Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

"Центерра" акцияларынын куну түштү


"Центерранын" акыркы жылдагы акция баасы.
"Центерранын" акыркы жылдагы акция баасы.

Бишкектеги баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү эки эсеге көбөйдү. Кумтөрдү иштеткен "Центерранын" тутумдук баасы бир жыл ичинде дээрлик үч эсеге азайган. Алтындын наркы кымбаттоосун, ал эми чийки мунай төмөндөөсүн токтоткон жок.

Талаш жараткан Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясынын акцияларынын наркы жыл башынан бери 56% төмөндөдү. Бул маалымат Торонто фондулук биржасындагы статистика бөлүмүндө жарыяланган.

"Центерра Голддун" учурдагы тутумдук баасы – 4 миллиард 140 миллион канада долларына тете (C$4 млрд. 140 млн.). Ал эми бир жыл мурда бул сан 11 миллиард 501 миллион канада долларына (C$11 млрд. 501 млн.) барабар болгон. Демек Кумтөргө байланыштуу талаштардан улам "Центерранын" тутумдук баасы дээрлик үч эсеге азайган. Аны менен бирге Кыргызстандын да пайдасы төмөндөгөн. Биржада 236 миллион акция соодаланат.

Ысык-Көл облусундагы Саруу айылында 7-октябрда башталган нааразычылык акциясы жана бир тараптуу денонсация коркунучу баалуу үлүш кагаздарынын кунунун акыркы 30 күндө түшкөнүнүн негизги себеби деп трейдерлер белгилешти.

Жогорку Кеңеш 23-октябрда кыргыз өкмөтүнө "Кумтөрдөгү" үлүштү көбөйтүүнү сунуштап, Канаданын алтын кенди иштеткен компаниясы менен 23-декабрга чейин сүйлөшүүнү аягына чыгарууну тапшыргандан кийин бир акциянын баасы кескин түрдө 1 канада доллары 69 центке (C$1.69) түшүп кеткен.

Торонто фондулук биржасында акциялардын баасы 5 канада доллары 35 центтен (C$5.35) бир күндө 3 канада доллары 66 центке (C$3.66) түшүп кеткен. Бул акыркы 15 айдагы эң төмөн көрсөткүч болуп, акция баалары 24 саат ичинде 23% арзандаган.

Акциялардын бир күндө бир доллардан көп түшүүсү кескин арзандоо болуп саналат. Буга байланыштуу 23-октябрда кыргыз парламентинин отуруму убагында акцияларды сатуу убактылуу токтотулган.

Атын атагысы келбеген германиялык биржа адиси: "Кыргызстан кымбат, бирок азыраак үлүштөн көбүрөөк утат. Акциянын баарын өзүнө алса, алардын баасы Кыргызстан Кумтөрдү толук кандуу иштете албай чыр-талаштан дагы түшүшү мүмкүн. Куну учкан акциялардан Кыргызстан кайра чыгаша тартып, акционерлердин алдында бир центсиз калат", – деп билдирди.

Учурда "Центерранын" бир акциясы – 4 канада доллары 16 центти (C$4.16) түздү.

"Центерра Голддун" акцияларынын акыркы жылдагы эң төмөн көрсөткүчү июлда 3 канада долларына (C$3.00) түшкөн. Эң бийик көрсөткүчү былтыр ноябрда 11 канада доллары 64 центке (C$11.64) көтөрүлгөн. Бир канада доллары – 46 сом 42 тыйын.

Ал эми сары алтындын баасы акыркы апта ичи 26 долларга кымбаттап, жүз унциясы 1354 доллардан сатылып жатат.

Чийки мунайдын баасынын арзандоосу токтогон жок. Нью-Йорктогу биржада бир баррелдин наркы 1 доллардан ашык түшүп, 97 долларды түздү. Андай болгону менен, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өзгөрүүсүз.

"Кыргызгаздын" 100% үлүшүн Орусиянын "Газпром" ишканасына сатуу келишимин Жогорку Кеңеш 28-октябрда карап, макулдугун берди. "Кыргызгаз" ушул жылдын 26-июлундагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга 1 долларга сатылган. Парламент жакынкы күндөрү келишимди ратификациялоо маселесин карайт.

Кыргызстандын баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы жумада эки эсеге көбөйдү. Бишкектеги Кыргыз фондулук биржасынын сайтына ылайык, соңку аптада сооданын көлөмү 6 миллион сомго жогорулап, жалпысынан 12 жарым миллион сомду түздү. Сатылган облигациялардын көлөмү боюнча Кыргыз инвестиция-кредит банкы биринчиликтен түшпөй келатат. Акыркы жети күн ичинде банктын 12 миллион сомго барабар баалуу кагаздары соодаланды. Акциялардын ичинен, "Кыргызэнергокурулуш" ишканасынын 56 миң сомго баалуу үлүш кагаздары сатылды.

Валюталардын курсу, 29.10.2013.
Валюталардын курсу, 29.10.2013.
Валюталар базарында, же форекс рыногунда, "Оанда" корпорациясы маалымдагандай, акыркы апта ичи кыргыз сомуна карата эң чоң өсүш евро – сом катнашында байкалды. Евробиримдиктин акча бирдиги 46 тыйынга өсүп, бир евро – 66 сом 91 тыйынды түздү. Ал эми эң арзандоо фунт – сом катнашында.

Британиянын валютасы 12 тыйынга түшүп, бир фунт – 78 сом 40 тыйындан сатылууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG