Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

"Ажыдаарга" айлануунун формуласы – 2


Экономисттер ажыдаар деп жаныбар жана жылдын гана атын эмес, күркүрөп өнүгүп келе жаткан Азиянын бир нече өлкөсүн тергеп айтышат.
Экономисттер ажыдаар деп жаныбар жана жылдын гана атын эмес, күркүрөп өнүгүп келе жаткан Азиянын бир нече өлкөсүн тергеп айтышат.
Өткөндө мен Жапонияга 91-жылы бардым деп айтпадымбы. Бизди ак чач профессорлор, министрлерден тартып бөлүм башчыга чейинки ар кандай даражадагы чиновниктерди базар экономикасына окутуп жатышты. Барганда эле аларга берген биринчи суроом - силер бул ийгиликке кантип жетиштиңер деген суроо болду. Кийин, Кыргызстан эгемендик алгандан тарта мен бул суроону биздин өлкөгө келген жапондуктарга да берип көрдүм. «Жапон кереметин» өз колубуз менен жараттык дегендердин китептерин да окуп чыктым. Бирок бирөөнөн да «ии, чын эле ушундай эмеспи» дегендей ынанаарлык жооп уга албадым.

Көп айтылган версия мындай. Согушта талкаланган Жапониянын эли биригип, өлкөнү калыбына келтирүүгө багытталган план иштеп чыгат. Жанагы «индикативдик план» деген неме биринчи жолу Жапониядан башталыптыр. Ага ички дүң өнүмдү баланчадан түкүнчөгө жеткирели деген так максаттар коюлат. Бизди окуткан профессорлор ушу убакка чейин унута элек экен, аны үтүр-чекитине чейин айтып отурушту. Ошол индикативдик план элди тарыхий иштерге шыктандырып, өлкө оңолуп кеткен имиш. Башкалары болсо, индиктативдик пландын ролун жокко чыгарышпаса да, чечүүчү фактор жапон калкынын өзгөчөлүктөрүндө, тагыраак айтканда конфуция этикасына жана самурайлардын тапкычтыгына жана эр жүрөктүүлүгүнө тарбиялангандыгында болду деп эсептешет.

Андай болсо эмне экен. Акаев деле бир кезде индикативдик план киргизди. Ал эмне үчүн Жапонияга жардам берип, бизге келгенде эле жардам бербей калат? Улуттук өзгөчөлүктөр жөнүндө айтсак, жапондуктар самурайлардын тукуму болсо, кыргыздар Манастын тукуму. Биздин патриоттор Манас 40 чоросу менен эле килейген Кытайдын күлүн көккө сапырган деп жатышпайбы. Эмне үчүн Манастын арбагы биздин ажыдаар болуубузга жардам бербейт?

2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк «Өнүгүү жөнүндө доклад» деген эмгек жарыялады. Китепти «экономикалык керемет» жасады деген өлкөлөрдө экономика жана финансы министри, улуттук банктын төрагасы болуп иштеген жоон топ адам жазып чыгыптыр. Топко профессор, Нобель сыйлыгынын лауреаты Майкл Спенс жетекчилик кылган экен. 25 жылдан кем эмес убактын ичинде ички дүң продуктынын өсүү темпи 7 пайыздан кем болбош керек деп критерий коюп, дүйнөлүк банк 13 «керемет» таап чыгыптыр. Ага Түштүк Чыгыш Азиянын 9 «ажыдаары», андан башка Бразилия, Ботсвана, Оман жана Мальта киргизилген. Банктын идеясы, өзүңөр байкап тургандай, жакшы. Кантип ийгиликке жетишүүнүн жолун ошол ийгиликти жараткандардан ашык ким билмек эле? Бирок аларың деле ар кайсыны айтып, так бир нерсени көрсөтө алышпаптыр.

Мен суроо берүүнү ага өз алдымча жооп таап алгандан кийин токтоттум. Көрсө, «ажыдаарга» айлануунун сыры жөпжөнөкөй эле экен. Экономика жанданып иштей башташ үчүн так эреже болуш керек экен. Ал эреже болушунча либералдуу болуусу зарыл. Бирок негизги проблема, эреже темирдей катуу сакталышы керек экен. Жалпак тил менен айтканда тартип болушу керек. Тартип болсо эле рынок экономикасынын уктап жаткан нервдери жанданып, шакылдап иштеп кирет экен. Мен стимул жана конкуренция жөнүнө айтып жатам. Ушул экөө иштесе эле экономика Кытайдагыдай тез өсө баштайт. Тарыхта «экономикалык кереметти» көпчүлүк учурда бизнесмендер эмес, экономикадан түшүнүгү жок адамдар, айрым учурда генералдар жаратат. Анын сыры да ошондо болуп чыкты. Анткени генералдар тартипке жакын эл болот эмеспи.

Проблеманын татаалдыгы ошол тартипти орнотуунун татаалдыгында. Бул өзү тамыры терең, элдин менталитети менен байланыштуу нерсе. Кыргыздар кечээ элеу уруу-урууга бөлүнүп, топ-топ болуп жашаган. Башкача айтканда общиналык коом болгон. Бул коомдо топтун жалпы кызыкчылыгы биринчи орунда турган. Топ болуп жашаган элде меники-сеники деген түшүнүк анча өнүккөн эмес. Илгери карыялар айтышаар эле, бир үйдө аш бышырса, баары чогулуп жеп кетишер эле деп. Ушундан кыргыздын жанда жок мартчылыгы келип чыккан. Кыргыз балдарынан аяп каткан тамагын бир келген коногуна берип коё берген. Мындай жакшы сапаттар көп. Бирок мунун экинчи бети бар. Топ болуп жашоо жалкоолукка шарт түзгөн. Ачка калбасын билген адам эч качан жан үрөп иштеген эмес. Топ болуп жашаган коомдо мыйзам деген да болбойт. Анткени мыйзам жеке адамдын укугун коргойт, ал эми кыргыздарда, жогоруда айтылгандай, топтун кызыкчылыгы биринчи орунга коюлган. Мыйзамды көзгө илбей, мамлекеттин байлыгын талап-тоноп уурдоо, коррупция, мыйзам бузгандарды түрмөгө отургузуп койсо, анын туугандары болбой эле көчөгө чыга бермейи - ошол коомдун калдыктары.

Азыр Атамбаев уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш ачып туура кылып жатат. Сот реформасын жүргүзөбүз дегени да кубаттоого татырлык саамалык. Бирок анын орто кылымдын идеологиясы - "Манас" эпосу менен динди колдогону буга каршы келет. Кыргызстан минтип эч качан өнүгө албайт. Эгерде кыргыз өсүп-өнүгөм десе, ошол Батыштын баалуулуктарын өзүнө сиңирип, ошолор менен тең жарыша иштегенди үйрөнүүсү зарыл.

Эгерде Атамбаев жакшы президент болуп тарыхта калгысы келсе, ал эскини кайра тирилтпей, Түркиядагы Кемал ата түрк жана Орусиядагы Петр биринчи сыяктуу аны менен күрөшүүсү керек. Азыр ошол эле ислам өзгөрүп, жаңы шартка ылайыкташууга мажбур болуп отурат. Ажыдаар болобуз десек биз да заманга ылайыкташыбыз керек. Мен Жапонияга барганда өзгөчө калк деген жапондуктардын баскан-турганын, кулк-мүнөзүн байкап көрдүм. Алар «самурай, чай церемониясы» дегендерди көп айткан менен кыргыздарга караганда европалыктарга жана америкалыктарга жакын эл болот экен.

XS
SM
MD
LG