Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Кошумча билимге умтулгандар көп


Соңку кездерде өзүн өзү өнүктүрүүгө арналган билим берүү борборлорунун саны көбөйдү. Инсандык өнүгүү үчүн акчасын аябай, байма-бай тренинг, курстарга катышып жүргөндөр арбын.

19 жаштагы Фатима студент болгонуна карабай акчасын топтоп, өзүн өнүктүрүүгө жумшайт. Фатима мындай борборлордон окуу жай бербеген билимди аларын айтат:

- Тренинг, курстарга катышуу менен ийгиликке тез жетүүгө болот. Андай жерлерде университетте окутулбаган билим берилет. Мен команда менен иштөөнү, убакытты туура пайдаланууну жана башка пайдалуу нерселерди алам. Бизге атайын 20-30 жылдай бул тармактарда билими бар адистер сабак беришет. Өздөрүнүн кеңештерин айтып, туура жолдорду көрсөтүп турушат.

Фатима менен бирге ал билим алган “Нур” академиясына бет алдык. Мында ай сайын жыйырмага жакын адам окуйт. Негиздөөчүсү Нурзат Токтосунованын айтымында, академия Билим берүү министрлигинин уруксаты менен ачылып, беш жылдан бери иштеп келет:

- Биздин окуу жайда эл алдында эркин сүйлөө, үндү туура колдонуу, коомдо өзүн алып жүрүү жана психологиялык жардамдарды көрсөтөбүз. Мугалимдер студенттердин добуш берүүсү менен тандалып алынган тажрыйбалуу окутуучулар. Мындан сырткары тил курстарыбыз дагы бар. Ар шаршемби сайын окуучуларды ийгиликтүү адамдар менен жолугуштуруп турабыз. Курстун мөөнөтү эки ай, акысы 3000 сомду түзөт.

Мен сабакка катышкан күнү академияда Фатима өңдүү студенттер гана эмес, ар кайсы кесипте иштеп калган адистерди байкадым. Көпчүлүгүнө тандаган ишин жактырбай, алып баруучулук өнөрү менен акча тапкысы келет. Ушундай эле ой менен ар тармактагы билим берүү курстарына катышкандар көп.

“Само” өзүн өзү өнүктүрүү борбору 2007-жылдан бери иштеп келет. Борбордо бир нече тармактар боюнча тренингдер өткөрүлөт. Негизги тармак финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, аны жөнгө салуу жана башкаруу. Бир тренинг орто эсеп менен миң сом болот. “Самонун” тренери Эгемберди Кубатов буларга токтолду:

- Жеке ишкерлер, ата-энелер, окуучулар жана студенттер үчүн ар кандай тренингдер өткөрүлүп турат. Жаштардын табигый жөндөмдүүлүгүн таап берүүгө, убакытты туура пайдаланууга, өзүн өзү өнүктүрүүгө үйрөтөбүз. Университетти бүтүргөн студенттердин кандай кесипте болбосун ишкердик менен алектенип кетүүсүнө жардам беребиз. Муну менен чет өлкөгө кетип жаткан жаштардын агымын токтотуп калууга аракет жасап жатабыз. Биздин окуудан өткөндөрдүн арасынан 10-15% пайызы дароо жыйынтык беришет.

Деген менен психолог Назира Кубанычбек мындай тренингдердин натыйжалуулугуна ишене бербейт. Психологдун айтымында, тренигдердин айрымдары адамды өнүктүрүү эмес, каражат табуу жолуна эле айланган:

- Учурда мындай борборлордун саны абдан көбөйдү. Анча-мынча атактуу болуп калган адамдар бир окуу борборлорун ачып алышкан. Белгилүү бир инсанды алып келип сүйлөтүп, өмүр баянын айттырып коюп эле тренинг деп атап жатышат. Албетте таптакыр пайда бербейт деп айта албайм. Кандайдыр бир деңгээлде өнүгүүгө жардам бериши мүмкүн, бирок бул үстүртөн, жеңил-желпи болуп калат. Түбүнө чейин терең казуу үчүн психологдордун жардамы керек болот.

Назира Кубанычбек ар бир адам өзүн тренингсиз деле өстүрө алат деген пикирде:

- Эгер адам чындап өзүн өнүктүргүсү келсе тренинги жок эле, өзүн изилдөөдөн баштаса болот. Адамдын өзүн өзү өнүктүрүүсү психология менен тыгыз байланышта. Ошондуктан абдан кылдат мамиле жасап, кесипкөйлөр менен иштешүү керек. Мен психолог катары мындай нерселерди пайдалуу деп айта албайм.

Бишкекте билим борборлору ондоп саналат. Андан сырткары дээрлик ар ай сайын чет өлкөлүк спикерлер түрдүү темаларда тренингдерди уюштурушат. Алардын орточо баасы миң сомдун тегерегинде болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG