп калат.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Долбоор өздүк керектөө үчүн башка мамлекеттердин энергетикалык тутумдары аркылуу электр энергиясынын транзитинен энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылды.
14/17 Долбоор өздүк керектөө үчүн башка мамлекеттердин энергетикалык тутумдары аркылуу электр энергиясынын транзитинен энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылды.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аркылуу, Кыргызстан транзит үчүн жылына он миллион долларды коңшуларына төлөбөй калат.
15/17 "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аркылуу, Кыргызстан транзит үчүн жылына он миллион долларды коңшуларына төлөбөй калат.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу үчүн 922 электр мамысы орнотулган.
16/17 Жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу үчүн 922 электр мамысы орнотулган.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Курулушу 2012-жылдын август айында башталган "Кемин" подстанциясын кытайлык ТВЕА компаниясы курду.
17/17 Курулушу 2012-жылдын август айында башталган "Кемин" подстанциясын кытайлык ТВЕА компаниясы курду.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы ишке киргизилди. "Кемин" көмөкчү чордонунун ачылышына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Самат Жумакадыров

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG