Парламенттеги өкмөттүк саат учурунда премьер-министр Темир Сариев Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдөн кирген товарлар арзан баада катталып, анын натыйжасында соңку үч айда эле бюджетке 1 миллиард 200 миллион сом кошумча нарк салыгы түшпөй калганын билдирди.
Салыктын түшүүсү азайды
2016-жылдын үч айында эле Темир Сариев Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн киргизилген товарлардын арзан баада көрсөтүлүп киргизилгенинен улам бюджетке 1 миллиард 200 миллион сомдон ашуун кошумча нарк салыгы түшпөй калган. Парламенттеги өкмөттүк саат учурунда Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев документте арзан баада көрсөтүлүп, бирок кайра кымбат баада сатылып жаткан товарларга тыйуу салуу демилгесин көтөрдү.
Экмат Байпакбаевдин айтышынча, кошумча нарк салыгын аз төлөш үчүн чек арадан кирген товарлардын документтеринде алардын баасы атайын төмөн көрсөтүлгөн:
- Казакстандан демпингдик баалар менен кирип жаткан товарлардын агымын токтотуу үчүн кандай иштер жасалууда? Товарларды коштоочу документтерде өтө эле төмөндөтүлгөн баалар көргөзүлүп жатканын баарыбыз эле билебиз. Мисалы үчүн кумшекердин килограммы 11-12 сомдон, жумуртканын даанасы 2 сомдон, ундун килограммынын баасы болсо 3 сомдон көрсөтүлүп жатат. Мына ошонун негизинде аталган товарларды ташыгандар кошумча нарк салыгын төлөшүүдө. Бул бир эле бюджетке зыян келтирбестен, рыноктогу атаандаштык чөйрөнү бузуп, Кыргызстандагы ишканаларды банкротко жеткире тургандай болуп калды. Бул тууралуу буга чейин аябай эле көп сөз болду. Биз сиз менен бул боюнча комитет жыйынында дагы сүйлөшкөн элек. Мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бирок анда дагы тиешелүү механизмдер каралган эмес. Азыр товарлар башында кандай кирсе, ошондой эле кирип жатат.
Келишимде каралбай калган тобокелчиликтер
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине кирген учурда сырттан кирген товарлардан тиешелүү шартта кошумча нарк салыгын алуунун механизмдери көргөзүлбөй калган. Парламентте ал турсун Салык кодексин ЕАЭБдин шарттарына ыңгайлаштыруу учурунда дагы өкмөт муну эске албаганы ачыкка чыгып калды. Мына ошондон улам Орусиядан, Беларустан жана Казакстандан кирген товарлардан 12 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөбөш үчүн ишкерлер товарды коштоочу документтерде алардын баасын өтө эле төмөн көрсөтүп жаздырып алган учурлар өнөкөткө айланганы айтылды. Депутаттын бул айтканына макул болгон өкмөт башчы Темир Сариев бул багытта башында эле мыйзамдык өзгөртүүлөр зарыл болгонун моюнга алды:
- Биз былтыр Евразия экономикалык биримдикке киргенде төрт эркиндик каралган. Бажы көзөмөлүн толук алып салганбыз. Азыр ал жерде чек ара кызматы гана көзөмөлдөп турат. Келишим боюнча башка фискалдык органдардын чек арада товарды текшерүүгө акысы жок. Бул жерде эми ишкелер ачык-айкын иш алып барат деп ойлогонбуз. Бирок андай болбойт экен. Биз парламентке Салык кодексин өзгөртүү боюнча сунуш киргизип жатабыз. Ошону карап берсеңиздер.
Депутат Экмат Байпакбаев Кыргызстан мурда кытайлык жана түркиялык товар өндүрүүчүлөрдү колдоп келсе, учурда атамекендик өндүрүш орусиялык жана казакстандык өндүрүштүн тепсендисинде калганын айтты. Анткени баалардагы тең эмес атаандаштыктан улам атамекендик өндүрүшчүлөр жабыркап жатканы белгиленди. Мына ушуга байланыштуу жагдайдан улам Кыргызстандагы көптөгөн өндүрүштүк ишканалар жабылуу коркунучуна кептелгени тууралуу сөз болду. Темир Сариев бул боюнча жакында көрүлө турган чараларды убада кылды:
- Бул багытта бир топ иштерди жүргүзүп жатабыз. Негизинен бизнес ассоциациялар менен биргеликте коммиссияларды уюштуруп, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзө турган болдук. Анан экинчиден, мен Казакстанга кайрылдым. Ал жактан алардын өкмөтү дагы бул нерсени көзөмөлгө алсын деген шарт коюп жатабыз. Анткени жанагы казакстандык ишкерлер товарларын арзан баада көрсөтүп жазып берген документтери менен сатып жатат. Биз муну токтотушубуз керек.
Ошол эле кезде өкмөт башчысыТемир Сариев сырттан кирген товарлардын көрсөтүлгөн баасынын минималдуу деңгээлин аныктап, көзөмөлдөөчү механизмдер киргизиле турганын билдирди. Ошондой эле ал чек арадан товардын талонунда көрсөтүлгөн баалар тастыкталбай турган болсо, анда ошонун наркынын өлчөмүндө акчалай жазана киргизүү жагы сунушталып жатканын белгиледи.