Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Акелеев: Коррупционер кадрлардан арылуу керек


Азамат Акелеев
Азамат Акелеев

Коррупцияга каршы күрөшүү аракетинин күңгөй-тескейи тууралуу "Промотанк" компаниясынын жетекчиси, көз карандысыз экономист Азамат Акелеев “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Коргоо кеңешинин кечээ күнкү жыйынында Кыргызстан бийлиги коррупцияга каршы күрөш жарыялады. Буга чейин бир нече бийлик башчылары мындай күрөштү баштадык дегени менен натыйжа болгон эмес. Бул жолку аракеттерден майнап чыгабы?

- Албетте күмөн саноолор бар. Анткени бүгүнкү күндө аткаруучу бийликте болобу, сотто болобу, Жогорку Кеңеште болобу ошол эле жыйырма жылдын ичинде коррупцияга баткан жана ошол схемаларды түзгөн адамдар дале чечим кабыл алуучу жогорку орундарда отурушат. Ошол адамдар өздөрүн канчалык өзгөртө алат? Мен ушундан күмөн санайм.
Коррупциялык система борбордук аппаратка чейин жеткени баарыбызга эле белгилүү.

Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү мурун бажы кызматында, сотто, тартип коргоо органдарында иштеген адамдар экен. Жогорку Кеңеш аткаруучу бийликти тандап, сот бийлигине да таасир этет. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин эрки болсо да ага абдан кыйын болот деп ойлойм. Ошол эле Башкы прокуратура, УКМК өңдүү президенттин тегерегиндеги адамдардын ичинен чечкиндүү кадамдарды жасай тургандарын көргөн жокмун.

Бүгүнкү күндө маалымат каражаттарында мыйзам бузуулар боюнча көп эле кабарлар чыгып жатат. Бирок ага реакция кечеңдеп, кээде реакция таптакыр жокко эсе болуп жатат. Бул жерде чечкиндүү жана тез кадамдар керек деп ойлойм.

Азыркы күндө чоң иштер ачылып жатат. Бирок булар көбүнчө мамлекеттик компаниялар, же аткаруучу бийликтин ичинде эмес тыш жагындагы көп таасири жок тармактарга тиешелүү.

- Демек коррупцияга каршы күрөштү толук кандуу жүргүзүү үчүн кадрларды жаңылоо керек турбайбы?
Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү мурун бажы кызматында, сотто, тартип коргоо органдарында иштеген адамдар экен.

- Менин оюмча, жогорку кадрларды жаңыласа, коррупцияга каршы иш жакшы жүрөт. Мен Каржы министрлигинин байкоочу кеңешинде иштейм. Анан аймактардан бир нече кайрылуулар, каттар келди. Алар жергиликтүү бөлүмдөрдүн коррупциялык аракеттери тууралуу кайрылышты.

Бирок бүгүнкү күндө дагы эле реакция жок. Демек коррупциялык система борбордук аппаратка чейин жеткени баарыбызга эле белгилүү. Мартта пландарды тапшырам деп каржы министри убада берүүдө.

- Коргоо кеңеши кабыл алган стратегияга ылайык, Кыргызстандагы ар бир мекеме коррупцияга каршы планын иштеп чыгат экен. Бул мүмкүнбү?

- Менин оюмча мүмкүн. Биз да ушундай кылууга чакырабыз. Бирок эң башкысы бул пландын аткарылышы боюнча жоопкерчиликти алган адам болушу керек.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG