Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Шайлоо мыйзамдары кыйла өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо боюнча бир нече мыйзамга кол койду. Бул мыйзамдар президентти, парламентти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жаңы эрежелерин аныктайт.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө эрежелерди аныктаган мыйзамдар топтомуна Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койду. Аны ушул жылдын 27-июнунда, тагыраагы каникулга кетер алдында Жогорку Кеңеш тобу менен кабыл алган эле. Эми ушул жума күнү мыйзамдардын тексти өкмөттүк гезиттерге жарыяланган соң күчүнө кирет.

Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан эле.

Кол коюлган жаңы мыйзамда эмнелер өзгөрдү?

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөртүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо аталууда. Мындан сырткары шайлоонун ачыктыгын камсыз кылуучу жана административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюучу нормалар камтылган.

Жаңы мыйзамдагы дагы бир эрежеге ылайык, мындай ары шайлоого алты ай калганда түзүлгөн саясий партиялар шайлоого катыша албайт. Ошондой эле четтеги кыргыз жарандарынын добуш берүү укугун камсыз кылуу максатында кыргызстандыктар көп жашаган Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны көбөйтүлөт.

Мындан тышкары оор кылмыш кылганы үчүн соттолуп, бирок соттуулугу алынган жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана шаарлардын мэрлигине мындан ары шайлана албайт.

Дал ушундай өзгөртүүлөрдү камтыган эрежелер кийинки шайлоолордо колдонулат. Адистер бул мыйзамдар топтомуна принципиалдуу деле өзгөртүүлөр кирбегенин айтышууда. Маселен, Борбор шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов мыйзамда өтө кескин өзгөрүүлөр болбосо да шайлоодогу ачык-айкындыкты камсыз кылууга шарт түзөрүн айтты:

Назарали Арипов.
Назарали Арипов.

«Алар буга чейин парламенттик жана башка шайлоолордогу кемчиликтерди эске алуу менен иштелип чыкты. Мисалы, саясий партиялардын шайлоого кетирген каражаттарын көзөмөлдөө максатында белгилүү бир лимит коюлду. Мындан сырткары жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында бир топ нормалар кирди. Алардын бири - Орусияда шайлоо участоктору көбөйтүлүп, буга чейин мекендештерибиз добуш бере албай калган учурлар жокко чыкты».

Аялдардын саясаттагы ордун чыңдаш үчүн жергиликтүү кеңештерде аялдарга квота берүү жөнүндө талапты сүрөп келе жаткан жарандык активист Рита Карасартова бул норма мыйзамга киришин оңунан баалайт. Бирок ал норманын толук иштешине көзөмөл зарыл экенин белгиледи:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Акыркы он жыл ичинде аймактардагы жигердүү аымдардын чечим кабыл алууга катышы абдан төмөндөп кеткен. Ошондуктан атайын квота болмоюнчу олигархизация болуп колунда акчасы барлар эле жергиликтүү бийликке аралашып алган. Ошон үчүн 30 пайыздык квота киргизилди. Бирок мыйзамга тизменин ичиндеги адамдарды аныктоо боюнча өзгөртүү кирбей калды. Эми чыныгы жигердүү аялдар тизмеден чыгарылып, анын ордуна эптеп «мыйзамды сактап жатабыз» деп демилгеси жок айымдарды киргизип коюшу мүмкүн».

Ошол эле учурда президент кол койгон мыйзамдарга буга чейин бир катар депутаттар сунуш кылган шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү, коррупция үчүн соттолгондордун бир нече жылга талапкер болушуна тыюу салуу сыяктуу ченемдер кирген жок. Буга парламенттеги талкуулар себеп болгон эле.

Мурдагы депутат Ишенбай Кадырбеков жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр шайлоонун нугун жана буга чейинки кемчиликтерди жоюуга эч кандай жардам бербейт деген оюн ортого салды:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Мыйзамга принципиалдуу өзгөрүү киргизилген жок. Аны кабыл албай деле койсо болмок. Эң негизги талап - бул парламент депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын укугун калыбына келтирүү. Бирок биздеги азыркы шайлоо мыйзамы боюнча, тилекке каршы, шайлоо бюллетендерине партиялар гана киргизилип, депутаттыкка талапкерлерди тандоо болбой калган. Ошол негизги кемчиликти оңдош керек болчу. Ал эске алынган жок. Ал жок болсо, акыркы өзгөрүүлөрдүн эч бир маңызы жок болуп жатпайбы?»

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарына кол коюшу менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдыкка расмий жол ачты деген пикирлер айтылууда. Анткени Кыргызстанда саясий күчтөр шайлоо алдында биригүү, кошулуу жараяндарын башташат. Бирок саясий эксперт Алишер Мамасалиев парламенттик шайлоого даярдык али баштала элек деген пикирин билдирди:​

Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

«Бул мыйзамдар көбүнесе жергиликтүү кеңештерге тиешелүү. Ал эми парламенттик шайлоо боюнча эрежелерге көп таасир этпейт. Азыр Жогорку Кеңеште шайлоодогу босого боюнча жана «шайлоочулар партияга гана эмес, андагы тизмеге да добуш бериши керек» деген сунуштар каралып жатат. Ал боюнча акыркы чечим кабыл алынбай туруп, шайлоо өнөктүгүнүн эрежеси аныкталды деген туура эмес».

Чынында эле учурда парламентте Кыргызстанды тогуз округга бөлүүнү жана талапкерлердин тизмесин аныктоодогу жаңы эрежелерди камтыгынан эки мыйзам талкууланып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG