Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

“Мегакомдо” - кезектеги жаңжал


“Мегаком” жетекчилиги 7-апрелде “Акыйкат” партиясынын жетекчиси А. Жекшенкуловго жакын адамдар ири өлчөмдөгү акча алып чыгып кетишкен деп билдиришти. Бирок Аликбек Жекшенкулов муну жалган жалаа катары баалап, билдирүү ээлерин сотко бере тургандыгын жарыялады.

“Мегакомдун” коопсуздук департаментинин башчысы Тилен-Аалы Кызалаков 7-апрелден кийинки аралыкта алгач мекемени басып алган белгисиз адамдардын тобуна 180 миң сом таратылып берилгендигинен баштады. Андан кийинкисинде, Т. Кызалаковдун сөзү боюнча, чогулган адамдарды жайгарууга саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы көмөк көрсөткөн:

- Ал жерде Рашид аттуу жигит чогулгандарды эпке келтирүү үчүн өзүнүн ортомчулугун сунуштап, бул үчүн эки жүз миң сом керек экендигин айтты. Мен жетекчилик менен байланыштым. Ал жактан мага уруксат бергенден кийин акчаны Рашидге алып келип бердим. Анан эртеси мага жетекчиликтен "жүз миң доллар топтоп, Рашид кайсы жакка алып бар десе ошол жакка алып бар" деген буйрук болду. Мен Шопоков көчөсүндөгү "Фонекс" компаниясынын жанындагы үйгө акчаны алып келдим. Короодон Рашид мени тосуп алып, ичкеридеги А. Жекшенкуловдун иш бөлмөсүнө киргизди. Анан акчаны ага берип, чыгып кеттим. Бир нече күндөн кийин мага "дагы жүз миң долларды “Вассаби” деген кафеге алып бар" дешти. Ал жакта баягы Рашид жана Баха деген жигиттер күтүп турган экен.

Жалган жалаабы же аргасыз чарабы?

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов “Мегакомдун” коопсуздук кызматынын жетекчисинин айткандарын жалган жалаа катары баалады.

А. Жекшенкулов мунун артында өкмөт башчысынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов тургандыгын айтып, ага карата айтып чыккан сын пикири ушундай каралоого негиз болгондугун кошумчалады:

- 9-мартта Ө. Бабановдун иши боюнча ачык сын пикир менен чыккам. Бул ошого карата мага карата "кара пиар" болуп жатат. Ө. Бабанов сынга туура реакция бергендин ордуна мурдагы Максимдин иштерин жасап жатат. Биз бул маселе боюнча “Мегакомдун” кызматкерлерин сотко беребиз. “Мегакомду” ким басып алганын билесиңер. Бул - Бабановдун кишилери, ошонун буйрутмасын аткарып жатышат.

Ошол эле учурда саясатчы 7-апрелде шаарда талап-тонооочулук орун алганда “Мегакомду” “Акыйкат” партиясынын адамдары кайтаргандыгын белгиледи. Аликбек Жекшенкулов “Мегакомду” Москвадагы таасирдүү саясатчылардын өтүнүчү менен коргошкондугуна токтолду:

- Мародерлер “Мегакомду” талап кетпесин, коргоп бергиле деген суранычтар болгон. Анан бул боюнча Москвадан да адамдар мага чалышкан. 7-апрелде биздин партиянын миңден ашуун жигиттери аянтка чыккан болчу. Ошолордун ичиндеги балдарга кайрылгандыктан алар барып, сактап калышкан. Мына ошол Кремлдеги күчтүү саясий күчтөр тургандыгын биз мурда эле билет элек. Ошону билип туруп алардан бир нерсе алып биз эмне жинди болуптурбузбу?

Жоголгон акчанын жогун издеп...

Тилен – Аалы Кызалаков болсо аталган маалыматты учурунда жарыялоо коркунучтуу болгондугун айтып, арыздануу аягына чейин жетпегендигин кошумчалады.

“Мегаком” компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев эми бул боюнча тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылыша тургандыктарын билдирди:

- 100 миң доллар, анан эки жүз миң доллар, буга кошумча төрт миллион сом. Бул каражаттар Кыргызстан үчүн өтө чоң акча. Ошол каражат кимге кетти? Эмне үчүн кетти? Кандай максаттарга колдонулду? Азыр мына ошол жагдайлар аныкталып жатат. Акчаны зордук менен талап кылган факты боюнча кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен тартип коргоо органдарына кайрылганы турабыз.

Мындан сырткары Азамат Мурзалиев 7-апрелден кийин бир катар банктар аркылуу 28 миллион (жыйырма сегиз миллион) доллар сыртка чыгарылып кеткендиги аныкталгандыгын айтты. Ал учурда аталган каражаттын кайсы багыттар боюнча жөнөтүлгөндүгү жана ага кимдердин катышы бар экендиги такталып жаткандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG