Бирок Бажы биримдигине кирүү алдында кыргыз өкмөтү бажы төлөмдөрү канча топтолору тууралуу да так маалымат бере албай турган кези.
Кыргызстандагы финансы-экономикалык абал Орусия жана Казакстандагы абалга көз каранды экенин айтууну өкмөт мүчөлөрү жакшы көрөт. Орусияда болсо келерки жылы экономика -0.8% төмөн кетерин аталган өлкөнүн экономика министри Алексей Улюкаев билдирип чыкты.
Ошол эле кезде Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев республиканын экономикасы 6.2% өсөрүн билдирип жатат. Азыркы кезде экинчи окууда каралып жаткан республикалык бюджетте мына ушундай оптимисттик сандар жазылган.
7 пайыздык өсүш 2014-жылы камсыздалат деп өткөн жылы бюджет кабыл алынып жатканда айтылган. Бирок соңунда өкмөт бюджетти бир нече ирет өзгөртүп жатып, өсүш 4% тегерегинде гана болорун жылдын соңунда моюнуна алды.
Экинчи окууга алып келинген бюджет долбоорунда доллардын курсу дагы эле 53 сом 50 тыйын деп жазылганын каржы министри Ольга Лаврова 3-декабрда парламентте моюнга алып, бирок бул тышкы карызды төлөөдө айырмачылыктарды жаратпайт деди:
- Доллардын курсу бюджеттин тартыштыгын көбөйтүүгө таасир этпейт. Анткени келерки жылы биз сырттан 72 млн. доллар жардам алабыз. Ал эми тышкы карыз үчүн төлөй турган суммабыз андан азыраак. Ошондуктан курстун айырмасы биз үчүн оң болот. Быйылкы жылы да курстардын айырмасынан 140 млн. сом кошумча акча таптык.
Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев келерки жылы экономикадагы өсүш кызмат көрсөтүү, курулуш тармактарындагы өсүштөр менен, Кара-Балта, Токмоктогу мунай иштетүүчү заводдордун толук кандуу иштеши менен камсыздалат дейт. Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын олуттуу акча которуулары Кыргызстандын экономикасында өкмөт эч нерсе кылбаган шартта да 4 пайыздык өсүштү камсыз кыларын Шамшиев белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бюджеттин параметрлери тууралуу парламентте маалымат берип жатып, 14 млрд. сомдук тартыштык коркунучтуу эмес деп билдирди:
- Бул өзү ички дүң продукциянын 3.3 пайызына туура келет. Биз кабыл алган чектөөлөрдүн чегинен чыкпайт. Негизи тартыштыктын бара-бара азайганы жакшы.
Келерки жылы мамлекеттик бюджеттен 16 млрд. сомго жакын акча карыз төлөөгө жумшалат. Анын ичинен 7 млрд. сомго жакын тышкы карыз, 9 млрд. сомго жакын ички карызды төлөөгө каралган.
Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева ички карызды пайда кылып жаткан баалуу кагаздарды чыгаруудан мамлекет зыянга учурап жатканын эске салды:
- Баалуу кагаздарды бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн колдонуп жатабыз. Муну менен эң оңой жолго өтүп алдык. Бирок 14% менен банктарга төлөп берип жатабыз. Жыл сайын 9 млрд. сомго чейин чыгарылып жатат. Жылына бюджеттен 1 млрд. 200 млн. сом үстөк пайыз төлөп берип жатабыз. Өкмөт буга көңүл бурушу керек.
Депутат Исмаил Исаков болсо бюджетте министрликтердин талаптары аткарылбагандыгын, маселен күч министрликтери талап кылынгандын 50% каржыланбаганын, ошондуктан мындай бюджетти кабыл алууга каршы чыкты.
Кээ бир депутаттар Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кандай өзгөрүүлөр болору тууралуу өкмөттөн жооп ала албаганын сынга алды. Өкмөт Бажы биримдигинде топтолгон бажы төлөмдөрүнүн канча бөлүгү Кыргызстанга бөлүнөрү азырынча айкын эместигин, ал келишимге кол коюлгандан кийин белгилүү болот деп билдирүүдө.
Бирок буга карабай Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин экинчи окууда кабыл алды. Эми өкмөт аны үчүнчү окууга даярдап келиши керек.