Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:58

Прокуратура соттон Садыр Жапаровго 15 жыл абак мөөнөтүн сурады


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы саясатчы Садыр Жапаровдун 2013-жылдын 7-октябрында Караколдогу митингди уюштурганы далилденди деп, соттон 15 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Кыргызстандын прокуратурасы, ошондой эле, бул мөөнөттү Садыр Жапаров күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтүшү керек деп билдирди.

Сунушка макул болбогон С.Жапаровдун адвокаттары Башкы прокуратура саясий буйрукту аткарып жатканын айтышып, жарыш сөзгө өз жообун даярдап жатат.

Убакытты созуу аракети

24-июлдагы отурум жарыш сөз менен башталышы керек болгону менен, Садыр Жапаровдун адвокаттары арты-артынан өтүнүч киргизип, убакыт созуунун айласын көрүп жатканын жашырган жок.

Алгач видео тасманы көрсөтүү сунушу колдоо таап, бирок судья Эмил Кайыпов ал видеолор Жапаровдун ишине түз тиешеси жок болгон соң аягына чейин көрүп отуруунун зарылчылыгы жок экенин айтып үздү.

Адвокаттар Жапаровду үй камагына чыгаруу, ишти кайрадан тергөөгө жиберүү, прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү өңдүү өтүнүчтөрдү судьяга кезеги менен киргизип, алардын бардыгы соттун колдоосуна ээ болгон жок.

Натыйжада “сот бийликтин чылбырына жетеленип кетти”, - деп айткан жактоочу Акин Токталиев соттун өзүнө да ишенбөөчүлүк жарыялады.

- Менин оюмча, сотко прокурор жана бийлик саясый заказды аткартып жатат. Бирок сотко кысым көпкө уланбайт, 2-3 айдан кийин бийлик да алмашат. Ошондуктан сиз эч бир жакты карабай эле, кайсы бир буйрукту аткарам деп убара болбой, ушул ишти кароодон баш тартып салышыңыз керек. Менимче, Жапаровдун ишин карабай койдуң деп сизди кызматтан алып таштабашы керек.

Бирок башка өтүнүчтөр сыяктуу эле адвокат Акин Токталиевдин да мындай өтүнүчү четке кагылып, сот ишти кароону улантып, жарыш сөздү баштоого өттү.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Прокуратура: Жапаров баарын билген

Прокурор Бакыт Токторбеков жарыш сөздүн мазмунунда Жапаровдун күнөөлүү экени тергөөдө жана сотто да далилденген деген бүтүмүн айтты. Ал 2013-жылдын октябрь айындагы Караколдогу митингди уюштурууга С.Жапаров түз тиешеси болуп, акчалай көмөк көрсөтүп, бирок митинг күнү Кыргызстандан чыгып кеткени ачыкка чыкканын кошумчалады.

- Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингде Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштуруп бүтүп, жасаган иштери кылмыш экенин билген. Ушундан улам кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2013-жылдын 6-октябрында Кыргызстандын аймагынан "үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу" деп чыгып кеткен.

Натыйжада прокуратура Садыр Жапаровду адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, кылмыш кылууну пландаганы үчүн жана анын артында жогорку кызматтагы адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирилгендигин эске алып, 15 жылга эркинен ажыратууну соттон суранууда.

- Жасалган кылмыш коомго коркунучтуу коркутууларды алып келген. Жапаровдун ишин карап жатканда өкүмдү жеңилдетүүчү жагдай менен кароого себеп жок экени аныкталды. Ошондуктан, жогоруда айтылган жүйөлөрдүн негизинде, соттолуучу Садыр Жапаровду биротоло 15 жылга эркинен ажыратып беришиңизди сурайм. Жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтүүсүн сурайт элем, - деди прокурор Бакыт Токторбеков.

Мамлекеттик айыптоочунун С.Жапаровду абакка 15 жылга кесип салуу сунушуна адвокаттар толугу менен каршы жана кийинки отурумда аларга берилчү жарыш сөздө өз жүйөлөрүн келтирүүгө камынышууда.

Адвокат: саясий буйрук менен коштолгон өкүм

Ал ортодо адвокат Шарабидин Токтосунов саясый буйрук менен Садыр Жапаровду жалган көрсөтмөлөрдүн негизинде соттоп салуу аракетинин түбү тайыз болот деген оюн “Азаттыкка” билдирди:

- Булар кандайдыр бир заказды аткарып жатканын анык көрсөтүштү. Алты том иш бар болсо, бир томду гана изилдеп, калганына тийишкен жок. Болгону беш адамды суракка алышты, анда да ал бешөө тең Караколдогу митингге Садыр Жапаров тиешелүү эмес деп жатат. Анын ичинде жабырлануучу Эмилбек Каптагаев дагы "Жапаровдун аракетинде эч кандай кылмыш жок" деп айтып кетти. Айла кеткенде прокурорлор митингге катышты деген башка эле адамдардан басым астында көрсөтмө алып, ошонун негизинде азыр 15 жылга соттойбуз деп жатышат. Бирок бул саясий буйрук менен чыккан өкүм көпкө турбайт, бат эле урайт.

28-июлда боло турчу соттук отурумда жарыш сөз уланып, С.Жапаров жана анын адвокаттары сөз сүйлөйт деп күтүлүп жатат.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Азыр С.Жапаров №1 тергөө абагында камакта. Ал бул кылмыш ишине тиешеси жоктугун жана сот иши - саясий буюртма экенин айтып келет. Жапаров кыргыз-казак чек арасынан кармалган күнү УКМК алдында нааразылык акциясына чыккан жүздөй кишини да милиция кармап кеткен. Алардын ичинен Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганын кошкондо он эки киши эки айга соттолгон.

20-июлда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу Садыр Жапаровдон арыз келип түшкөнүн билдирген. Ал шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG