Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

"Жаңы шаардын" жеңиши жокко чыкты


Кара-Балта шаарында жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу чыр чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Балтанын жергиликтүү кеңешине өткөн “Жаңы шаар” партиясынын жыйынтыгын жокко чыгарды.

Кара-Балта шаардык кеңешине ат салышкан жергиликтүү “Жаңы шаар” партиясынын айланасындагы чыр шайлоо жыйынтыгы чыккан соң орун алды. Буга Кара-Балта шаарындагы “Азия-2” базарынын сатуучуларынын арызы себеп болгон. Арызда базардын ээси Зуура Сегизбаева кол алдында иштегендерди “Жаңы шаар” партиясына добуш берүүгө мажбурлаганы айтылган.

Сөз болуп жаткан партияны Сегизбаеванын уулу Тилек Нааматбеков түзүп, талапкердин башында турган. Ошондой эле базар ээсинин дагы бир кызы партиядан талапкер катары шайлоого катышып жаткан.

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Башкы прокуратура бул окуяны иликтеп, шайлоо өнөктүгүнө тоскоолдук кылганы үчүн Сегизбаевага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын өкүлү Назик Байгазинова “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Базардын директору Сегизбаева сатуучулар ондон адамды өзү менен алып келип добуш берүүгө мажбурлаган. Мындай болбогон учурда базардагы ижара акыны жогорулатам, же таптакыр эле базардагы орундарын алып коем деп коркуткан. Ал эми шайлоо күнү директор Сегизбаева “Жаңы шаар” партиясы үчүн добуш бербесе, базарга киргизбей турганын билдирип, соода комплекстин дарбазасын жаап койгон. Шайлоодон кийин Сегизбаева үгүттөгөн партия тиешелүү жыйынтыкка жетише албаган соң ижара акыны эки эсе жогорулатып жиберген. Бул материалдарды Башкы прокуратура иликтеп чыгып, жыйынтыгында Кара-Балта шаарындагы “Азия-2” базарынын жетекчиси Сегизбаевага карата “Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Арыз прокурорлорду иштен алды

Арыздын негизинде шайлоо мыйзамынын аткарылышына көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Жайыл районунун прокурору Алтынбек Намазалиев, райондук ички иштер бөлүмдүн жетекчиси Раат Мырзаканов кызматтан алынды. Ал эми Чүй облусунун прокурору Азат Өскөнбаев менен облустук милициянын башчысы Канат Жумагазиевге сөгүш берилди.

Ошондой эле Зуура Сегизбаеванын уулу, Бишкектин Биринчи Май райондук прокурорунун орун басары Талант Сегизбаев да кызматтан алынганы белгилүү болду. Башкы прокуратура Сегизбаевдин кызматтан алынышы боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.

Мындан соң “Жаңы шаар” партиясынын айланасында түзүлгөн кырдаалды Борбордук шайлоо комиссиясы карап, аталган партияны шайлоодон толугу менен четтетүү чечимин кабыл алды.

БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиевдин айтуусунда, “Жаңы шаардын” үгүтчүлөрү мыйзам бузганы далилденди.

- Бул маселени Борбордук шайлоо комиссиясында жумушчу топто карадык. Анын жыйынтыгында мыйзамды одоно бузду деп чечип, партиянын шайлоо тизмесин жокко чыгардык. Партияга тиешелүү бюллетень да жокко чыкты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча бул партия Кара-Балта шаардык кеңешинде үч мандатка ээ болгон. Эми алар башка партияларга добушунун санына жараша бөлүнүп берилет.

"Эмнеге мурда даттанышпайт?"

Бирок “Жаңы шаар” партиясынын мүчөлөрү БШК жана Башкы прокуратуранын чечимдерине нааразылыгын билдирүүдө. Партиянын лидери, шайлоо мыйзамын бузганы үчүн кылмыш иш козголгон Зуура Сегизбаеванын уулу Тилек Нааматбековдун айтуусунда, аталган партия эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барган эмес.

Нааматбеков партиясынын айланасында жаралган абал боюнча түшүндүрмө берип, апасы базардагы соодагерлерге эч кандай басым көрсөтпөгөнүн ырастоодо:

- Менин апам базардагы соодагерлердин бири менен өз ара уруша кеткен. Ал уруштун шайлоого эч кандай байланышы болгон эмес. Бирок ал урушту бир тараптуу өз максатына колдонгондор чыгууда. Эгер менин апам бир ай бою базарда соода кылгандарга басым көрсөтсө, мажбурласа, эмне үчүн ошол учурда бир да адам тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган эмес? Бул суроонун жообу жөнөкөй эле - эч кандай басым болгон эмес.

Нааматбеков БШКнын чечими менен таанышкан соң, ал чечимдин үстүнөн сотко кайрыларын билдирди.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамы бузулганына байланыштуу кылмыш иш козголуп, жогорку жетекчилер кызматтан алынган учурлар көп деле катталган эмес. Ошондуктан, Кара-Балта шаардык кеңешинде түзүлгөн кырдаал көпчүлүк суроолорду жаратты.

Шайлоого байкоо жүргүзгөн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери Динара Ошурахунова түзүлгөн кырдаалды кылдат териштирүү зарылдыгын белгилөөдө:

- Бул жерде бул партия добуш сатып алыптыр, аны чыгарып коюп, калганын башка партияларга берели дегени принципке жатпайт. Анткени атаандаштык шартта бир партиянын мыйзам бузуулары аныкталса, шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо болуш керек. Бул шайлоого мыйзам бузган “Жаңы шаар” сыяктуу партиялар катышпаш керек.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өткөн. Анда шайлоону бурмалоо, административдик басым салыштырмалуу аз катталса да, добуштарды сатып алуу аракети көп болгонун байкоочулар белгилешкен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG